Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

“Санпа” окуясы боюнча сот өкүмү чыкты


Сузак райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаров өкүм угузууда, 23-ноябрь.
Сузак райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаров өкүм угузууда, 23-ноябрь.

23-ноябрь күнү кечинде Сузак райондук көчмө соту “Санпа” окуясы боюнча 19 айыпталуучуга өз өкүмүн угузду.

Өкүмгө ылайык, соттолуучулардын көпчүлүгү жогорку жазага кириптер болушту. Айыпталуучулардын айрымдары өкүм менен макул эмес.

Жабырлануучулар 12-13-июнда Ош-Бишкек жолу менен келаткан жүргүнчүлөргө кол салган соттолуучуларга туура жаза берилгенин белгилешүүдө.

Сот судья Дамирбек Назаровдун төрагалыгы алдында Сузак районундагы пахта тазалоочу “Санпа” заводунун айланасында 12-14-июнь күндөрү болгон кандуу окуяны териштирип бүтүп, соттолуучулар менен алардын жактоочуларына жана окуяда жабыр тарткан адамдарга өз өкүмүн угузду.

Өкүм угуп турган сузактык айыпталуучулар
Окуяга байланыштуу сотто 19 адамга козголгон кылмыш иштери каралган. Алар адам өлтүрүүгө, улуттар аралык кастык кылганга жана массалык башаламандыктар менен бирөөлөрдүн мүлк-байлыгын тоноого, жүргүнчүлөрдү барымтага алууга катыштыгы бар деп айыпталышкан.

Судьянын баяндашынча, соттолуучулар жоопкерчиликтен качуу максаты менен өз айыптарын албоого аракет кылышты, бирок аларга коюлган күнөөлөр тергөө менен соттук иликтөөлөрдө жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү, соттук-медициналык корутундулар, тасмалар, шектүү кишилерден табылган курал-жарак, жардыргыч жана маңзаттары менен далилденди.

Сот айыптуу деп тапты

Сот өкүмүнө ылайык, соттолуучулардын бардыгы “Санпа” окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, июнь окуясында Ош – Бишкек жолу менен жүргөн жазыксыз жолоочуларга кол салып, айдоочулардын унааларын өрттөп, алар ташып келаткан жүргүнчүлөрдү кармап, ок атып, мыкаачылык менен өлтүргөн деп табылышты.

17 соттолуучу өмүр бою эркинен ажыратылып, алардын үй-мүлкү мамлекет пайдасына чегериле турган болду. Ал эми эки айыпталуучу – Фуркатбек Абдужоббаров менен Усманжан Аблазовдун ар бири 25 жылдан түрмөгө кесилип, үй-мүлкү конфискацияга алынат. Сот өз өкүмү менен жабырлануучулар тарткан материалдык чыгымдарды төлөө жагын соттолуучуларга жүктөдү. Сузак райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаров:



Айыпталуучуларга берилген жогорку жазалар менен алардын жактоочулары макул болгон жок. Актоочу Мунарбек Сулайманов өз коргоосунда турган милициянын ардагер подполковниги Гафуржан Абдурахмановго коюлган айыптар далилденген жок деп эсептеп, ага чыгарылган өкүмдү жокко чыгаруу апелляциялык арызы менен облустук сотко кайрыла турганын билдирди:



Ушундай эле көз карашты соттолуучулардын дагы бир актоочусу Туратбек Сулайманов да жактап чыкты:

- Бул окуя өтө оор кылмыштардын бири, бул коогалаңдын айынан көптөгөн бейкүнөө адамдар өлдү. Тергөө маалында териштирүүлөр болгон жок. Бүгүнкү сотто бир жабырлануучунун көрсөтмөсү менен гана мен жактаган адамга жаза белгиленди деп ойлойм. Мындан ары биз Жогорку Сотко дейре кайрылабыз.

Жабырлануучулар сот чечими менен макул

Сот өкүмү угузулганга чейин жабырлануучулар соттолуучуларга жогорку жаза берүүнү талап кылган жазууларды кармап турушту. Алар көтөргөн плакаттарда “Ош, Жалал- Абаддагы кандуу окуяга А. Атамбаев, Ө. Текебаев, К. Батыров жооп беришсин!”, “Сузактын талаа командир, уюштуруучулары: Аблазов Усманжанга, Абдурахманов Гафуржанга, Жалалов Баходырга – эң жогорку жаза! Калган кылмышкерлер дагы кармалып, өз жазаларын алуусун талап кылабыз!”, “Урматтуу сот! 19 баш кесер, мыкаачы сепаратисттердин баарына тең эң жогорку жаза берилишин талап кылабыз!” деген жазуулар бар.

Өткөн аптада жарыш сөздөрүндө айыпталуучулар “Санпа” окуясына катыштыгы жок экенин, айрымдары окуя маалында кыргыз-өзбек чек ара аймагында жүрүшкөндүгүн айтышып, коюлган айыптарды мойнуна алышкан эмес .

Жабырлануучу Аскарбек Караевдин бир тууган иниси да ушул окуяда набыт болгон. Ал 12-июнь күнү Ош шаарынан келе жаткан колунда бөбөгү бар келинди да кайын энеси менен бирге өлтүрүшкөнү, айдоочу менен калган жүргүнчүлөргө ок атып, эстен таңгыча уруп-сабап, өрттөгөнү, жарым жан кылганы үчүн соттолуучулар эң жогорку жазага татыктуу болчу деп эсептерин билдирди:



Соттук материалдар боюнча 12-13-июнда Ош – Бишкек жолунун Топурак-Бел ашуусунан түшө бериш ченде 9 жүргүнчү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, набыт болгон бир адамдын ким экени таанылбай, эки киши дайынсыз жоголгон.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы буга дейре “Санпа” окуясында 16 адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, 2 киши дайынсыз жоголгону, 9 унаа өрттөлгөнү тууралуу маалымат тараткан.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG