Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Ош: куралчан күзөт элди чочутуп жатабы?


Айрым ата-энелер көчөлөрдө куралчан аскерлер жүрүшү жаш балдардын психологиясына терс таасир тийгизип жатканын айтышууда.
Айрым ата-энелер көчөлөрдө куралчан аскерлер жүрүшү жаш балдардын психологиясына терс таасир тийгизип жатканын айтышууда.

Ош шаарынын айрым тургундары күндүзү куралчан аскерлерди элдүү жерлерден алып салуу сунушун айтып жатышат.

Ош шаарынын жана анын айланасындагы кооптуу делген айылдардын тынчтыгын көзөмөлгө алган куралчан аскер күзөтү жергиликтүү жаш балдардын окуядан кийинки психикасына терс таасирин тийгизүүдө. Ата-энелер жана адистер куралчан аскерлердин элдүү жерлерден күндүз алып салуу сунушун айтып жатышат.

Ошол эле учурда күч орган жетекчилери, куралдуу күзөткө чыккандарды алып салуу эрте экенин белгилеп, алар даярдыктан өткөн деп ишендирүүдө.

“Куралчандар чыксын, бирок күндүзү эмес”...

Беш жаштагы Дилмураттын эң жакшы көргөн ырында чыйыр жол менен бүлдүркөн, козу карын терип отуруп үйгө кантип жеттип калганы тууралуу айтылат. Учурда Дилмураттын атасы бакчага анчейин көңүлү чаппай калган баласын кадимки оюнга салып куралчан аскерлер жок көчө менен жеткирип кайра алып келет. Даниярдын бийликке сунушу - күзөт күндүзү куралсыз чыгарылса:

- Эртең менен жумушка баратып балдарды мектепке, бакчага аскерлер жок көчө менен ала кетебиз. Кайра дагы өзүмдүн машинем менен сабактары бүткөндө үйгө алып келип коём. Мен балдарымдын көчөгө чыгып, автоматчан адамдарга кезигишин каалабайм. Мен сунушум куралчан аскерлер күзөткө чыгышсын, бирок күндүздүн күнү эмес. Кечинде же түнүчүндө.


Даниярды кооптондурган дагы бир маселе - бул курал менен кыдырып жүргөн күзөтчүлөрдүн жаш курагы. Эми эле аскерге тартылган же милиция окуусундагы жыйырмага чыга элек балдардын колуна берилген курал жаш балдардын эле эмес, чоң адамдардын да үшүн алып турат:

- Учурда куралдарды токтоло элек жаш балдарга берип койгон. Алардын психикалык жактан өзүн кармоосу толук токтолуп бүтө элек. Туруктуу мүнөзгө ээ боло элек. Алар качан болсо да ок чыгарып жибериши мүмкүн. Эл көп жерде курал менен иштөө үчүн чоң тажрыйба керек деп ойлойм.

Куралсыз деле коопсуздук менен күрөшсө болобу?

Даниярдын оюна “Ак жүрөк” кризистик борборунун башчысы Дарыйка Асылбекова да кошулат. Анын пикиринде, мамлекет кооптуу аймактарда иштөөнүн жаңыча жолун колдонушса болмок. Мисалы видео көзөмөл же таптакыр эле куралсыз күзөт:

- Куралды колдонбой деле коопсуздук менен күрөшсө болот. Башка жолдору толтура. Курал менен абалды жайгарууну биз жакшы эле көрбөдүкпү. Чын-чынына келгенде куралы менен жүргөндөр деле качып кетишпедиби. Эми эле абал турукташканда куралчандарды коюп үркүтүүнүн кажети жок деп ойлоймун.

Ошол эле учура Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Памир Асанов куралдуу күзөткө тартылгандар күн сайын атайын көндүмдөрдөн өтүп тураарын белгилейт.

Деген менен бийлик өкүлдөрү абал толук турукташмайын куралчан аскерлердин күзөтүн алып салуу эрте экенин айтып келет. Абалдын канчалык туруктуулугу тууралуу азырынча ачык жана так маалымат жок.

XS
SM
MD
LG