Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Кыргызстандын футбол командасы Шри-Ланкага барат


Ольга Решетковага спорттук кийим тапшырылды.
Ольга Решетковага спорттук кийим тапшырылды.

Учурда 21 футболчудан турган өлкө курамасы Бахрейнде машыгуу өткөрүшүүдө. Оюнчулардын катарында Азамат Байматов, Антон Землянухин, Мирлан Мурзаев сыяктуу алдыңкы футболчулар бар. Алар Бахрейн курамасы жана жергиликтүү клубдар менен таймашат.

Кыргызстандын курама командасы Шри-Ланкада өтө турган Азия Футбол Конфедерациясынын Чакыруу кубогуна катышат. Алар В тобунда Индиянын жаштар, Түндүк Кореянын экинчи курамы жана Түркмөнстандын негизги командасы менен мелдешет. Бул биринчиликтин жеңүүчүсү аталган өлкөгө Азия-2011 Кубогуна жолдомо ыйгарылат.

Кыргызстандын чоң теннис боюнча кыздар курамасы Малазияда Азия жана Океания аймагындагы Федерациялар Кубогунда мөөрөй талашууда. Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан мелдеште өлкө намысын Ксения Палкина, Бермет Дуванаева сыяктуу алдыңкы спортчулар коргошууда. Алар группа ичинде өткөн таймашта алгач Филиппин менен Сириянын теннисчилерин 3:0 эсебинде утуп, кийинки таймашта Гонконг курамасын 2:1 упайы менен жеңип алышты. Кубокко катышкан 16 курама эки топко бөлүнүп, мөөрөй талашууда. Мелдеште спортчулар жеке жана түгөйлөр түрүндө күч сынашууда.

Ванкувер Олимпиадасына Кыргызстандын делегациясы жөнөйт

Кышкы олимпиада оюндарында Дмитрий Трелевский жана Ольга Решеткова аттуу спортчулар лыжа тебүү түрү боюнча өлкө намысын коргошот. Алардын катарында эки машыктыруучу да бар. Андан тышкары Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин башчысы Мурат Саралинов, Мамлекеттик спорт агенттигинин жетекчиси Айдарбек Керимкулов баштаган аткаминерлер барышат. Атлеттерге 44 миң сомдук атайын спорт кийимдери тапшырылды.

Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов спортчулардын даярдыктары тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Ванкувер Олимпиадасына үч спортчу даярдык көрүп жатышкан эле. Алардын экөө жолдомо алышты. Ольга Решеткова аялдар арасында 10, 15 жана 30 чакырымда лыжа жарышына түшөт. Дмитрий Трелевский тоодон жарышып түшүү мелдешине катышат. Ал эми Ваккурин аттуу сноубордчу 51-орунду ээлеп, Олимпиадага катышууга упайы жетпей калды. Спортчуларыбыз Орусия менен Европада машыгып келишти. Менимче, даярдыктары жакшы.

“Азаттык”: УОК тараптан спортчуларга кандай колдоо болду?

- Учурда Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрүнө мамлекет аз каражат бөлүп жатат. Ошондуктан биз Эл аралык Олимпиада комитетине сунуш киргизип, каражат бөлдүргөнбүз. Ал бир спортчуга машыгууга деп төрт миң доллардан колдоо көрсөткөнбүз. Андан тышкары олимпиада оюндарында алардын эс алчу жайы жана тамак-аш маселелерин да чечкенбиз. Колдон келген аракетибизди жасадык.

“Азаттык”: Ванкувер Олимпиадасына канча өлкө катышат? Даярдыктары кандай экен?

- Кышкы Олимпиада оюндары жакшы өтөт деген ойдомун. 80ден ашуун малекеттин спортчулары катышаары күтүлүүдө. Алар спорттун 15 түрүнөн күч сынашат. Учурда Ванкуверде күн жылуу болуп, кар жетишпей жатат. Бирок бул маселени уюштуруучулар чечүүдө.

Кыскача спорт жаңылыктары

9-10-февралда Дене тарбия жана спорт академиясында жеңил атлетика боюнча Сатымкул Жуманазаров атындагы ачык чемпионат өтөт.

10-12-февралда Кожомкул атындагы спорт ордодо спорт жана мушташ самбосу боюнча Виталий Гордеевдин элесине арналган 21-эл аралык мелдеш болот.

13-февралда Кожомкул атындагы спорт ордодо «Форвард» баскетбол лигасынын алкагында жолдоштук беттешүүлөр болот.

14-февралда кекушинкай карате боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт.
XS
SM
MD
LG