Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

К. Байболов: Кандуу тополоңду кулатылган бийликтин чагымчыл топтору уюштурган


Кубатбек Байболов "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 10-июну.
Кубатбек Байболов "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 10-июну.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов аймактагы соңку кырдаал боюнча “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.

- Жалал-Абад шаарында жана облустун башка аймактарында учурда кырдаал кандай, түн кандай өттү?

-Түн тынч өттү, жалпы жонунан алганда жакшы өттү деп айтсак болот.

-Жергиликтүү элде автомат, снайпер, граната сыяктуу курал-жарактар бар экени айтылууда. Алар аны кайдан алышкан?

- Эки тарапта тең курал бар. Албетте курал көп. Бул эски режимдин атайын даярдалган чагымчыл топтору ошол режимди кайра калыбына келтирүү боюнча жасаган чоң масштабдагы акция деп айтсак болот. Биздин маалыматка караганда, 100-120 чамасындагы атайын форма кийген мобилдүү топтор эки тарапты тең аткылап, чагымчылыкка чакырып, талап-тоночулук менен алектенип жүрүшөт.

- Буга тиешеси бар адамдардан бирөө-жарым кармалдыбы?

- Кармалды. Алдын ала-маалыматты бүгүн массалык маалымат каражаттарына беребиз. Ал эми тергөөдөн кийин абдан чоң маалыматтарды беребиз.

- Божомолго караганда, тополоңду уюштуруунун башында кимдер турат?

- Божомол боюнча кулатылган мурдагы бийликтин өкүлдөрү.

-Демек анда мурдагы чиновниктер да бар турбайбы булардын катарында?

- Арасында мурунку чиновниктер, азыркы айрым чиновниктердин арасында буларды көкүткөн жана жан тарткан топтор бар экендиги айгине болду.

- Жалал-Абадтагы тополоңду басууга күч жетиштүүбү?

- Жетиштүү. Бүгүн таң эрте дагы Бишкектен күчтөр келет, калыбына келтиребиз деп ойлойм.

- Азык-түлүк, суу маселеси кандай болуп жатат?

- Тартыш болуп жатат, бирок жалпы жонунан канааттандырарлык деп айтсак болот.

-Ал эми Жалал-Абаддагы тополоңго байкоо салган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү барбы, себеби бул окуяга качандыр убакта саясий баа берилиши керек да?

- Албетте. Өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык жана башка уюмдар көзөмөл жүргүзүп жатышат, тергөө топтору иштеп атышат. Буга саясий баа берилет. Биздеги маалыматтар боюнча, айрым партиялардын өкүлдөрүнүн да катыштыгы белгиленүүдө.

- Кубат мырза, Оштогу кабарчыбыз азыр ал жерде ок атылып жаткандыгын маалымдады. Жалал-Абатта ок атуулар байкалбайбы?

- Азырынча ок атуу жок, бирок айрым жерлерде адамдар топтолуп жатышат.

- Рахмат, тынччылык болсун.

XS
SM
MD
LG