Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

“Дордой-Динамо” клубунун атаандаштары аныкталды


Азия футбол конфедерациясынын президентинин чакыруу Кубогунда Кыргызстан чемпионунун атаандаштары аныкталды. Май айынын ортосунда “Дордой-Динамо”, А тобунда Непал, Бангладеш жана Кытай Тайбейинин чемпиондору менен мөөрөй талашат.

В тобунда Тажикстан, Шри-Ланка футболчулары баштаган команда С группасында Түркмөнстан, Мьянма, Бутандын клубдары мөөрөй талашат. Тайпа ичиндеги оюнда алдыңкы эки орунга татыган клуб мелдештин финалдык бөлүгүнө жолдомо алат. Кыргызстандын “Дордой-Динамо” клубу эки ирээт бул Кубоктун ээси аталган.

Самбочулар Сеулдан эки алтын жеңишти

Түштүк Кореянын Сеул шаарында спорттук жана мушташ самбосу боюнча Чыгыш Азиянын ачык чемпионаты өттү. Мелдешке Орто Азия мамлекеттери менен катар Монголия жана Кореянын спортчулары катышып мөөрөй талашты. Анда Кыргызстандын намысын үч спортчу коргоп, үчөө тең байгелүү орунга ээ болушту.

Спорттук самбодон алтын, ал эми мушташ самбосунан күмүш медалды 52 кг салмакта күч сынашкан Азамат Асакеев жеңди. Ошондой эле Жайнабек Аматов 82 кг категорияда чемпион наамына татыды. Ал эми Анара Эстебесова 57 кг салмакта коло байгеге ээси аталды.

Кыргызстан-АКШ - 60:35

Аялдардын эл аралык майрамына арналып, баскетбол боюнча жолдоштук беттешүү өттү. Анда Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы менен Американын командасы мөөрөй талашты. Мелдештин алгачкы бөлүгүндө Бишкектин оюнчулары 14 упай топтоого жетишсе, атаандаштар эч бир упай топтой алышкан жок. Оюн жыйынтыгы Кыргызстандын пайдасына - 60:35 эсебинде аяктады. Бардык оюнчулар гүл жана баалуу сыйлыктардын ээси болушту.

“Хан-Теңри” - хоккей боюнча Кыргызстандын чемпиону

4-5-мартта Бишкек шаардык муз майданда хоккей боюнча Кыргызстан биринчилиги өттү. Анда ар аймактардан келген алты команда мөөрөй талашты. Жумгалдан “Тенти-Аке”, “Эркин-фарм” клубдары, Бишкектен “Хан-теңри”, Оштон Алай району, Нарындын “Дордой-Ала-Тоосу” жана Ысык-Көл курамасы өз ара күч сынашты.

Натыйжада “Тенти-Аке” клубу “Эркин-Фарм” командасын 3:2 эсебинде жеңип, коло медал ээси болду. Финалдык мелдеш “Дордой-Ала-Тоо” менен “Хан-Теңри” командаларынын ортосунда өтүп 4:2 упайы менен Бишкектин курамасы чемпион атылды.

Кыргызстандын Хоккей федерациясынын башчысы Мурат Жакыпов чемпионаттын жүрүшү жана хоккейдин келечеги тууралуу сөз кылды:

- Хоккей биринчилигинин деңгээли жылдан жылга өсүүдө. Оюнчулар да жакшы таймаш көрсөтүп жатышат. Кыргызстанда хоккей өнүгүп, эл аралык аренага умтулабыз десек, ден соолугу чын муунду өстүрүүнү кааласак, ар бир облуска бирден муз майдан куруу зарыл. Ошондо мындан да чоң көрсөткүчкө жетебиз.

“Азаттык”: Федерациянын алдында кандай максаттар бар?

- Жакын арада дагы бир мелдеш өткөрөлү деген ойдобуз. Буга чейинки оюндардын негизинде жана алдыда боло турган таймаштардын жүрүшүндө курама командага мыкты оюнчуларды тандай баштадык. Жаш жана мыкты хоккейчилерден турган өлкө курамасы 2011-жылы Казакстанда өткөнү турган Жетинчи Азия оюндарында мөөрөй талашат.

Кыскача спорт жаңылыктары:

10-мартта Кожомкул атындагы спорт сарайда “Алыш” бел кур күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт. Мелдеште 15 өлкөнүн спортчулары күч сынашат

12-мартта Кыргызстандын жаш теннисчиси Данияр Дулдаев Астанада өтө турган эл аралык турнирде мөөрөй талашат

12-13-мартта грек-рим күрөшү боюнча уландар арасында өлкө чемпионаты болот

12-14-мартта ат спорту боюнча өлкө чемпионаты болот.

14-мартта фитнес жана бокс борборунда кол күрөш боюнча Кыргызстан чемпионаты өтөт.

“Хан-Теңри” - Кыргызстандын чемпиону
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:33 0:00
XS
SM
MD
LG