Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14

“Дордой-Динамонун” атаандаштары аныкталды


“Дордой-Динамо” Азербайжандын, Финляндиянын жана Латвиянын чемпиондору менен беттешет
“Дордой-Динамо” Азербайжандын, Финляндиянын жана Латвиянын чемпиондору менен беттешет

17-25-январда Москвада өтчү “Шериктештик-2009” турниринде өлкөнүн беш жолку чемпиону “Дордой-Динамо” “Д” тобунда мөөрөй талашып Азербайжандын, Финляндиянын жана Латвиянын чемпиондору менен беттешет.

Он алты өлкөнүн мыкты клубдары катышкан бул чемпионат Москвадагы “Олимпийский” жана “Динамо” спорт борборлорунда өтмөкчү.

  • Кыргыз хоккей федерация өкүлдөрү Москвага барат

Биринчи каналдын кубогу үчүн өтө турган турнирге кыргыз делегациясы катышат. Оюнга Орусиянын хоккей федерациясынын башчысы Третьяк расмий түрдө чакырганын, бул кыргыз хоккейинин келечеги кең экендигинен кабар берерин кыргыз хоккей федерациянын башчысы Мурат Жакыпов “Азаттыкка” билдирди. Бул ирээт спортчулар катышпастыгын, жөн гана сүйлөшүүлөр жүрүп, келечек максаттар тууралуу баарлашуу болоорун кошумчалады.

Азыр Кыргызстанда он эки команда спорттун бул түрү менен машыгат. Федерация быйылкы кышкы сезондо үч турнир өткөрүүнү максат кылууда, дейт Жакыпов:

- Орусия хоккей федерациясынын башчысы Третьяктын чакыруусу менен Москва шаарына жөнөгөнү турабыз. Бул турнирге азырынча кыргыз хоккейчилери барбайт. Бул жолу сүйлөшүүлөр гана жүрөт.

Мурат Жакыпов бул кышкы сезондо өлкөдө бир катар турнирлер өтөөрүн маалымдады:

- Спорт агентиги менен биргеликте Кыргызстан чемпионатынын, Эркинбек Матыевдин элесин арналган турнирди жана президенттин кубогу үчүн мелдештерди өткөрсөк деген оюбуз бар. Каржылоо жагын айтсак элибиз турат, ишкер жигиттерибиз бар баарыбыз бирдикте бул спортту өнүктүрө алабыз деген ойдомун.

- Учурда бул спортко тартылган жаштар көппү жана мыкты спортчу деп сиз кимди айтаар элеңиз?

- Бул спорт менен 25-50-жашка чейинки спортчулар машыгууда. Өспүрүмдөр арасында дагы жаш командабыз бар. Аларга үмүтүбүз чоң. Хоккейчилерибиздин асты Орусияда оюн көрсөтүп жүрүшөт. Урмат Шамырканов аттуу спортчубуз Москва шаарындагы “Химики” клубунун мыкты оюнчуларынын бири. Эми келечекте ал өз чеберчилигин биздин жаштар менен бөлүшөт деген ойдомун.

  • 9-10-декабрда Кожомкул атындагы спорт сарайында көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт.

  • 12-13-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган турнир уюштурулат. Бул эл аралык мелдешке беш өлкөдөн жүздөй чоюн билек балбандар мөөрөй талашмакчы.

  • 13-декабрда “Абдыш-Ата” спорт комплексинде кичи-футбол боюнча ардагерлер арасында чемпионат болот.

  • 13-14-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда таэквандо ITF боюнча “Үмүт” кубогу өтөт.

XS
SM
MD
LG