72 кг чейинки балбан кыздардан Яна Панова мыктылыгын көрсөттү. 57 кг категориясында Ильгиз Анарбекова, 55 кг салмагында Гүлина Кубатбек кызы, 48 де Махринсо Нурматова, ошондой эле Азияр Турдугул кызы, Бурул Алымкул кызы, Нестан Ниязова өз салмак категориясында чемпион аталды.
Кант шаарында футбол боюнча Ала-Тоо кубогу үчүн эл аралык мелдеш башталды
Мелдешке Тажикстан жана Кыргызстан курамалары, Тараз шаарынын командасы ошондой өлкөнүн беш жолку чемпиону “Дордой-Динамо”, вице-чемпиону “Абдыш-Ата”, Кыргызстандын жаштар курамасы, “Шер” жана “Алай” клубlары катышып, өз ара мөөрөй талашууда. Турнир жети күнгө созулуп финалдык оюн 18-мартта өтөт.
Каныбек Сагынбаев Украинада өткөн коммерциялык турнирде коло байге утуп алды
Спорттун бул түрүнөн жараткан ийгилиги үчүн кыргызстандык бильярдчы Сагынбаевге мамлекет үч бөлмөлүү квартира белеке берди. К. Сагынбаев Орусия менен Казакстандын өкүлдөрү көп чакырып жатканын, бирок, кандай гана мелдеш болбосун Кыргызстандын аты менен, Кыргызстандын желеги менен катышарын билдирип жатканын айтты.
Дүйнөдөгү алдыңкы он спортчунун катарына кирген Каныбек Сагынбаев дүйнөнүн жана Евразиянын бир нече жолку чемпиону. Ал өз карьерасында ар кыл даражадагы жүз элүүдөй медалдын жана 70 кубоктун ээси болууга жетишкен.
17-20-март күндөрү Кант шаарында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Мелдешке спорт чеберчилигине талапкер болгон 34 жашка чейинки боксчулар катыша алат. Чемпионатта спортчулар он бир категория боюнча күч сынашат жана ар бир салмактан 16дан мушкердин катышышы күтүлүүдө. Оюндун жүрүшүндө “Мыкты боксчу”, “Мыкты машыктыруучу” жана “Мыкты калыс” номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылат.
Бул турнирдин жүрүшүндө алдынкы мушкерлер тандалып курама командага мүчө болот дейт, - ага машыктыруучу Адылхан Бекболотов:
- Алдынкы спортчулар февраль айында Ысык-Көлдө окуп-машыгуу иштерин өткөрүп келишти. Алар азыр өз машыктыруучулары менен биргеликте Кыргызстан биринчилигене даярдык көрүшүүдө. Баардык аймактардан спортчулар келишти. Баш-аягы 100 чакты мушкерлер күч сынашат окшойт.
- Боксчулар өздөрүн кандай көрсөтчүдөй, ишеним жаратчу спортчулар байкалдыбы?
- Союз маалында Кыргызстандан жакшы спортчулар чыгып, дүйнө жана Европа чемпионаттарында ийгилик жаратышкан. Биз дагы алардын жолун жолдойбуз деген ишеним бар. Жакшы шарт түзүлүп, колдоо болсо баары оңунан чыгат. Бээжин олимпиадасына Кыргызстандан Таласбаев гана барган. Ал бул мелдеште дагы катышканы турат. Мурунку курама командадагы спортчулар менен катар жаңы өсүп келе жаткан мушкерлер өз деңгээлдерин сынашат.
Спорттон куш кабарлар:

- 16-20-мартта Кант шаарында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.
- 16-21-мартта Кожомкул атындагы спорт ордосунда баскетбол боюнча “Нооруз-2009” эл аралык турнири болот.
- 19-21-мартта “Ак-Кула” атмайданында көк-бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган мелдеш өтмөкчү.
- 20-21-мартта шаардык муз майданда хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионаты болмокчу.
- 20-21-мартта күрөш боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги болот.
- 20-21-мартта тогуз-коргол боюнча Нооруз майрамына арналган мелдеш өтөт.
- 20-21-мартта Стрельник лыжа базасындатоо лыжасы боюнча Нооруз майрамына арналган мелдеш болмокчу.
- 21-мартта ботаникалык бакчада жеңил атлетика боюнча Нооруз майрамына арналган мелдеш өтмөкчү.