Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Т. Сариев: Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра курабыз


Тополоңдо Оштогу имараттардын көпчүлүгү өрттөлүп, талкаланып калды.
Тополоңдо Оштогу имараттардын көпчүлүгү өрттөлүп, талкаланып калды.

Убактылуу өкмөт Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра куруу жана өнүктүрүү үчүн эки дектрет кабыл алды. Бул боюнча кандай иш жүргүзүлөөрүн Убактылуу өкмөт башчынын орун басары, каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев "Азаттыктын" таңкы түз обосунда айтып берди.

- Темир мырза, Ош, Жалал-Абаддагы соңку кырдаал боюнча маалымат алып турсаңыз керек, азыр абал кантип калды?

- Абал туруктуу деп айтсак болот, толук көзөмөлгө алынды, бирок албетте кээ бир жерлерде убактылуу кыйынчылыктар бар. Азыр тиешелүү органдар ошол боюнча иш жүргүзүп жатат.

- Ош, Жалал-Абадда абдан көп имараттар, турак жайлар талканды, аны кайра калыбына келтирүүгө каражат табылабы?

Темир Сариев

- Ишемби күнкү жыйында Убактылуу өкмөт ушул боюнча эки декрет кабыл алды. Анын биринчиси менен Ош, Жалал-Абад шаарын кайра куруу жана өнүктүрүү боюнча дирекция түзүлдү. Ал дирекция кыска убакытттын ичинде бул эки шаардын генералдык планын иштеп чыгып, ошонун негизинде чон курулуштарды баштайт. Ага Өнүктүрүү фондунда турган акча каражаттарын карайбыз деп жатабыз.

Экинчи декрет боюнча 2012-жылдын 31-декабрына чейин майда жана ири бизнестер салыктан бошотулат. Бирок салыктын эки гана түрүн, киреше жана кошумча нарк салыгы калып жатат. Патент, жер салыгы, сатуудан түшкөн салык, иши кылса калган салыктардын баарынан бошотуп атабыз, социалдык төлмөдөрдөн да бошотулат. Бул ошол аймактардагы жапа чеккен жана кайра курууга, өнүктүрүүгө катыша турган ишкерлерге ылайыктуу шарт түзүп берүү үчүн жасалып жатат. Мына ушул эки декрет менен биз жакынкы жылдарда Ош жана Жалал-Абад шаарын кайра куруп, буюрса мурдагыдан да кооз кылабыз деп пландаштырып жатабыз.

- Темир мырза, республикалык бюджеттин азыркы абалы кандай, каражат жетиштүүбү? Себеби азыр бюджеттик мекемелерде иштеген жарандарда маяна жана эмгек эс алуусу үчүн төлөмдөрдү убагында албай калабызбы деген чочулоолор жок эмес.

- Бюджетте тартыштык бар, бирок мындай чочулоолор болбосун. Биз буга чейин атйкандай эле мамлекет бюджет астындагы бардык милдеттемелерин толук аткарат, социалдык фонд да толук аткарат. Биз буга чейин бир күн да акчаны кармаган жокпуз. Тескерисинче Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуялардан кийин бардык күчтү ошол аймактарга жумшап, кошумча каражаттарды бөлүп берип жатабыз. Ошко кошумча 50, Жалал-Абадка 10 миллион сом каралды. Ошондуктан айлык акы, пенсия , жөлөк пул боюнча эч кандай күмөн саноо болбош керек. Мамлекет бул боюнча милдеттемелерин аткарат.

-Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG