Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Е.Ваккер Азиядагы эң мыкты 20нын катарында


Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер
Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер

Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер Малайзияда өткөн "Тур Ланкави" жарышына катышып, жетинчи күндүн жыйынтыгында 20-орунга ээ болду. Жети этаптан турган бул мелдештин жыйынтыгында ал 24 саат 31 мүнөт 32 секундда маарагы жетип, мелдештин чемпиондорунан 23 мүнөткө утулуп калды.

Натыйжада Ваккер мөөрөй талашкан “Giant” клубу турнирде командалык тогузунчу орунга татыды. Эми ал жакында Тайван турунда да мөөрөй талашканы турат. Жыл сайын өтүп келген бул мелдешке Голландия, Гонконг жана Малайзия курама командаларынан тышкары 20 чакты профессионалдык командалар мөөрөй талашат.

Н.Пазылов бокс боюнча Азия чемпионатынын байге ээси болду

Ирандын Тегеран шаарында жаштар арасында Азия чемпионаты өттү. Анда Кыргызстандын намысын алты спортчу коргоду. Натыйжада 17 жаштагы мушкер Нурсултан Пазылов жарым финалга чыгып, коло медал жеңип алды. Ал эми калган беш спортчунун үчөө тандоо бөлүгүндө, экөө чейрек финалда атаандаштарынан жеңилип калган.

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина
К.Палкина жарым финалда мелдештен четтеп калды

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Түркиядагы эл аралык мелдештин жарым финалында словакиялык Михаэлла Почобовадан жеңилип, таймашты уланта алган жок. Ал буга чейинки таймашта польшалык, аргентиналык жана италиялык спортчуларды жеңип алган. Ушул эле мелдеште Палкина австралиялык Тамми Петерсон менен бирге түгөйлөр арасында мелдешке чыкты. Алгачкы таймашта түркиялык, словакиялык андан соң румыниялык теннисчилерди жеңген түгөйлөр жарым финалда италиялык спортчуларга 7:6, 6:1 эсебинде жеңилип, таймашты уланта алышкан жок.

Эрежесиз эр уруштун мыктылары аталды

Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан келген командалардан тышкары Казакстан жана Түркмөнстандын спортчулары катышты. Чемпионат кыздар, боз уландар жана улуулар арасында өтүп, жалпысынан 200 чакты спортчулар мөөрөй талашты. Анда уландар 1,5 мүнөттөн 2 раунд, өспүрүмдөр 2 мүнөттөн 2 раунд, ал эми улуулар 3 мүнөттөн 3 раунд күч сынашты.

Чемпионатта уландар арасында Панфилов району, өспүрүмдөр арасында Бишкектин “Таймаш” клубу, улуулар арасында Дене тарбия жана спорт академиясы командалык биринчи орунга татыды. Ошондой эле таймашта Жолдошбай уулу Абдырашит, Рустам Өмүрбеков, Манас Коноков, Рустем Капалов, Эмилбек уулу Руслан, Абдраим Рахманов, Жээнбек уулу Тилек өз салмак категорияларында алтын медал тагынышты.

Алыш бел кур күрөшү боюнча Азия чемпионаты аяктады

Азия биринчилигинде мөөрөй талашкан кыргыз спортчулары бир алтын, бир күмүш жана алты коло медал жеңип, мелдеште командалык экинчи орунга татыды. Биринчиликтин үч алтын, бир күмүш жана эки коло медалын жеңген Иран курамасы алдыңкы катарга чыкса, бир алтын төрт күмүш медалдын ээси болгон түркмөн балбандары командалык үчүнчү орунга татышты. Чемпионатка Иран, Ирак, Түркия, Түркмөнстан мамлекеттери баштаган он өлкөдөн 65 балбан күч сынашты.

Спорттун чебери, балбан Мирлан Калилов Алыш күрөшү боюнча пикирин айтты.

- Алыш таймашы кыргыз күрөшүнөн эч айырмаланбайт. Анда да кур курчанып мөөрөй талашат. Күрөштүн бул түрү менен ата-бабабыз алышып келген. Алыш түрү ошол спорттун уландысы учурда бул федерациянын эл аралык аренада төбөсү көрүнүп калды. Ийгиликтери да жаман эмес. Ошондуктан кыргыз күрөшкө мамлекет чоң деңгээлде көңүл бурса дагы өнүгүү болот. Мындай мелдештерди уюштуруп Азия, Европа аймагында биринчиликтер өтүп турса бел кур күрөшү Олимпиада оюндарынын катарына кошулушу мүмкүн.

- Башкалаада өткөн Азия биринчилигине кандай баа бересиз?

- Бишкектеги чемпионатта Иран курамасынын командалык биринчи орунга татышы мыйзам ченемдүү мисал. Себеби ирандыктар бала кезинен тарта күрөш менен машыгышат. Ийгиликке жетүү үчүн аларга бардык шарттар түзүлгөн. Бизде, тилекке каршы, андай болбой жатат. Кыргыз күрөш улуттук спорттун түрүнө киргизилип, бирок жетиштүү деңгээлде уюштуруу иштери жүрбөй жатат. Бирок бул мелдеште кыргыз балбандарынын экинчи орунга татышы жаман көрсөткүч эмес. Келечекте чоң ийгиликтер болот деген ойдомун.

Кыскача спорт кабарлары

18-21-мартта Кожомкул атындагы спорт сарайда баскетбол боюнча “Нооруз-2010” эл аралык мелдеши өтөт.

19-21-мартта ат спорту боюнча Кыргызстандын чемпионаты болот.

19-21-мартта “Ак-Кула” ат майданында көк-бөрү боюнча ИИМдин Кубогу болмокчу.

21-мартта эски борбордук аянтта кол күрөш, ордо, шахмат, стол тениси жана күрөш боюнча майрамдык мелдеш өтөт.

21-мартта “Спартак” стадионунда “Дордой-Динамо” (Бишкек) менен “Абдыш-Ата” (Кант) командалары жолдоштук беттешүү өткөрүшөт.

21-мартта Нооруз майрамына арналып, жеңил атлетика боюнча салттык мелдеш өтөт.
XS
SM
MD
LG