Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

И.Исаков: Армия жалпы кыргызстандыктарга кызмат кылууда


Исмаил Исаков
Исмаил Исаков

Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков 14-июнда түштөн кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Суроолор Ош, Жалал-Абад облустарындагы абалга байланыштуу болду.

- Айрым маалымат каражаттарында армия бир жактуу түрдө кыргыздарга гана жардам көрсөтүүдө деген сөздөр айтылып жатат. Мунун канчалык чындыгы бар. Армия, Ички иштер министрлиги канчалык тартипти коргоого аракет кылып жатат азыркы мезгилде?

- Биринчиден, армия жалпы Кыргызстандын элине кызмат кылат. Ошондуктан бир тараптуу деген сөздөргө эч бир негиз жок. Анын баары жалган. Себеби армия, милиция кызматкерлери жана башка укук коргоо органдарынын баары мыйзам чегинде тартипти орнотконго чоң аракеттерди колунан келишинче жасап жатышат дагы, бүгүнкү күндө ошол багытта ишти алып барып атат. Бирок армияны бир багытта иштеп атышат, бир тараптуу болуп атат дегендер атайын карама-каршы келтирип, чагылдырып, күчөтүп, башка өлкөлөрдү дагы чоң чатакка тартканга аракет жасап атат. Мына ошонун негизинде айтылган сөздөр болушу ыктымал.

Кээ бир учурларда көп, 2-3 миңдей адамдар блокпостто тургандарды, же ошолорду тартипке салайын деп барган армия кызматкерлерин, кээ бир техникаларын тартып алган фактылар болгон. Ошол техникаларды айдашып, аскерлерди уруп, алардын колунан автоматтарды алып, эки БТРди алып алган факты болгон Ош шаарына биринчи келгенде. Ошол техникалар бир жарым-эки күн алардын колунда болгон, андан кийин биз кайра кайтарып алдык. Ошол техника менен жүргөндөрдү көргөндөр аскер бир тарапка кошулуп алып бизди атып атат деп айткан сөздөр чыгып жатканын мен уккам, мага да келип айтышкан. Ошондуктан аны факты катары көрсөтүшүп, ошону айтышы мүмкүн.

- Ошто айрым чагымчылар кармалды деген маалымат чыгып атат. Алардын кимдиги, кандай шартта кармалганы аныкпы азыр?

-Тергөөнүн өзүнүн эрежеси бар. Ошондуктан мен бул маалыматтар боюнча ачык айталбайм. Туура, кармалгандар бар. Алар азыр көрсөтмө берип атат, Ошто дагы, Жалал-Абад шаарында дагы. Аягына чыккандан кийин бардыгы ачыкка чыгат.

- Азыркы мезгилде кырдаал көзөмөлгө толук алындыбы. Азыр абал кандай?

- Чындыгын айтканда, кырдаал оор эле. Оордугу бирин-бири атышып, бирин-бири өлтүрүшкөндө эмес, кырдаал көп мекемелер иштебегендиктен, дүкөн, базарлар иштебегендиктен, тамак азыктар, нан сатылбагандыктан кыйынчылык болуп атат. Ошондуктан көп кабаттуу үйлөргө кыйынчылыктар келип атат. Азыр өзгөчө кырдаал министрлиги ошондой элдерге, кварталдарга шаардын мэри аркылуу тизмелерди алып берип атышат. Эми канчалык деңгээлде камсыз кылабыз, аны айтыш кыйын. Бирок ушундай кыйынчылыктар бүгүнкү күндө бар. Андан башка, кээ бирлери дарактарды кыйганда зымдар үзүлгөн, кээ бир жерлерде электр энергия өчүп калып атат, кээ бир жерде газ, суу өчкөн фактылар бар. Ушул кыйынчылыктар бүгүнкү күндө реалдуу түрдө болуп атат. Аны шаардын башчылары, ишмерлери оңдогонго күнү-түнү аракеттерди жасап жатышат.

- Орус аскерлери келди деген маалымат болуп жатат. Анын канчалык чындыгы бар, качан кириши мүмкүн алар?

-Келди деген менде толук маалымат жок азырынча. Бирок келет деген маалымат бар. Кантка конуптур деп уктум. Бирок мынчасы келди деген маалыматты ала элекмин.

- Чет өлкөлүк жарандар, Түркмөнстандын студенттерин алып кетип атат, Пакистандын бир студенти каза болду дейт. Булардын акыбалы кандай болуп атат?

- Туура, себеби окуу жайлардын бары жабылган. Мектеп, жогорку окуу жайларда окуу токтогон. Ошондуктан чет мамлекеттин жарандарын биз кээ бир аскер бөлүктөрдүн короолорунун ичине, башка жерлерге чогулутуп, кетем дегендердин бардыгына Тышкы иштер министрлиги аркылуу жардам берип, жөнөтүп атабыз. Ошонун ичинде жанагы айтылган өлкөлөрдөн да, башкалар да бар, чогултуп кетирип атабыз. Ошондой эле өзүбүздүн башка райондордогу, башка облустагыларды ушул жол менен чыгарып атабыз, өзгөчө кыз балдарды.

- Азыркы мезгилде Түштүк регионго күч структуралары жетиштүүбү көзөмөлгө алганга. Качан абал турукташат деген ойдосуз?

- Күч структуралар жетиштүү деп айтыш бир жагынан туура болбой калат. Жалпы элибиз, жалпы биздин жарандар бардыгы биригип күч структурасына жардам бериш керек. Азыр Ош шаарынын көп кварталдарында ошондой жолдорго өтүп атат, алар өздөрү ынтымакташып, эми болору болду, ким ката кетирсе кечиримдүү бололу деген да сөздөрдү айтып атышат. Мен азыр эле Жалал-Абаддан учуп келдим, бул жерде комендант мага маалымат берди. Өзбек туугандардан жана кыргыз тараптан келип, токтойлу, бул туура эмес болуп калды деген сөздөрдү бири-бирине айтышкан, бири-бирин ынтымакка чакырышкан фактылар абдан көп.

- Жалал-Абаддан келдим дедиңиз. Жалал-Абад, Сузакта абал өтө оор деген маалыматтар түшүп аткан эртең менен. Сиз өзүңүз эмнени байкадыңыз?

-Жалал-Абадда абал өтө оор деген туура эмес. Жалал-Абадда кээ бир кварталдарда айрым топтор мекемелерди өрттөгөн фактылар болду. Азыр комендант Кубат Байболов мага маалымат берди, азыр Кудай кааласа алардын артынан түшүп, тартипке салуу жолдорун чечип атышат. Кудай кааласа бүгүн кечке чейин, же эртең мененкиге чейин кырдаал кыйла эле оңолуп калат Жалал-Абад шаарында.

- Тополоңго тиешеси бар делген бир таанымал саясатчы кармалды деди эле. Ал жөнүндө маалымат барбы?

- Менде андай маалымат жок. Бирок ошондой саясатчылардын бири менен сүйлөшүүлөр болуптур. Бул тергөөдөн кийин гана ачыкка чыгышы ыктымал. Бирок кармалбай эле, сүйлөшүүлөр болуптур, кээ бир фактылар айтылыптыр. Ошонун негизинде бул маселени кийинчерээк тергөө иши бүткөндөн кийин айтсак болот.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG