Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Убактылуу өкмөт өлкө түштүгүн кайра толук көзөмөлгө алды


Жалал-Абаддагы тополоң, 14-май
Жалал-Абаддагы тополоң, 14-май

Акыркы эки күндөн бери өлкө түштүгүндө опуртал абал түзүлүп, үч облустун акимчилигин мурдагы бийликтин тарапкерлери ээлеп алышты. 14-майда түштүктөгү кырдаал толук убактылуу бийликтин көзөмөлүнө өттү. Бирок Жалал-Абаддагы кагылышта бир адам каза таап, дагы бир канча киши жаракат алды.

Мурдагы президент Бакиевдин Жалал-Абад облустук бийлик имаратын 13-майда ээлеген тарапкерлери Убактылуу өкмөттүн куралдуу куугунунан кийин тарап кетишти. Эки тараптын тирешүүсү таш бараң жана тынымсыз ок атуулар менен коштолду. Коогалаңдын айынан 58 адам жабыр тартып, алардын 26сы октон жараат алды. Ок тийген 23 жаштагы жигит облустук ооруканада каза тапты. Ок жаңылган бир адамдын абалы оор. 8 кишиге операция жасалганын Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Жалал-Абаддагы тополоң

Облустук бийлик убактылуу бийликтин колуна өткөндөн кийин болгон митингде губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асанов кызмат талаша баштаган адамдарга бүгүнкү күндө ал үчүн бийлик эмес, элдин тынчтыгы маанилүү экендигин айтты. Анын айтымында, күрөш али алдыда. Анткени 14-майда элге ок аткандар табыла элек. Кырдаал толугу менен убактылуу өкмөттүн көзөмөлүндө:

- Кеп ким губернатор болушунда эмес. Бүгүн кайгылуу күн болуп атат... Элди аткандар ушул жерде тайраңдап жүрөт, биздин азыркы негизги максат - ушуларды кармоо.

Үч миңден ашык адам катышкан түштөн кийинки митингде К. Бакиевди коргоо штабы турган анын Тейит айылындагы жактоочуларын таркатуу, штабды жоюу демилгеси көтөрүлдү.

Убактылуу өкмөттү жактоочулардын бири Шайыр мурдагы президенттин тарапкерлеринен колунан облбийликти кайтарып алууга үлүш кошкон жаштарга ыраазылык билдирип, митингчилерди ынтымакка чакырды.
Жалал-Абаддагы тополоң

Мурдагы губернтор Кошбай Масиров эки тараптын кагылышына чейин “Азаттыкка” билдирген пикиринде, учурдагы коогалаңды кимдин жоопкерчиликке алаары белгисиз экенин айткан:

- Мыйзамдуу бийлик орнош керек. Мурдагы губернатор, акимдер жардык менен дайындалган, ошолор келиш керек. Мыйзам чегине келмейинче ушундай боло берет, мыйзамдуу бийлик болбой атат.

Бирок мурдагы бийликтин губернаторунун мындай пикирине каршы болгондор да четтен табылат. Канткен менен эки тараптуу тиреште кан төгүлүп, Убактылуу өкмөттүн тарапкерлери бакиевчилерди борбордук аянттан сүрүп чыкты. Ошентип кечке жуук Жалал-Абад облусундагы кырдаал толугу менен Убактылуу өкмөттүн көзөмөлүнө өттү. Анын алдында, түшкө чейин Ош жана Баткен облусунун акимчиликтери мурдагы бийликтин тарапкерлеринен бошотулган.

Жалал-Абадда кырдаал калыбына келген соң “Ата Мекен” жана “Родина” партияларынын облустагы өкүлдөрү Сузак районундагы Тейит айылына барып, мурдагы президент Бакиевдин бир туугандарына тиешелүү деп эсептелген үч үйдү өрттөп ийишкенин аталган айылдын тургундары маалымдашты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG