Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Кыргызстанга Словакия президенти келди


Словакия президенти Иван Гашпарович жубайы менен учактан түшүүдө, "Манас" аба майданы, 2010-жылдын 31-марты.
Словакия президенти Иван Гашпарович жубайы менен учактан түшүүдө, "Манас" аба майданы, 2010-жылдын 31-марты.

31-марттын кечинде Кыргызстанга Словакиянын президенти Иван Гашпарович расмий иш сапары менен келди. 1-апрелде ал мамлекет башчы Курманбек Бакиев менен жолугушуп, тараптар соода-экономикалык жана гуманитардык байланыш боюнча маселелерди талкуулашат.

Бүгүн кечинде Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Словакиянын президенти Иван Гашпаровичти "Манас" аба майданынан Мамлекетик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен вице-премьер-министр Тажикан Калымбетова тосуп алды. Бул расмий иш сапардын алкагындагы негизги иш чаралар эртеңкиге, 1-апрелге белгиленген.
Словакия президенти Иван Гашпаровичти "Манас" аба майданынан Мамлекетик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен вице-премьер-министр Тажикан Калымбетова тосуп алды, 31-март.

Кыргызстандын Мамлекеттик тышкы министрлигинин Батыш өлкөлөрү менен байланыш агенттигинин жетекчиси Кайнар Токтомушев кыргыз-словак президенттери 1-апрелде жолугушаарын "Азаттыкка" билдирип, анда каралуучу маселелер тууралуу буларга токтолду:

- Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүдө чынында азырынча анчалык активдүүлүк жок. Мисалы 2009-жылы соода жүгүртүү 2,5 миллион доллар болду. Бул өтө эле аз. Мына ушул маселени эки президент талкуулайт. Анын жыйынтыгында эки докментке кол коюлушу күтүлүүдө. Азыр ошол долбоорлорду карап жатабыз, бул инвестиция жана салык жагынан. Буюрса ушул келишимдерге кол коюлуп, күчүнө киргенден кийин соода багытында актидештирүү боюнча иштейбиз.

Кыргыз президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов да Курманбек Бакиев Кыргызстанга расмий визит менен келген Словакиянын президенти Иван Гашпарович менен экономикалык, гумманитардык багыттагы маселелер боюнча сүйлөшөөрүн айтат:

- Эртеңки жолугушууда эки президент тар чөйрөдө жолугушат. Андан кийин кеңейтилген форматта жолугушуу болуп, андан кийин биргелешип иштешинин жыйынтыгында бир нече документтерге кол коюлушу күтүлүп жатат.

Өлкө башчысынан тышкары Словакиянын президенти Иван Гашпарович Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов менен дагы жолугушат. Анда эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу маселеси каралышы күтүлүүдө.

Парламенттин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитеттин төрагасы Мария Исанова Жогорку Кеңештин эл аралык байланыш бөлүмү жолугушууга даярдыктарды көрүп жатканын, бул жолугушуудан соң кыргыз-словак парламенттер аралык кызматташтык артаарын, буга чейин дагы достук байланыштар болуп келгенин билдирди.

- Бизде “Достук” тобу бар. Мына ошолор менен жакшы карым-катнашы бар. Кат алышып, жазышып турушат. Анан алар эртеңки жолугушууга дагы даярданып жатышат.

Мария Исанова белгилегендей, буга чейин парламенттин “Ак жол” фракциясынын депутаты Динара Молдошева Словакияга барып жер реформасы боюнча тажрыйба алмашып келген.

Словакия президенти Иван Гашпаровичтин иш пландары тууралуу Мамлекеттик тышкы министринин Батыш өлкөлөр менен байланыш агенттигинин жетекчиси Кайнар Токтомушев буларга токтолду:

-1925-жылы Кыргызстанга “Интергельпонун” мүчөлөрү келген. “Интергельпо” - бул ошол кездеги Чехословакиянын кооперативи. Ошол кооператив Кыргызстандын өнөр-жайынын пайдубалын курууга абдан зор салым кошкон. Программа боюнча президент И.Гашпарович Кыргызстанда жашаган слоавактар менен жолугушат. Алар ошол “Интергельпонун” кызматкерлеринин урпактары.

Словакия 1993-жылдын 1-январында ошол кездеги Чехословакиядан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаган. 2004-жылдан бери Евробиримдикке мүчө. Словакияда 5 миллиондон ашуун калк жашайт.

XS
SM
MD
LG