Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Шах кыргызга тынчтык каалайт


 Шах Салиев, Доро, Аида Ибраимовa
Шах Салиев, Доро, Аида Ибраимовa

Акыркы кезде кыргыздын чет элдик күйөө балдары көбөйдү, арасында кайын-журтунан алыстабай, Кыргызстанда калып калгандары да бар.

Алардын бири Шах Салиев Taжикстанда туулган, бирок аны чет элдик десең теригет, себеби ал Кыргызстандын жарандыгын алган, ушул жакта өсүп, окуп, жоро-жолдош күтүп, түтүн булатып жаткан кези. Дзюдо чемпиону Германиялык ГТЦ, түрктөрдүн Эл аралык Демир банкында иштеди.

Шах экинчи класста окуп жатканда эле Taжикстанда 1992-жылы башталган согуштун алдында ата-энеси, иниси Күрөш менен Бишкекке келишкен. Ал кезде тажик интелигенциясы туш келди тарап кеткен, калгандарынан канчасы беш жылдык ички согушта мерт болду. Кыргызстанга баш калканч сурап келген он миңдеген тажик качкындары көпчүлүгү кайтып кетти, Сaлиевдер кала берди.

Шах Сaлиев азыр 28де. Бишкекте Америкалык университетти кызыл диплом менен бүтүргөндөн кийин, банк иштери боюнча да жогорку адистик алган. Шах бирок спорт боюнча жетишкендиктерине айрыкча сыймыктанат.

Шах дзюдо боюнча Кыргызстандын он жолку чемпиону. Aтасы Сафарбек Сaлиев белгилүү кыргыз-тажик режисеру. Шах режиссер болбосо да, атамдын жолу менен баратам деп эсептейт:

- Кээ бирлер тилегине илим, күтүлбөгөн ийгилик аркылуу келет. Мен буга спорт аркылуу келүүнү чечкем. Анткени спорт аркылуу дениң чын, кайратыңкүч болот. Азыр менин деним чың. Спорт аркылуу көп дос күттүм, эл арасында сыйлуу адамдарды тааныйм. Аларга таянам, атам да мага чыгармачылык маселесинде кеп кеңешин берет.

Келинчеги Аида менен Шах университетте таанышып, төрт жыл сүйлөшүп жүрүшкөн. Күйөө бала өзү акча иштеп таап, үч бөлмө батир алып, анан үйлөнгөн.

Аида да финансы тармагында адис. Азыр декреттик тыныгууда. Экөө тең чет өлкөлөрдө билимин жогорулатышкан, бир нече тилдерде сүйлөшөт. Ал эми жакында алардын дагы бир таланты ачылды. Аида кайнатасы Сафарбек Сaлиевдин “Ай билериги” деген жаңы тасмасында Шах менен башкы ролду аткарды. Кыргызстандык эки орус түгөйдүн тагдырын баядаган көркөм тасма жакында Ысык-көлдөгү КМШ өлкөлөрүнүн фильм кароосунда бир катар сыйлыктарга ээ болду.

Кинодогудай эле турмушта да эки түгөй орток тил болгон орус тилинде сүйлөшөт, бирок эки жаштагы уулу Дорону кыргызча да, тажикче да үйрөтүп жатышат.

Орто бой, арык чырай Аида олбурлуу, бойлуу Шахтан өзгөчөлөнүп турат. Бирок кашы, көзү көмүрдөй капкара, ак жуумал жүзү чырайлуу Аидага күйөөсү улутташ болуп кетет. Аиданын атасы таластык ардагер журналист Токтогул Ибраимов. Аиданын айтымында, чоң энесинин төркүн-төөсү тажиктерден болгон.

Микрорайондо кечке маал короодогу балдар аянтында Шах уулун селкинчек тептирип жатты. Көп кыргыздар турмуштун айынан чет жактарга кетип жатканы тууралуу сөз болгондо, ал Кыргызстанда деле адам катары жашоо мүмкүн деген кыяста сүйлөдү:

- Кетебиз дегендер башка өлкөлөрдү көрө элек, максатына жете электер деп ойлойм, ал эми менин максатым Кыргызстанда тынчтык болсун. Башыман көп нерсе өттү, көптү көрдүм. Ошондуктан, бизде тынчтык болсун деп тилейм.

XS
SM
MD
LG