Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Операция "Униформа"


“Балдар укугун коргоочулар” лигасы менен өкмөттүн ортосундагы окуучулардын мектеп формасына байланыштуу сот жараяны 1-декабрда болду.

Бул талаш өкмөттүн мектептердеги кенже класстардын окуучуларын милдеттүү түрдө бирдиктүү форма кийүүгө өткөрүү тууралуу токтомун чыгаргандан башталган.

1-декабрда Бишкектеги райондор аралык соту бул иштин жыйынтыгын угузууну 8-декабрга калтырды.

2009-2010-окуу жылынан баштап Билим берүү министрлиги 1-4-класстын окуучулары үчүн мектеп кийимин тигип чыгаруу үчүн жеке ишканаларга буюртма берип, базарларда жаңы мектеп формасы кеминде эле 1300 сомдон сатыла баштаган.

Өкмөттүн 2008-жылдагы башталгыч класстын окуучулары үчүн атайын форма киргизүү токтому чыгаар замат укук коргоочулар бир катар кемчиликтерди байкаган. Алардын негизгилери жаңы форманын санитардык эпидемиялык текшерүүдөн өткөрүлгөн эместиги, таратуудагы көзөмөлдүн жоктугу жана мектептерде сапатсыз продукцияны окуучуларга милдеттүү кийиндирүү.

“Балдардын укугун коргоочулар” лигасы жогорудагы маселелерге катарлаш эле балдардын билим алууга укугу да бузулган учурларды аныктаган жана өкмөттү сотко берген. 1-декабрда улантылган сот жараянында Билим берүү министрлигинин дагы бир кемчилиги ачыкка чыккан. Көрсө, өкмөттүн токтомуна чейин эле министрлик жаңы формага тендер жарыялап, жада калса мектептерге кийилсин деген ооз эки буйрук да берилген.

- Элестетиңиз, адегенде март айында министрлик форма боюнча бардык иштерди бүтүрүп, конкурстарды өткөргөн соң, июль айында өкмөт мектеп формасынын дизайнын иштеп чыгаруу үчүн конкурс өткөрүү камтылган токтом чыгарат. Бул деген Билим берүү министрлиги алдын ала токтом чыгарын билген. Бул тууралуу сотто өкмөттүн өкүлдөрү токтом даярдалып жатканда министрлик менен макулдашуу жүрүп, аны менен бирге жок токтомду аткаруу жүрүп кеткенин айтышкан, дейт “Балдардын укугун коргоочулар” лигасынын укуктук программасынын коодинатору Елена Гаврилова.

Окуу жылдын башында кенже класстын окуучулары жаңы форманы кийсин деп буйрук берген Билим берүү министрлиги бүгүндөн баштап "биз болгону сунуш кылганбыз" деген пикирин айтып калды.
Бул жыл башындагы коментарий.

- 1-4-класстын окуучулары форманы кийүүгө милдеттүү, бул сөзсүз түрдө. Биз мониторинг өткөргөнбүз. Анын натыйжасында башталгыч класстын 100 пайыз окуучулары кийинип бүтүштү.

Министрликтин 1-декабрдагы сөзү:

- Жок, жок азырынча сот бүтүм чыгарганга чейин токтом күчүнөн тайды же тайбады деп айтууга болбойт.

"Азаттык": - Форма кийинтүү милдеттүү түрдө да?

- Жок, бул милдетүү түрдө эмес,- ушундай пикирди Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Албина Дүйшөнбиева билдирди.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы орто билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Дамира Кудайбергенова суроого жооп берүүдөн баш тартты.
XS
SM
MD
LG