Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Катын албай, кайын алуу азабы


Акыркы кездерде өлкөдө ажырашуулар көбөйдү
Акыркы кездерде өлкөдө ажырашуулар көбөйдү

Кыргызстанда ажырашуулардын саны жыл санап көбөйүүдө. Адистердин баамында, мунун негизги себептеринин бири - сүйүүсүз, пайда көздөп турмуш куруу.

Отуз жаштагы Максат бир нече убакыт мурда абдан бактылуу адам эле. Сүйгөн адамы жанында, көңүлгө жаккан иши бар, ден-соолугу чың. Бирок Максат бул бактысынан бир заматтын ортосунда айрылып калды:

- Жубайым менен бир айылданбыз. Экөөбүз көптөн бери сүйлөшүп жүрчүбүз. Анан “ала качты” кылып үйгө алып келип жашап калдык. Ошондон көп өтпөй эле апасы мен жокто үйгө келип кызын алып кетип калыптыр. Себебин билмекке ата-энемди ээрчитип жубайымдын артынан барсам, энеси “кызымды кол менен, сөйкө салып, көп калың берип алып кет”, - деди. Менин буга шартым жок эле. Ошентип, жубайымды алып келем деген үмүтүмдү таш каап, куру кол кайттык.

Максаттын айтымында, кайын энеси кызын башка, колунда бар жигитке турмушка берүүнү каалайт:

- Жубайым ата-энесинин сөзүнөн чыга албай калды. Мага окшогон колунда жок адам менен жашагандан көрө, сүйбөсө дагы бай жигитке турмушка чыгууну эп көрдү окшойт. Ошентип үй-бүлөм талкаланып калды. Мурда ичкилик оозума алып көрбөгөн жан элем, эми кайгынын айынан ичип атам. Жанымды кыйганга дагы аракет кылып, бирок жакындарым сактап калышты. Эми эмне кылаарымды билбей атам, башым маң...

Ошентип акчанын айынан биздин каармандын үй-бүлөсү талкаланып, кылаар айласын таппай турган чагы.

Өлкө боюнча ушул жылы 3700 үй-бүлө ажырашкан. Бул былтыркыга салыштырмалуу кырк бүлөгө көп. Айрым маалыматтар боюнча, никесин расмий түрдө каттабагандарды эске алганда, ажырашуулардын саны отуз пайызга жогору болушу мүмкүн.

Адистердин айтымында, өлкөдө көбөйүп жаткан ажырашуулардын орчундуу себептеринин бири -“Катын албай, кайын ал” демекчи, пайда көздөп үй-бүлө куруу. “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын ырасташынча, көбүн эсе эч бир сүйүүсүз, жөн гана байлыкка кызыгып турмуш кургандардын көбү акыр аягы ажырашып тынышат:

- Мурда кыргыздар көп учурда кыздын оюн сурабай эле өздөрү эп көргөн жерге турмушка берип койчу эмес беле. Мына эми далай жыл өткөн соң ошол көрүнүш кайра кайталанып отурат. Бирок эми көбүнчө кыздар өздөрү ортодо сүйүү жок болгонуна карабастан акчалуу адам менен баш кошуп жатышат. Алар байлык болсо эле болду дешет. Бирок психологиялык жактан алганда ортодо сезим болбосо жашап кетүү өтө оор. Бул көптөрдүн колунан келе бербейт. Ошондуктан мунун айынан ажырашуулар да көп болуп жатат.

Кийинки биздин каарман Жыпара сүйүүсүз турмуш куруу көп учурда ажырашууга алып келет деген пикирге түк кошулбайт. Ушул тапта бул бийкеч эч кандай сүйүүсү жок эле турмушка чыкканы жатат:

- Менин болочок жолдошум тың, билимдүү, көптү үмүттөндүргөн жигит. Ата-энеси да мыкты турушат. Менин артыман көптөн бери чуркады, мен болсо аны бир топ эле сынадым. Акыр аягы сүйбөсөм дагы ага турмушка чыгууга макул болдум. Ооба, мен пайда көздөп турмуш курганы жатканымды моюнга алам, бирок сүйүп-күйүп баш кошуп алып , жоктун айынан ажырашкандар деле толуп жатпайбы.

Серепчилердин баамында, акыркы мезгилде жаштардын жалпы эле үй-бүлө курууга болгон көз карашы өзгөрдү. Социолог Нагима Алиеванын айтымында, жаштардын көбү турмуш куруу, ажырашууга жеңил-желпи мамиле кылат:

- Коом өзгөрүп жатпайбы. Жалпы эле дүйнөдө жашоодогу негизги баалуулуктарга болгон көз караш өзгөрдү. Мисалы эки жаш чогуу жашап, эгерде бири-бирине жакпай калышса оңой эле ажырашып кетишет дагы, бир нече убакыттан кийин башка бирөө менен жарандык никеге туруп алышат. Кыйналсак дагы эптеп үй-бүлөнү сактап калалы деген жаштар аз.

XS
SM
MD
LG