Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Бахтияр Кочкоров – футбол боюнча дүйнө чемпионатынын калысы


Кыргызстандык Бахтияр Кочкоров Түштүк Африка өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына калыстык кылат.Ташкенте самбодон Азия чемпионаты өтүүдө.

Азия чемпионатынын күмүш байгеси

Ташкентте өтүп жаткан самбо боюнча Азия чемпионатынын биринчи күнүндө эле кыргызстандык спортчулар жогорку ийгиликтерди жаратышты.

Алар: Анара Эстебесова, (56 кг.), Рахат Асангазиева (64 кг.), Нурлан Эралиев (62 кг.) жана Темирлан Бокоев (68 кг.) күмүш медалдын ээси болушуп, экинчи орунду ээледи.

Ташкенттин “Жар” деп аталган спорт комплексинде өткөн самбо боюнча Азия чемпионатында жалпысынан 20 мамлекеттен 500 спортчу күч сынашып жатышат. Алар: Ооганстан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Монголия, Орусия, Сирия, Сингапур, Түркмөнстан, Түштүк Корея, Жапония жана Өзбекстан жана башка өлкөлөр.

Бахтияр Кочкоров – футбол боюнча дүйнө чемпионатынын калысы

Кыргызстандык Бахтияр Кочкоров жакында Түштүк Африка өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына калыстык кылуу үчүн аттанып кетти.

Бул калыс тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар башкармасынын башчысы Нурдин Букуев “Азаттыкка” билдирди.

- Футбол боюнча эл аралык даражадагы калыс Бахтияр Кочкоров 1970-жылы Ош шаарында туулган. Ал футбол калыстыгы жаатында жетишкен ийгиликтеринен улам, 2001-жылы Жапонияда өткөн 16 жашка чейинки уландардын Азия чемпионатында калыстык кылган.

Андан сырткары кыргызстандык калыс Бахтияр Кочкоров Түштүк Кореяда, Канадада, Нигерияда жана башка мамлекеттерде өткөн футболдук беттешүүлөрдө калыстар тобунда кызмат кылып, өнөрү менен таанылган.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 11-июнда Түштүк Африкада башталып, 11-июлда жыйынтыкталат.

Канат Бегалиев атындагы спорт ордосу курулат

Талас областындагы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында Бээжин Олимпиадасынын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси Канат Бегалиев атындагы спорт комплекси курулат.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаевдин айтымында, азыркы учурда долбоорлук иштер аяктап, жакын арада 130 миң доллар өлчөмүндөгү курулуш башталат.

Кыргыздар да хоккейге кызыгат

Бишкектин шаардык муз аянтында 2009-2010-жылдардын сезонунун жабылышына арналган хоккей боюнча беттешүү болду.

Хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун айтымында, “Хан-Теңри” жана “Ник-Фьюжен” командалары беттешти. Жыйынтыгында “Хан-Теңри” 4:2 эсеби менен атаандашын утуп алды.

Мурат Жакыпов белгилегендей, бул сезон жогорку деңгээлде өттү. Кыргыз командалары орусиялык белгилүү хоккей оюнчулары менен беттешкен болсо, балдар командалары биринчи жолу Казакстандын жаш хоккейчилери менен ойношту.

Кожомкулдай балбандар сыналат

5-июнда эркин күрөштөн Каба уулу Кожомкулдун байгесине арналган эл аралык мелдеш 48-ирет өткөрүлөт.

Быйылкы турнирге Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тандалган эки жүздөн ашуун балбаны күч сынашууга келип, атаандашканы турушат.

Өлкөдө күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси Жеңиш Дөнбаевдин айтымында, кыргызстандык балбандар үчүн башкы сыноо - күзүндө Кытайдын Гуанжо шаарында өтө турган 16-Азия оюндарынын таймашуулары турат.

Кыргызстандын волейбол боюнча чемпионаты

Бишкекте 7-июндан 13-июнга чейин эркектердин жана кыз-келиндердин клубдук командаларынын ортосунда Кыргызстандын волейбол боюнча чемпионаты өтөт.

Мелдештерге Бишкектин, Оштун, ошондой эле Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан ондон кыз-келиндер жана эр-азаматтар командалары катышат.

Кыз-келиндердин командалары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында, ал эми эркектер Кожомкул атындагы спорт сарайында мөрөй талашмакчы.

Ваккерге бак бер

Учурда Индонезиянын Суматра аралында эл аралык “Тур Синкарак” веломелдеши өтүүдө. Ага кыргызстандык веложарышчы, Азиянын көп жолку чемпиону, Азия оюндарынын беш жолку байге ээси Евгений Ваккер катышып, өлкө намысын коргоп жатат.

Велоспорт боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу Эркин Акрамовдун маалыматы боюнча, спортчулар 600 километрге созулган аралыкты алты этап менен өтүп, мөрөй талашууда. Бул эл аралык мелдешке 22 мамлекеттен жүздөн ашуун велоспортчу катышып, жеңүүчүлөр 6-июнда аныкталат.
XS
SM
MD
LG