Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Эрежесиз мушташ: Эки спортчу Азия чемпиону аталды


26-27-июнь күндөрү Бишкекте эрежесиз уруш боюнча Азия биринчилиги өттү. Анда Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Перунун спортчулару чемпиондук наам үчүн күч сынашты.

67 кг салмак боюнча латынамерикалык Фран Парадез Кыргызстандык Рафаэль Физиев менен мөөрөй талашты. Натыйжада 2:1 эсебинде перулук спортчу жеңилүүгө учурады. 65 кг салмакта Нариман Мусаев атаандаштарынын баарын жеңип чемпиондук кемерди тагынды. Ал эми 60 кг категориясында мушташ самбосу боюнча дүйнө биринчилигинин коло медаль ээси Төлөгөн Сарлыков мыктылардын мыктысы аталып, Азиянын чемпиону наамына татыктуу болду.

"Калкан" жеңилди

Москва шаарынын "Арбат" клубунда кикбокс боюнча Европа чемпионаты болуп, ага Кыргызстан, Чехия, Орусия жана Белоруссиянын спортчулары катышты. Турнирде Кыргызстандын намысын Азиянын чемпиону, Евразия биринчилигинин эки жолку жеңүүчүсү Кумар Жалиев коргоду.

“Калкан” каймана атына ээ болгон Жалиев жарым финалдык таймашта Европанын чемпиону, тай боксу боюнча дүйнөнүн эки жолку жеңүүчүсү белорустук Юрий Горбачев менен чыгып таамай соккуларынан улам жеңишке жетеп финалдык бөлүкө бет алды.

Экинчи жарым финалдык таймашта Чехиянын атлети Анотолий Хунонян Орусиялык Александр Стецуренкодон жеңилүүгө учурады. Финалдык бөлүктө Жалиев Стецуренконун соккуларына жол бербөө аракетин көрүп, алыс аралыкта мушташ жүргүзгөнү менен, үч раунддун жыйынтыгында жеңилип калды. Натыйжада орусиялык спортчу Александр WBKF версиясы боюнча Европанын чемпиону наамына татыды.

Турнир өтүшү жана атаандаштары тууралу Кумар Жалиев "Азаттыка" маек куруп берди:

- Биринчи атаандашым белорус спортчусу болду. Бул атлет менен болгон таймаш аяктаары менен финалдык мушташ башталды. Чемпиондук наам үчүн орус спортчусу менен кармаштым. Алгачкы атаандашым күчтүү болуп, чарчап, бутуман дагы жарат алгандыктан чечүүчү оюнга толук күчүм менен чага алган жокмун. Ошондуктан калыстардын чечими менен жеңиш Стецуренкого ыйгарылды.

"Азаттык": - Сиз таймашкан WBKF версиясы тууралу сөз кылып берсеңиз?

- WBKF дүйнө жүзү боюнча алдынкы версиялардын бири болуп эсептелинет.
Бул жааттагы турнирлерге профессионал спортчулар катышат. Мелдешке чыккандар баш кийим жана бутту коргоочу калкандарды кийбей күч сынашат. Комерциялык жактан дагы шарттары өзгөчөлөнүп турат. Москва шаарындагы проумотерлер лицензия сатып алышып, бул турнирди бир нече жылдан бери өткөрүп жатышат.

"Азаттык": - Европа чемпиону үчүн күч сынашып келдиңиз. Эми алдыда кайсы турнирлерге катышасыз?

- Июль айынын ортосунда Бишкекте президенттин Кубогу болот. Август айында Бангокто Азия чемпионаты өтөт. Күз айларында Түркияга “К1” мелдешине чакыруу келген. Ошондой эле Португалияда өтө турган кикбокс боюнча дүйнө чемпионатына даярдык көрүшүм керек.

XS
SM
MD
LG