Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Кубан Өмүралиев: Президенттик башкарууга кайтпайбыз


Конституциялык реформа, өлкөдөгү соңку жагдай тууралуу “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” коомдук бирикменин жетекчиси, эл аралык мамилелер боюнча адис Кубан Өмүралиев “Азаттыкка” маек курду.

- Кыргызстан дагы бир жолу Баш мыйзамды өзгөртүү алдында турат. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев парламенттик башкарууга ыктаган Конституциянын долбоорун жарыялады. Сиз болсо президенттик башкарууга же, аралашма системага негизделген Баш мыйзамды жактап келесиз. Эмне себептен экенин ынындырып кетесизби?

Кубан Өмүралиев: Менин жеке оюм боюнча, президенттик эмес, аралашкан модель болсо дегем. Себеби “супер президенттик башкарууну” өз башыбыздан өткөрдүк. Эми буга биз кайра келбейбиз. Тарыхта да калды. Шейиттердин арбагы, биздин жарандар да буга жол бербейт.

- Парламенттик башкаруу системасы эмне себептен ыңгайсыз деп ойлойсуз?

Кубан Өмүралиев: Мен өзүм бир канча жолу карап чыктым. Салыштырмалуу таблица деп коет, бул боюнча да өзүнчө карап чыктык, парламенттик деп аталган менен, президенттин деле бир аз укуктары калган. Азыр көрүп турбайбызбы, убактылуу өкмөттүн азыркы иштеп жаткан убагында жакынкы 15-20 жылда бат өнүгүүгө кичине кыйын болот.

Бирок түбүндө Конституцияны түбөлүккө болбосо да, көп аралыкка жазыш керек. Ансыз деле биз акыркы 17 жылда 8 жолу өзгөрттүк. Менин оюмча, чек деп коюп, 25 пайызын президентке, 25 пайызын Жогорку Кеңешке, сот бийлигин унутуп койбой аларга 25 пайызын, аткаруу бийлигине 25 пайыз, төрт бутакка ушундай бөлүштүрүп берсек туура болот эле. Себеби аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги, президентке да бир аз мүмкүнчүлүк калтырсак.

- Мына убактылуу өкмөттүн түзүлгөнүнө бир ай болуп калды. Өкмөт мүчөлөрү арасында пикир келишпестиктер бар, шайлоого жетпей тарап кетиши ыктымал деген да божомолдор айтылууда. Мындай божомол негиздүүбү?

Кубан Өмүралиев: Бир аз негиз бар. Анын ичинен бир аз өкмөт мүчөлөрү кетип калышы мүмкүн. Бирок буларга да мен башында айтып кеткем, 7-апрелден кийин чоң жүктү мойнуна алып, муну тартып келаткан үчүн буларга да чоң алкыш айтса да болот. Себеби чынында ошол күнү биз азыркы айтып аткан, коомдо жүрүп аткан ар кандай күчтөрдүн эч кимиси мойнуна жүктү алган эмес. Бирок башка чарбачылык, же экономикалык ар кандай маселелерде ар кандай ойдо болуп аткан менен, Конституциянын долбоору боюнча да өкмөт мүчөлөрүнүн бир пикири жок.

- Казак-кыргыз чек арасы жабык турат. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев апрелдеги окуяларга терс баа бергени маалым. Расмий Астана менен Бишкектин мындан ары мамилеси кандай өнүгүшү мүмкүн?

Кубан Өмүралиев: Мен ойлойм, Казакстандын жетекчиси менен кандай болсо да эки элдин ортосунда түз мамиле кала берет. Бирок азыркы убакта чек араны жабуу боюнча жасаган кадамы, жумшак айтканда, эң туура эмес болуп турат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG