Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:21

Ош: сыртка агылган жаштар


Акыркы бир айда эле Ош облусунан миңдеген жаштар чет өлкөгө чыгып кетишти. Көпчүлүгү жумуш издеп кетип жатканын айтса, кээ бирлери Оштогу абалдан кооптонуп, сыртка чыгып кетүүгө аргасыз экендиктерин билдиришүүдө.

Бийлик өкүлдөрү болсо жаштарды кармап калуунун түркүн жолдорун ойлонуштурууда.

Аскар
мектепти быйыл аяктады. Ал учурда учактардын билет бааларын сураштырып жүрөт. Ал апасына жардам бериш үчүн чет жакка чыгып, акча таап келүүгө аргасыз экенин айтат:

- Мурда базарда апама жардам берчүмүн. Тополоңдон кийин соодабыз такыр токтоп калды. Эми ошол соодабызды кайрадан тикелеш үчүн Орусияга кеткени жатам. Азыр эми Кыргызстанда жумуш жок, тиричилик кылыш керек, жан багыш керек.

Ошондой эле ал жакында паспорту колуна тиери менен Орусияга токтоосуз билет сатып аларын кошумчалады.

Акыркы бир айдын ичинде Аскарга окшоп чет өлкөгө чыгып кетүүнү каалаган жаштардын саны Ошто миндеп саналат. Бир эле «Кыргыз Тур» авикомпаниясынын өзүнөн эле бир айдын ичинде 12 миң адам учуп кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү жаштар экендигин аталган авиакомпаниянын өкүлү Амина Улмасова билдирди:

- Азыр көбү Москвага кетип жатышат. Ал жакка азыр билет арзандады. 15 300 сом болуп калды. Анан Красноярск, Новосибирскке, Санк-Петергбургга кеткендер көп. Бизде самолет күнүнө эки ирет учат. Бир айдын ичинде Орусияга кеткендердин саны 12 миңден ашты. Сыртка чыгып кетип жаткандардын арасында бардык эле курактагылар бар, бирок айрыкча 17-18 жаштагылар. Бизден учкандардын көпчүлүгү жаштар болууда.

Ал эми жаштардын массалык түрдө сыртка чыгып кетүүсүн токтотуу боюнча бийлик кандай чараларды көрүүдө деген суроо менен вице-премьер министр Өктөмхан Абдуллаевага кайрылганыбызда, ал буларга токтолду:

- Жаштардын сыртка чыгып кетүүсүн токтотуу үчүн бир топ иштерди жасап жатабыз. Ал үчүн биринчи иретте аймакты стабилдештирүүгө көп көңүл буруудабыз. Анан жакында жумуш орундарын калыбына келтиребиз.

Ошондой эле вице-премьер министр жакында Ош шаарында кабат үйлөрдүн курулушу башталса, жаштардын бир топ катмары жумуш менен камсыз болот деп белгиледи.

Жергиликтүү серепчи Расул Авазбек уулу дегеле сырткы миграцияны азайтуу үчүн бийлик тарап өлкөдө коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, жаштарга ар кандай жеңилдиктерди түзүп берүүнүн үстүндө иштеши керек деп эсептейт:

- Сыртка, колунан иш келген, каруусунда күчү барлар чыгып кетет. Демек сырткы миграциядан мамлекет интеллектуалдык да, физикалык да жумушчу күчүн жоготот. Жаштарды алып калыш үчүн биринчиден жумуш орундарын түзүү керек. Экинчиден, ар кандай жеңилдиктерди берүү керек. Анткени кетип жаткан жаштардын үй курууга мүмкүнчүлүгү жок, үйлөнүүгө шарты жок. Анан эң ириде коррупцияны жоготуу деген маанилүү стратегиялык пландарды ишке ашырыш керек. Болбосо кетип жаткандардын көпчүлүгү Орусиянын, Казакстандын жарандыгын алышууда. Бул биздин өлкөнүн келечеги үчүн өтө коркунучтуу.

Аймактагы миграция жана ишке орноштуруу комитетинин маалыматына таянсак, кетип жаткан жаштардын дээрлик жарымын өзбек улутундагылар түзөт. Бирок өзбек жаштары сырт жакка чыгып кетүүнүн себептерин аймактагы абалдын кооптуулугу менен түшүндүрүшүүдө. Орусиянын Санкт-Петербург шаарына Оштон барган өзбек улутундагы жаран кетип жатканда алардан акча талап кылуулар болуп, ар түрдүү коркутууларга дуушар болушканын “Азаттыкка” айтып берди.

- Биз Оштогу үйүбүздөн кечке маал чыгып аэропортту карай багыт алдык. Коменданттык саат башталгыча эптеп аэропорттун короосуна кирип алдык. Менин жанымда досум да бар эле. Ичкериге киргенибизде өзбек жаштарынын баарынын документтерин жарандык формачан кишилер сурап алышты. Андан кийин алар бизден акча талап кыла башташты.

Деген менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай иштер болбогондугун, бирок тополоңду иликтөө иштеринин алкагында сыртка чыгып жаткан ар бир жаран улутуна карабай текшерилип жатканын билдиришүүдө. Ал эмес аппараттык жыйында Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов чет өлкөгө кетип жаткан жарандардын манжа белгилерин алып калуу боюнча да демилге көтөрүп чыкты.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG