Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Садыркуловду жубайы тааныды


ИИМдеги соңку маалыматтар боюнча 13-мартта кырсыктаган “Лексус” автомашинасында күйгөндөрдүн бири М. Садыркулов болушу мүмкүн. Бул тууралуу ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бүгүн билдирүү жасады. Анын айтуусунда, автокырсыкты иликтөө иштеринин алгачкы натыйжасы өрттөнүп кеткен “Лексус” автомашинасынын ичинде М. Садыркулов, С. Слепченко жана айдоочу болгондугунан кабар берүүдө.

Министрдин сөзү боюнча М. Садыркуловго таандык деп болжолдонгон сөөктөгү чынжырчаны анын жубайы Садыркулова Айнагүл окшоштуруп тааныган. Мындан тышкары президенттик администрациянын мурдагы башчысын дарылап жүргөн врач тишинен тааныган.

Бул кылмыш ишине карата 18 соттук экспертиза дайындалган. Ошондой эле өлгөндөрдүн кимдигин так аныктоо үчүн кандык-генетикалык экспертиза өткөрүлөт. Бул иш-аракеттер эки жумага созулушу ыктымал.

ИИМ башчысынын айтымында, ошондой эле "Лексус" машинасын сүзгөн “Ауди” машинасынын айдоочусу Осмонов тергөөнүн жүрүшүндө машинасын айдап келатып уктап кетип, "Лексус" автомашинасы менен кагышып алганын мойнуна алган. Айдоочу азыр тергөө изоляторуна камалып, сурак берип жатат.

"Кырсык болгон жерди изилдеп чыкканга чейин эле биздин айрым жарандар бул окуядан саясий упай топтоо аракетин кылып, окуяны ар кандай жоромолдоп жиберип жатканы адамгерчиликке жатпайт, адамдардын кайгысынан пйадалануу такыр туура эмес",-деп белгиледи министр.

Ал ортодо БЭК кайрылуу таратып, Медет Садыркулов саясий тапшырма менен киши колдуу болуп өлдү деп билдирди. Кайрылууда белгилүү саясий ишмердин өлүмүнө анын түздөн-түз саясий ишмердиги жана президенттин үй-бүлөлүк башкаруусунун “ички ашканасын” терең билгендиги себеп болду деп айтылат.

Бириккен оппозиция М. Садыркуловдун өлүмүнө Кыргызстанды башкарган Бакиевдердин үй-бүлөлүк кландык бийлиги күнөлүү деп жарыялады.

БЭК бул окуяга байланыштуу парламенттик угуу чакырууну, Кыргызстандагы күч органдарын теле аркылуу түз, ачык суроону талап кылууда.

Президент Курманбек Бакиев өз кезегинде кайгылуу окуядан саясат жасабоого чакырууда. Бүгүн президент ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кабыл алып, Аламүдүн капчыгайындагы жол кырсыгын иликтөө тууралуу маалымат угуп жатып, бул кырсыкка байланыштуу реалдуу фактыларга негизделбеген жыйынтыктарды чыгарбоо керектигин айтты.

К. Бакиев бул ишти териштирүү өз көзөмөлүндө экенинин баса белгилеп, иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу өз убагында маалымдап турууну тапшырды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG