Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Парламент кош бойлуу депутаттын макамын аныктайт


“Ак жолчу” депутат Бегалы Наргозуев “ЖК депутатынын макамы тууралуу” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча кеп салып берди.

- Бегалы мырза, бүгүн сиздердин фракция кароочу мыйзам долбоорлорунун арасында ЖК депутатынын макамы тууралуу мыйзам долбоору да бар экен. Өзгөртүү киргизилүүсү мүмкүнбү?

- Бүгүн «Ак жол» фракциясынын жайкы тыныгуудан кийинки биринчи отуруму болгону атат, анда мен билгенден 12-13 маселе каралганы турат. Ошонунун эң биринчилеринин бири - депутаттын макамы жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү. Ал өзгөртүү жөнүндө сөз эбак жүрүп келатат. Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө жана депутаттын макамы жөнүндөгү мыйзамдарды кабыл алганда бир нерсени жадыбыздан чыгарып койгон экенбиз. Себеби Эмгек кодексине ылайык, биздин жарандар кошбойлуулугуна байланыштуу жана бала багуу учурунда эмгек өргүүсү каралган, аны Кыргызстандын бардык жарандары пайдаланышат. Ал эми депутаттарга ушул норма кирбей калыптыр. Анан биздин бир кесиптешибиз былтыр кош бойлуу болуп калганда анын макамын аныктай албай кыйналышты. Ошондон кийин эки мыйзамга ушул өзгөртүү кирип атат. Бул маселе комитеттерде каралган, өткөн, азыр фракцияда өтсө, жакынкы күндөрдө Жогорку Кеңештен толук өтүшү мүмкүн.

- Өткөн айда парламенттеги социал-демократиялык фракциянын эки мүчөсү Кубанычбек Кадырбеков менен Мирбек Асанакуновду жоопко тартуу тууралуу сөз болуп, аларды депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселеси сентябрь айында парламентте каралат деген маалыматтар айтылды эле. Бул ошого карата болуп жаткан жокпу?

- Жок, мен билгенден ал маселе жок. Бизде бүгүнкү отурумда мурунтан эле каралып келаткан мен жогоруда айткан жагдайларга өзгөртүү киргизип жатат.

- Бегалы мырза, жакында Боинг-737 учагынын кыйраганына бир жыл болду. Жакында эле “Итек-Эйр” компаниясына тиешелүү дагы бир Боинг учагы Бишкектен Москвага учуп баратып, Казакстанга конууга аргасыз болду. Адатта учактардын техникалык мүчүлүштүктөрүнө ким жооптуу болот?

- Өкүнүчтүү, мындай абал соңку убакта биринин артынан бири болуп атат. Өзүңүздөр билесиздер, бир ай мурун “Исток-Авиа” деген авиа компаниянын Боинг учагы да Бириккен Араб Республикасында ошондой авариялык түрдө конду. Ал учуп чыгып эле кыймылдаткычы иштебей калганына байланыштуу конгон болчу. Андан көп өтпөй жакында эле “Итек-Эйр” авиа компаниясынын учагы Москвадан учуп келатып, Бишкеке жетпей Казакстандын бир шаарына конууга аргасыз болду, ал дагы кыймылдаткычына байланыштуу. Бул компаниялардын баардыгы сырттан келген компаниялар. Бул жерде биздин жарандарга каттатып коюп гана иштеп аткан компания. Бул жөнүндө маселе көптөн бери коюлуп келатат. “Итек-Эйр” компаниясынын былтыр учагы кулап түшкөңдөн кийин бул компания биздин абадан жүк ташуучу рыноктон чыгарылат деген сөздөр келаткан болчу, бирок алиге чейин чыкпайт. Тез арада өкмөт чара көрбөсө, танспорт министрлиги “эртең кетет, бүрсүнгүнү токтотобуз, чара көрөбүз” деп коомчулукту алдап гана келүүдө.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG