Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Жалал-Абадда жай турмуш жүрө баштады


Жалал-Аббадгы элдештирүү жыйыны, 17-июнь
Жалал-Аббадгы элдештирүү жыйыны, 17-июнь

Бүгүн Жалал-Абадда турмуш мурдагы калыбына түшө баштады. Көчөлөрдө коомдук автоунаа менен жүргөн адамдар көбөйдү. Ашканалар жабык турганы менен борбордук базар ачылды.

Облус аймагында турмуш мурдагы нугуна түшүүдө дегенге негиз бар. Өз ара сүйлөшүүлөрдөн кийин буга дейре жабык турган Жалал-Абад – Сузак жолу ачылды. Сузакта жергиликтүү тургундар өкмөттүк күчтөргө кошулуп коомдук тартипти сакташууда. Райондун Таш- Булак айылында элдешүү түлөөсү өттү. Жалал-Абадда кыймыл көбөйүп көчөлөр жандуу. Ар түрдүү улуттун өкүлдөрү базар – көчөлөрдө өз турмушу менен алек. Ош-Бишкек унаа жолу да ачык, ал комендантка баш ийген өкмөттүк аскерлердин көзөмөлүндө.

Ал арада Жалал-Абад шаар башчысы менен шаар прокурору маалымат жыйынын уюштурду. Анда калаанын азыркы абалы, кайрымдуулук жардамын бөлүштүрүү, качкындар маселеси жана апрель, май, июнь окуяларына тиешелүү кылмыш иштери тууралу сөз жүрдү. Шаар башчы Максат Жээнбеков бүгүн кооптонууга негиз жок экендигин ырастады. Анын билдиришинче, коопсуздукту тартип сакчылары, элдик кошуундан сырткары 1200 аскер камсыз кылууда.

Калабалуу окуялардан кийин Жалал-Абадга келген 36 тонна ун, 4 тоннадан ашык макарон, май-чай азыктары биринчи иретте үйү өрттөнгөндөр менен кароосуз адамдарга, согуш жана эмгек ардагерлерине, ооруканаларга таркатылууда. Чек арага жакын Сузак районунун Бек-Абад, Эркин жана Балта-Казы айылдарына болжолдуу түрдө 13300дөй топтолду деген качкын шаардыктар үйлөрүнө кайтууда.

Ушу тапта өткөн аптадагы баш аламандыкта өрттөлгөн турак-жай, мекеме-ишканалардын саны такталууда:

- 117 үй күйгөн. Тилекке каршы көп өзбек туугандар сыртка чыгып кеткенине байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын алдында отурушат, так аныктай албай атабыз үй кимге тиешелүү экенин. Ошондуктан мен суранат эле, ошол адамдар кайра келсе бизге, прокуратурага, өрт өчүрүүчүлөргө кайрылса болот. Кимдин үйү экенин аныктоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн, комиссиянын негизинде материалдык, финансалык жардамдар болот эле.

Суроо-жооптордун басымдуу бөлүгү облустагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К. Батыровдун айланасында жүрдү. Кадыржан Батыровдун каякта экендиги тууралуу суроолорго анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, өзү кармалбагандыгына байланыштуу айыбы сырттан угузулганы, сот тарабынан камакка алуу жөнүндө санкция берилгени, бирок азырынча кармала электиги, изделип жаткандыгы боюнча жооптор болду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG