Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Темир Сариев: "Башкы атаандашым - Бакиев"


Темир Сариев “Ак Шумкар” партиясынын курултайында президентикке көрсөтүлүп, шайлоого аттанды.

- Ачыктап кетсеңиз, “Ак шумкар” партиясынын курултайында сиздин талапкерлигиңиз президентикке көрсөтүлгөн. Андан кийин бул маселени “Ак шумкар” партиясынын саясий кеңеши БЭК менен биргелешип чечүүгө тийиш деген маалымат чыгууда. Сиз жеке талапкер катары чыгасызбы, же маселе кеңешүүлөрдөн кийин чечилеби?

- Партиянын эң башкы башкаруу уюму болуп съезд эсептелет. 4-майда “Ак шумкар” партиясынын Бишкекте съезди болуп өттү. Ал съездде эки маселе каралды. Биринчиси - партиянын программасынын өзөгүн түзгөн “Жаңы жашоо” деген манифести, биз аны талкуулап кабыл алдык. Бул шайлоо астындагы партиянын программасы, анын багыты болуп эсептелет.

Экинчиси - президенттик шайлоо маселесин караганда съезддин чечими менен партиянын төрагасы Сариев Темирди президентикке талапкер катары көргөзүштү. Бул партиянын съездинин чечими. Бул башкы орган болуп эсептелет. Ошого карата биз иш аракеттерди кылабыз.

- Демек, каттоого арызыңызды берип, кол топтоо иштерин жакын арада баштайсыз?

- Ооба, партиянын штабы түзүлөт, ал боюнча иштер жүргүзүлөт. Айтып кетер нерсе, саясий кырдаал өзгөрүп турат. Анын үстүнө шайлоо астында Кыргызстанда болуп аткан саясий акыбалдын кооптуулугуна жараша кескин түрдө өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Эгер ошондой өзгөрүүлөр болуп кетсе, партиянын жогорку кеңеши бар, ошого атайын ыйгарым укуктарды берди, ошого жараша чечим кабыл алып турушат.

Партия съездинде айтылды, биздин негизги максатыбыз бийлик үчүн күрөшүү. Бүгүнкү бийлик Бакиев башкарып турган бийлик. Ошондуктан биз кандайдыр бир башка күчтөр менен эмес, бүгүнкү бийлик менен атаандашаабыз деп айтылды.

- Демек оппозициянын бирдиктүү талапкер көрсөтүү максаты ишке ашпай калса, жок дегенде оппозиция бирдиктүү фронт менен чыгуу идеясы менен кете берет экен да анда?

- Биз оппозициячыл көз караштагы партиябыз, анткени бүгүн биз бийлик кылып аткан саясатты туура эмес деп эсептеп, аларды сынга алып, алардын ордуна бийликке келүүнү көздөп турган партиябыз.

Ошон үчүн биздин көз карашыбыз менен башка бизге окшогон партиялардын көз караштары тилектеш болсо, кайчы кетпесе, биз алар менен чогуу иш чараларды кылабыз.

“Ак шумкар” партиясы БЭК кыймылын түзүүчүлөрдүн бири, БЭК кыймылынын максаттары өзгөрүлбөсө, биз алар менен чогуу болобуз.

- Социал-демократтар менен “атамекенчилер” биригебиз деп жатышат. Булар солчул багыттагы партиялар. Сиз жетектеген партия оңчул багытта. Ошондуктан бул жерде көз караштардын карама-карышылыгы болгон жокпу?

- Биз “Жаңы жашоо” деген партиянын программанын өзөгүн түзгөн манифестте өзүбүздүн көз карашыбызды айттык, кээ бир кайчы пикирлер бар, бирок негизги багыттар боюнча өтө чоң өзгөрүүлөр жок.

Партия өз алдынча иш кылып атат. Анткени бир гана президенттик шайлоо менен бүтпөйт, албетте, күзүндө же эмдиги жылдын башында парламенттик шайлоо болушу мүмкүн.

Андан кийин жергиликтүү шайлоолор кайра башталат. Биз өзүбүздүн программаны ишке ашырып, бийлик үчүн күрөшөбүз деп биздин партиялаштар муну катуу койдук.

- Президенттик кызмат үчүн кармаш төрт саясатчынын ортосунда жүрө турганы айкын болууда. Бул азыркы президент Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков жана Сиз. Сиз бул талапкерлердин кимисине көз карашы боюнча жакынсыз, кимиси менен биригишиңиз мүмкүн?

- Биз буга чейин БЭК кыймылында болуп, СДП партиясы, Исмаил Исаков “Жаңы Кыргызстан” партиясынан кеткенден кийин чогуу болуп жүргөнбүз.

Биздин негизги максатыбыз бүгүнкү бийлик системасына, коррупциялашкан үй-бүлөлүк башкарууга каршы болгон саясатыбыз. Кайндайдыр бир учурда булар менен шайкеш келген ой-пикирибиз бар. Албетте, негизги атаандаш болуп Бакиев эсептелет.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Тасмада: "Ак жол" Бакиевди президенттикке көрсөттү

"Ак жол" Бакиевди президенттикке көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG