Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Кандуу окуя боюнча сот уланууда


Жалал-Абад облусундагы “Санпа” окуясы боюнча сот иши 13-ноябрда уланды. Бүгүн калган жактоочулар менен соттолуучулар жарыш сөздөрүн сүйлөйт.

Сузак райондук сотунун 12-ноябрдагы отурумунда сөз алган жактоочулар соттолуучулардын жазаларын жеңилдетүү жагын суранышты. Жактоочулардын мындай өтүнүчтөрү жабырлануучулардын нааразылыгын жаратты.

Соттук материалдарга ылайык, 12-13-июнда Ош – Бишкек жолунун Топурак-Бел ашуусунун жанындагы “Санпа” заводунун айланасында 9 жүргүнчү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, таанылбаган бир кишинин өлүгү табылып, эки киши дайынсыз жоголгон.

Сузак райондук сотунун 12-ноябрдагы отурумунда улантылган жарыш сөзгө жактоочулар толук келген жок. 19 адамга байланыштуу кылмыш ишти териштирип жаткан судья Дамирбек Назаров сотту бүгүн улантууну жарыялады. Судьянын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн жактоочулар жарыш сөздөрүн улантышат. Алардан кийин жарыш сөз соттолуучуларга берилет. Жарыш сөз аяктагандан кийин айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтууга укуктуу.

Кечээ жарыш сөз алган жактоочулар күнөөлөрү далилденбегенин айтып, соттолуучуларга жеңил жаза чектөөнү өтүнүштү. Алар муну өз коргоосунда турган адамдардын айрымдары “Санпа” окуясына катышпаганы менен байланыштырышты.

Мамлекеттик айыптоочулар 11-ноябрь күнү соттон үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен соттолуучу Усманжан Аблазовду 25 жылга түрмөгө кесүү, калган 18 соттолуучуну өмүр бою эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону сураган. Ош – Бишкек жолундагы кандуу окуяга туш болуп, аман калган жабырлануучулар соттолуучуларды 12-13-июнь күнү “Санпа” заводунун жанынан көргөнүн ырасташууда.

Сотко жарыш сөзүн жазуу түрүндө тапшырып, сүйлөөдөн баш тарткан жактоочулар да болду. Анткени алар жакындарынан айрылган жабырлануучулардын өз дарегине айтылаар акаарат сөздөрдөн чочулашты.

Жабырлануучулардын каяшасы

Актоочу Мунарбек Сулаймановдун айтымында, тергөө иштери бир нече кемчиликтер менен коштолгон. Анда “Санпа” заводу менен Жалал-Абад – Сузак айлампаларында болгон окуялар чаташтырылган. Ал өзү коргогон беш айыпталуучунун ичинен Б. Жалаловдун мурда милиция кызматында иштеп, соттолбогондугун эске алуу менен анын жазасын жеңилдетүүнү, калган төрт адамдын жоопкерчилигин мыйзам чегинде кароону өтүндү:

- Жалалов Баходырдын “Санпага” чыккандыгы соттук териштирүүдө далилденбеди деп эсептейм. Гафуржан Абдурахмановдун акыл-эси тууралуу маселе ачык калып кеткен. Ошондуктан анын ден соолугун текшерүү үчүн кайрадан экспертизага жөнөтүүнү өтүнөм.

Жактоочунун кеби бир соттолуучу тууралуу сүйлөп жатканда жабырлануучулардын каяшасы менен үзгүлтүккө учурады:

- Хамдамов Ихтиор “Санпага” чыккан эмес...

Залдан чыккан чуу: - Эй, дал ушул Хамдамов менин агамды өлтүргөн!

Жактоочу Кубаныч Муратбеков соттолуучу Сирожидин Мойдиновдун айыбы далилденбегенин айтат.

Актоочулардын өтүнүчтөрү жабырлануучулардын нааразылыгын пайда кылды. “Санпа” окуясында инисинен айрылган Байыш Асанов соттук отурумдарда күнөөлөр далилденгендигине токтолуп, айыптуулардын жазаларын азайтуу сунушуна каршы чыкты. Ал соттолуучуларды өмүр бою эркинен ажыратуу өтүнүчүнө канааттанбай турганын билдирди:



Байыш Асановдун пикирин жабырлануучу Мукарам Акматова да колдоду. Мукарамдын күйөөсүнө “Санпа” окуясында ок жаңылган. Натыйжада жаагы сынып, колу иштебей, 3-топтогу майып болуп калган.

Мамлекеттик айыптоочу Өмүрбек Сарыбаев жоопкерчиликтен качуу максатында соттолуучулар тескери көрсөтүү беришкендигин белгиледи:



Сузактык 19 айыпталуучуга байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү кийинки аптада жыйынтыкталышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG