Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

ОШМУда окуу жылы нааразылык менен башталды


ОшМУнун медициналык факультетинин студенттери окуу шарттарын жакшыртуу талабы менен нааразылык акциясына чыгышты.

Университеттин башкы корпусунун алдына чогулган эки жүз чакты студент бир саат бою окуу жай жетекчилерин сыртка чыгышын күтүп, алардын койгон талаптарын чечип берээрине ишенип турушту.

Өзүн Руслан деп тааныштырган медицина факультетинин студенти, жаңы окуу жылынан тарта алар таптакыр шарты жок имаратта окуп жатышканын, мындан сырткары контракттык төлөмдүн суммасы да бир кыйла кымбаттап калганын айтты:

- Биздин имаратта шарт аябай начар экен. Быйыл контракт да кымбаттап калыптыр. Былтыр 25 миң сомдон төлөсөк, быйыл келсек эле 27 миңге чыгып калыптыр. Окуу бөлмөлөрү да аз экен.

Нааразылык акциясына чыккан студенттер, жылына отуз миң сомдон контракт төлөшкөнү менен окуу жай тараптан ошого жараша жакшы шарт жаратылбай, окуу куралдар жетишсиз, материалдык-техникалык база да талапка жооп бербей тургандыгын айтышты. Атын атоодон баш тарткан 3-курстун студенти «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Окуу имаратында эч кандай шарт жок экен, алыс. Эгер которуп бербесе, бүт студенттерди алып чыгабыз. Башка айла жок. Конракт төлөгөндөн кийин шартты түзүп бериш керек да.

Университет жетекчилиги окуу жай алдына чогулган жүздөгөн студенттер менен сыртта жолугушуудан баш тартып, алар менен атайын аудиторияда журналисттердин катышуусусуз жолугушуу өткөрдү.

Ректорат өкүлү Замирбек Божонов жолугушууда студенттер менен жетекчилик бир пикирге келгенин, алардын азыркы билим алып жаткан имаратында бир топ мыкты шарттар бар экенин айтты:

- Алар студенттер шаарчасындагы университеттин “Кампус” аталыштагы корпусуна жылдырылган. Ал жакка жакында атайын медициналык факультеттин студенттеринин билимин терендетиш үчүн клиника курулганы жатат. Аларга баарын түшүндүргөн соң, макул болуп тарап кетишти.

Оштогу мамлекеттик окуу жайдын медицина факультети бул түштүктөгү жападан жалгыз дарыгерлерди тарбиялоочу адистик. Ошол себептүү алардын окуу үчүн келишим акысы да башка факультеттерге салыштырмалуу дээрлик эки эсе кымбат. Бүгүнкү нааразычылык акциясына чыккан студент Кубаныч ректорат менен болгон жолугушууга канааттанбаганын, эгерде жетекчилик окуу корпусун которуудан баш тартса, анда мындан да көп сандагы студенттердин катышуусунда митинг өткөрүүнү пландашаарын айтты:

- Китеп да жетишпейт, азыркы окуу корпусубузда китепкана да жок экен. Досторум айткандай тоокканада эле окуп жатабыз. Бирок азыр жолугушууда ректорат ошол жакта эле окуйсуңар деп чечип койду. Студенттер ага ыраазы болгон жок. Эми абалга карап көрөбүз, дагы сүйлөшөбүз.

Ошентип түштүктөгү эн ири окуу жайда жаны окуу жылы «чү» дегенде эле жүздөгөн студенттердин нааразычылыгы менен башталды. Жергиликтүү серепчилердин айтымында, мындай нааразычылык акциялары билим берүү системасынын туташ кризиске кептелгенинин белгиси. Былтыр да дал ушул ОшМУнун журналистика адистигинин студенттери окуу сапатына өздөрүнүн нааразылыктарын билдирип чыгышкан эле.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG