Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Чемпион Мирбек Сүйүнбаевдин Италиядагы мелдеште жолу болбоду


Кикбоксинг боюнча Италиядагы дүйнө чемпионатында дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаевдин cасык тумоонун айынан жолу болбоду.

2-декабрда Италиянын Лигнано Саббиадоро шаарында өткөн кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатынан кесипкөйлөр жана спорт ышкыбоздору арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаев жеңилүү ызасын тартып келди.

Бул дүйнө чемпионатында кикбоксингдин фул-контакт түрү боюнча алтымыш эки өлкөнүн алты жүздөн ашуун спортчусу мөрөй талашты.

Натыйжада командалык эсепте баш байгени орусиялык кикбоксчулар жеңип алышты. Азербайжан өлкөсү - экинчи, Украина мамлекетинин командасы үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Кыргызстандан каражат маселеси чечилбегендиктен Мирбек Сүйүнбаев бардык чыгымдарды өзү төлөп, 57 кг. салмакта өлкө намысын жалгыз коргоду.

Ноябрь айынын аягында Италияда өткөн дүйнөлүк таймашуулар жана мөрөйгө жетпей калуусунун себептери тууралуу дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаев “Азаттыкка” баяндап берди.

- Эки жылдык тыныгуудан кийин дүйнөлүк таймашууга чыккан алгачкы мелдешим болду. Дүйнө чемпионатына жөнөп жатып, сасык тумоо жуктуруп алып, ушул оорунун айынан рингге айласыз чыктым. Биринчи жана экинчи раундду упай айырмасы менен утканым менен үчүнчү раундда шалдырап шайым кете баштады. Бирок акырына чейин чыдадым. Мени Эл аралык кикбоксинг ассоциациясынын президенти, италиялык Энио Фальсони расмий чакырып, беттешүүгө өзү күбө болуп турду. Бирок ошого карабай калыстар менин атаандашым түрк жигитине тартып, бир-эки упайымды санабай коюшту. Натыйжада, бир упай менен жеңишти ага ыйгарып коюшту.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин башкы адиси Канат Арпачиевдин пикиринде, акыркы учурда кыргызстандык кикбоксчулардын даярдыгы чийки болуп, чеберчилиги төмөндөп кеткен.

Мына ушундай эле пикирди спорт ардагери, кеңеш доорундагы бокс боюнча спорт чебери Алмаз Кудайбергенов да белгилеп, алардын тактикалык даярдыгы начар экенин “Азаттыкка” билдирди.

Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын бир нече жолку күмүш жана коло байге ээси, Азия чемпиону Мирбек Сүйүнбаев жакында эле Бишкекте “Мирбек Сүйүнбаев” аттуу спорт клубун уюштурду.

- Жаштарга өзүмдүн тажрыйбамды бөлүшүп, кеп-кеңеш берсем, тарбияласам, деген тилектемин. Бул максатты ишке ашырууда жалгыз эмесмин. Кыргызстандык спортчуларды эл аралык аренада таанытсак деген максат алдыда турат. Италиядагы дүйнө чемпионатында жеңилип калганым мага да чоң сабак болду. - деди эл аралык спорт чебери Мирбек Сүйүнбаев.

34 жаштагы Мирбек Сүйүнбаев жаштарга үлгү болуп, 2010-жылы Кытайдын Гуанжоу шаарында өтө турган 16-Азия оюндарына ушу-саньдо боюнча бараарын, келээрки жылдын май айында Италияда өтө турган кикбоксинг боюнча дүйнө Кубогуна катышууга, азыртан даярдык көрүп жатканын билдирди.
.
XS
SM
MD
LG