Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Т. Камчыбеков: Ошто абал турукташып калды


Ош шаары, 13-июнь
Ош шаары, 13-июнь

Ош шаар башчысынын биринчи орун басары Тимур Камчыбеков кырдаал мурдагыга караганда турукташып калганын, эки тарапты элдештирүү аракеттери жүрүп жатканын айтат.

- Ош шаарында жана облустун башка аймактарында ушул тапта кырдаал кандай?

- Азыр Ошто абал бир топ турукташып калды деп айтсак жаңылышпайбыз.

- Жергиликтүү элде көптөгөн ок атуучу куралдар бар экендиги айтылууда, алар куралдарды кайдан алышкан?

- Эми буга чейин да элдин кайсы бир катмары ар кандай мыйзамсыз жолдор менен куралданган. Андан кийин мергенчилик кылабыз деп, мыйзамдуу жол менен дагы куралдангандар бар. Мыйзамдуу да, мыйзамсыз да курал бүгүнкү күндө элдин колунда аябай көп.

- Оштогу тополоңду кимдер уюштурганы такталдыбы, алардан бирөө-жарымы кармалдыбы азырга чейин?

- Күч кызматтарынын маалыматы боюнча атайын уюшулган деген бир-эки топ кармалган. Бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бизге алар толук маалымат берген жок, кармадык гана дешти. Ким тарабынан, кандай уюшулганы боюнча азырынча толук маалыматыбыз жок. Ош шаарында тополоң төрт-беш жерде башталганына караганда, бул сырткы үчүнчү күчтөрдүн каржылоосу менен аябай уюшулгандыкта башталгандыгы билинип турат.

- Ош шаарында газ, электр кубаты жоктугу маалымдалды эле, азыр азык-түлүк маселеси кандай болуп атат?

-Террордук ар кандай аракеттер болуп кетпес үчүн газ атайын өчүрүлгөн. Шаардын көпчүлүк кичи райондорунда электр кубаты жок. Себеби тополоңдо мамлекеттик, коомдук, жеке менчик имараттар өрттөлгөндө электр зымдары да күйүп кеткен.

- Азык-түлүк маселеси кандай болуп атат?

- Кыргызстандын башка аймактарынан, Орусиядан келген гуманитардык жардамдарды түшүрүп алдык. Гуманитардык жардамдар азыр да келип атат. Шаардык мэрияда гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча коммисия түзүлүп, баарыбыз мобилдүү иштеп жатабыз. Муктаж болгон эл келип атат, баарына таркатууну баштадык. Анан ооруканаларга, жетимдер, карылар үйлөрүнө да таратып жатабыз. Азык-түлүк маселесин ошентип чечип атабыз, албетте баарын чечип койдук дегенден алысмын. Мекеме-ишканалардын кызматкерлери да жардам берип атышат, бирок көпчүлүк кызматкерлер, жетекчилер кечеги коогалаң окуялардан кийин аябай коркушуп, өзү жөнүндө да маалымат бербей, кайда экенин да айтышпай жашынып жүрүшөт.

- Эки тарапты элдештирүү боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн да уланабы?

- Кечээ да мен өзүм жеке Черемушка кичи району менен Анар кичи районунун ортосунда чоң тосмону ачтырып, өзбек улуту менен кыргыз улутунун ортосундагы жараканы бир топ бүтөгөнгө биринчи кадамды коюп, эки тараптын аксакалдарын, жаштарын жараштыруу аракетин көрдүк. Барымтада калып калгандарды улутуна карабай чыгарып, бири-бирибизди кечиришели, өткөн ишке салават деп бата кылдык. Азыр да Геологдор шаарчасына баратам.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG