Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Азия чемпионатында балбандар таймашууда


10-июнда Кытайда жаштар арасында эркин жана грек-рим күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды. Мында кыргызстандык 19 балбан өлкө намысын коргоп жатат.

Кытай эл республикасынын Хуангшанге шаарында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты башталып, анда жыйырмадан ашуун мамлекеттин балбандары күч сынашып жатат.

10-июнда биринчи башталган грек-рим күрөшүнөн Азиялык таймашууларда Кыргызстандын намысын жети балбан коргоп жатат. Алардын катарында былтыр эр-азаматтар арасында 120 кг. салмакта Азия чемпионатынын коло байгесин уткан Мурат Романов да мөрөй талашууда.

Өлкөнүн күрөш спортун өнүктүрүү борборунун жетекчиси Жеңиш Дөнбаевдин айтымында, Кытайдагы Азиялык биринчиликте кыргызстандык жаш балбандардан үмүт кылып, мөрөй алат деген ишеним бар.

-Грек-рим күрөшүнөн оор салмакта Мурат Романов, 55 кг. салмакта Элдар Бегалиев, 60 кг. салмакта Кубанычбек Алтышмышбаев, 66 кг. салмакта Кожобек Эсенгелди уулу, 74 кг. салмакта болсо Нурсултан Малаканов, 84 кг. салмактагы Аман Токтогонов жана 96 кг. салмакта Тынчтык Токторбаев биздин ишеничти актай деп үмүт кылып турабыз.

Мурда уландар арасында грек-рим күрөшүнөн Уран Калилов, Канат Бегалиев, Калыбек Жолчубеков, Жанарбек Кенжеев дүйнө жана Азия чемпиондору болуп, өлкөнү тааныткан.

12-июнда эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары башталат. Кытайга эркин күрөшчү жаш балбандарды өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Садыкжан Юсупходжаев баштап барды.

Жеңил салмактарда Изат Кадыров, Самат Надырбек уулу, 60 кг. салмакта Эржан Абдыгулов, 66 кг. салмакта Нурлан Куранов жана 74 кг. салмакта Илгиз Жакыпбеков Кыргызстандын намысын коргоп, килем үстүндө күч сынашат.

Кыз-келиндердин эркин күрөш боюнча Азиялык таймашуусуна Кыргызстандан жеңил салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Махриницо Нурматова, 48 кг. салмакта нарындык Ажар Турду кызы, 55 кг. салмакта Мээрим Камчыбекова, 67 кг. салмакта Алтынай Анарбек кызы жана 72 кг. салмактагы Элзат Абыласан кызы эки күндөн кийин күч сынашканы даярданып турушат.

13-июнда Азия чемпионатынын таймашуулары жыйынтыкталат.

Мурдакы жылдары эркин күрөш боюнча уландар арасында Азия чемпиондугун кыргызстандык Сүймөнкул Табылды уулу жана Могамед Будунов утуп алышкан. Кыргыз балбандарынан Ильяс Өзүмбеков, Уларбек Тууганбай уулу, Самат Толубаев, Мирлан Молдалиев Азия чемпионаттарында күмүш байгелүү болушкан.

Ал эми уландар арасында Турарбек уулу Нурлан, Ноорузбек Белеков, Алмаз Эргешов, Азат Дөңбаев жана башка жаш балбандар Азия биринчилигинде коло байгелүү болушкан.

Уландар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан Улан Надырбек уулу гана жеңип алган. Учурда да Улан 16-Азия оюндарына даярдык көрүүдө.

Өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Абилдаевдин пикиринде, Бээжин олимпиадасында Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев мөрөй алып, күмүш жана коло байге уткандан бери өлкөдөгү жаштардын көбү күрөшкө дилгир болуп, таланттуу жаш балбандар жетилип келатат.

- Ошондуктан алардын чеберчиликтерин өстүрүп, такшалдырып туруу үчүн эл аралык ири мелдештерге катыштырып, чет өлкөлөр менен биргелешкен машыгууларды өткөрүп туруу зарыл. Келечекте Канат менен Русландын ордун басып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытуучу жаштар арбын. Аларды колдоого алып, ири мелдештерге жиберип, тажрыйба топтоого шарт түзүп берүүбүз керек.

Быйыл август айында Сингапурда өтө турган дүйнөлүк жаштардын биринчи олимпиадасына учурда кыргызстандык 3 жаш балбан жолдомо алып, даярдык көрүүдө. Алардын ысымдарын атай кетели:

Кыргызстандык жаш балбан Урматбек Аматов Ташкентеги Азия чемпионатында 58 кг. салмакта бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталуу менен жаштар олимпиадасына жолдомо алган.

50 кг. салмакта өлкө намысын коргогон Шадыбек Сулайманов экинчи орунду ээлеп, ал да Сингапурда өтө турган жаштар олимпиадасына жолдомо алып, жолу ачылган.

Ушул Ташкенттеги Азия чемпионатында кыз-келиндердин эркин күрөш таймашуусунда таластык Айша Акбарова 46 кг. салмакта күч сынашып, үчүнчү орунду камсыз кылуу менен ал да жайында Сингапурда өтө турган жаштар олимпиадасына жолдомо алган.

Бишкекте спорт жармаңкеси болот

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен Кыргызстанда биринчи жолу Спорт жарманкеси өтөт. Бул жармаке туурасында мамлекеттик агентиктин жетекчисинин милдетин аткаруучу Алмазбек Касенов “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда алгачкы ирет уюштурулуп жаткан спорт жарманке 19-июнда Бишкек шаарынын “Спартак” стадионунда өтмөкчү. Ага республикалык спорттук федерациялардын жана спорттун түрлөрүн өнүктүрүү боюнча борборлору, ошондой эле өлкөнүн олимпиадалык резервинин балдар-уландар спорт мектептери катышат.

Жарманкеде спорттук товарлар, китептер, спортчулар жана сергек жашоо образын тандагандар үчүн кийимдер, жабдуулар коюлмакчы.

Иш-чаранын алкагында дзюдо, ат спорту, көркөм гимнастика, грек-рим күрөшү жана спорттун башка түрлөрүнүн өкүлдөрү көрсөтмөлүү оюн коюп, белгилүү эстарда ырчылары өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Кыргызстандык балбандардын 8 медалы

Кыргызстандын дзю-до боюнча тандалма командасы Казакстандын Усть-Каменогорскиде өткөн Марат Чегеевдин эстелигине ар жылкы эл аралык мелдеште үчүнчү жалпы командалык орунду ээледи. Бул эл аралык мелдеште кыргызстандык балбандар 4 күмүш жана 4 коло медал утуп алышкан. Командага дзюдо күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Сергей Мистрюков башчылык кылган.

Үстөл тенниси мелдештери

Кыргызстан үстөл тенниси ассоциациясы Бишкекте лигалар боюнча өлкөнүн ачык чемпионатынын VI мелдешин өткөрдү.

Чемпионат Бишкектеги Үстөл теннисинин борборунда өттү. Быйылкы жылдын декабрында мелдештердин жыйынтыктары боюнча жеңүүчүлөрү аныкталат.

Спортчулар лигаларга бөлүнгөн. Ар биринде алтыдан адам бар. Оюн айланма система боюнча өткөрүлүүдө. Ар бир мелдештин натыйжасында соңку эки орунду ээлешкен оюнчулар төмөнкү лигага чыгышат. Ал жактан жогорку лигага биринчи жана экинчи орундардан теннисчилер чыгат. Ар бир мелдештин натыйжалары боюнча мелдешке катышкандар упай алышат, алар байгелерди бөлүштүрүүдө аныктоочу болот.

Евгений Ваккердин байгеси

Кыргызстандык белгилүү вело спортчу, Азия оюндарынын жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Евгений Ваккер Индонезияда 8-июнда өткөн вело жарышта 3-орунга ээ болду.

Веложарышта бардыгы болуп 22 эл аралык команда катышып, биринчи жана экинчи орунга Ирандын курама командалар ээ болушту.

Кубанычбек Сагындыков - чемпион

Эркин пирамида спорттук бильярд боюнча Кыргызстандын чемпиону деген наамга Кубанычбек Сагындыков татыктуу болду.

Өлкө чемпиондугу үчүн мөрөй талашууга тандалган 32 спортчу катышкан. Финалда Кубанычбек Сагындыков Адам Зайлановду 7:0 упайы менен жеңип алып, баш байгенин ээси болду.
XS
SM
MD
LG