Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Митингге чыккан мугалимдер президенттен кепилдүү жооп күтөт


Мугалимдердин нааразылыгына эмгек акынын аздыгы себеп болууда.
Мугалимдердин нааразылыгына эмгек акынын аздыгы себеп болууда.

Эмгек акыны көтөрүүнү талап кылып митингге чыгып жаткан Базар-Коргон районундагы мугалимдерге Жети-Өгүз районунун мугалимдери да кошулуп, иш таштоого чыгышарын эскертишти. Мугалимдер президенттен канааттандырарлык жооп укмайынча митинг акцияларынан баш тартпай тургандыгын билдиришүүдө.


Мугалимдер жедеп чыдамы түгөнгөндө көчөгө чыгышты

Базар-Коргондогу митингге чыгып жаткан төрт мектептин мугалимдери менен 6-декабрда Президенттин администрациянын түштүк аймагы боюнча өкүлү Кубанычбек Жороев жана облустун губернаторунун орун басары барып жолукту. Алар мугалимдерге гуманитардык жардам убада кылышты, маселе өкмөттө каралып чечилмейинче митинг акциясынан баш тартууга үндөштү.

“Президенттин өзүнөн канааттандырарлык жооп болмоюнча мугалимдер жөө жүрүшкө чыгуу ниетинен баш тартышпайт”,- деп билдирди “Азаттыкка” Базар-Коргондогу Атабекова атындагы орто мектептин мугалими Калил Карабаев.

Эмгек акыны көтөрүү жөнүндө талаптар аткарылбаса 13-декабрда бир күндүк иш таштоого чыга тургандыктарын “Азаттыкка” Жети-Өгүз районундагы мугалимдер да билдиришти.

Эмгек акыны көтөрүү жөнүндө талапты мугалимдер ушул жылдын жай айларынан бери эле коюп келатышат. Эгер эмгек акы көтөрүлбөсө, социалдык колдоо чаралары көрүлбөсө иш таштоого чыгарын эскерткен каттар Президентке, Өкмөткө, Билим берүү жана илим министрлигине бир катар шаар-райондордон толтура келген. Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү жөнүндө өтүнүч менен өз кезегинде Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитети Президентке, Өкмөткө өтүнүч кат жолдошкон.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитети базаркоргондук мугалимдер менен таламы бир экенин билдирип, бирок маселени иш таштоого жеткирбей сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырууда.

- Жаш мугалим 950 сом алса, жогорку квалификациялуу мугалим 1900 сом айлык алат. Ушу менен кандай жашоо болот, мугалимдерди билим берүү системасында кандай жол менен кармап кала алабыз деген талаптар акыркы үч жылдан бери коюлуп, бул мугалимдер жедеп аргасы кеткендеги маселе болуп отурат,-деди Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов.

Асылбек Токтогулов ошондой эле мугалимдер мыйзамдуу талаптар менен чыгып жатышканын жана аларга митинг акцияларына, жөө жүрүштөргө чыкканга Эмгек Кодекси укук берерин билдирди:

- Эмгек Кодексинин 43 главасында 428 статьясынан 445- статьясына чейин айтылган, эмгекчилер митингге, пикетке, жөө жүрүшкө чыкканга укугу бар деп. Ошонун негизинде гана биз азыр талап коюп жатабыз.

Мугалимдерге жергиликтүү бийлик каралашпайт

"Билим берүү мекемелеринин союзу" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гайша Ибрагимова азыркы учурда түштүк жергесин кыдырып мугалимдердин жашоо-турмушу менен таанышып жүрөт. Ал “Азаттык” менен байланышка чыгып, мугалимдердин митингге чыгууга аргасыз кылган проблема жалаң гана эмгек акы маселеси эместигин белгиледи. Түштүк жериндеги мугалимдер эмгек акысы эки миңге жетпей жатканы аз келгенсип, жергиликтүү бийлик органдары жер бөлүп берүү, гуманитардык жардам бөлүштүрүү сыяктуу маселелерде мугалимдерди четте калтырып коюп жатканын айтты.

- Ар бир айылда жашаган адамдарга жер берип жатышат, бирок мугалимдерге бербейт. Мүмкүнчүлүк бар жерде башкаларга беш сотке берет, мугалимдерге бир сотке берет. Сураса сиз мугалимсиз, сиз акча алып атасыз дейт. Базарда отуруп эң аз дегенде беш миң сом таап отурган аялдарга жумушсуз деп пособия берип жатышат, а мугалимдерге, алардын балдарына пособия бербейт. Кеңеш айылында гуманитардык жардам таратышып, мугалимдерге айлык алып атасың деп бербей коюшту,-дейт Гайша Ибрагимова.

Совет заманында мугалимдерге мамлекет отун-суудан жеңилдик берип, көмүр түшүрүп берип, каралашып турган. Эгемендик жылдары мындай жеңилдик милиция кызматкерлеринде сакталып калган, ал эми мугалимдерден алынып салынган.

“Мугалимдин статусу жөнүндөгү” Мыйзамда мугалимдердин социалдык маселелерин чечүүгө көмөктөшүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери так белгиленген. Бирок, Гайша Ибрагимованын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары мугалимдерге кам көрүү боюнча милдеттерине жеткиликтүү көңүл бурбай келатышат.

Педагогдорго эмгек акы төлөө системасын реформалоо керек

Базар-Коргондогу митингге чыгып жаткан мугалимдер менен буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары Гүлжигит Соронкулов жолугуп, аларын талабын угуп, сүйлөшүп келген. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков “Азаттыкка” айткан сөзүндө мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү өкмөттүн күн тартибинде биринчи турган маселе экенин белгилеп, митинг акцияларына чыгуудан мугалимдерди баш тартууга чакырган.

Кыргызстанда жалпысынан 70 миңдин айланасында мугалим эмгектенет. Аларга эмгек акы республикалык бирдиктүү тариф сеткасы менен төлөнөт. Бирок ушул бирдиктүү тариф менен эмгек акы төлөө мугалимдердин мээнетин актабай жатканы кийинки учурда көп айтылууда.

Ошондуктан эл аралык уюмдардын колдоосу менен мугалимдерге эмгек акы төлөө системасына реформа жүргүзүү боюнча талкуулар уюштурулуп, бир катар сунуштар иштелип чыгып, азыр ал сунуштар бийлик органдарынын кароосуна коюлганы турат.
XS
SM
MD
LG