Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

ОшМУ: Кимди ким коркутту?


Өткөн жылы 26-октябрда ОшМУнун студенттери келишим акы кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясына чыккан.
Өткөн жылы 26-октябрда ОшМУнун студенттери келишим акы кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясына чыккан.

Оштогу “Реал КУТ” жаштар уюмунун лидери, Ош мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Эрнис Нурматовго окуу жай ректору Муктар Орозбековдун атынан белгисиз бирөөлөр телефон чалып, аны коркутушууда. Андан көп өтпөй окуу жайдын проректору Ашыраалы Борбоев да Нурматовдун ата-энесине баласы тууралуу ачык эскертүү жасап, ректорго сын-пикир айтчу болсо атайын чара колдонулаарын эскерткен.

Эрнис Нурматов - Оштогу активист жаштардын бири. Ал учурда ОшМУнун журналистика адистигинде билим алат, бир эле убакта “Нур” аттуу студенттик гезиттин редактору.

Эрнистин демилгеси менен өткөн окуу жылында жүздөгөн студенттер окуу жай жетекчилигине нааразылык билдирип, келишим акыны төмөндөтүү жана жатакана баасын арзандатуу талабын коюшкан. Апрель ыңкылабынан кийин да студенттер топтолуп “Ак жол” партиясынын активдүү мүчөсү, ректор Муктар Орозбековго кызматтан кетиши керектигин айтышкан.

“Ректорго каршы сүйлөсөң жооп бересиң”

Эрнис Нурматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, ыңкылаптан кийин ага ректордун атын атап, түрдүү коркутуп-үркүтүүлөр башталган. Ал тургай окуу жай жетекчилигинен анын айылдагы ата-энесине да эскертүү жасашкан:

-18-апрель күнү ОшМУнун проректору Ашыраалы Борбоев үйгө барып атамды коркутуп келиптир. “Балаң эгерде ректорго каршы иштерди уюштура берчү болсо, ректор балдарды жалдап, башкача чараларды көрөм деп жатат” деп айтыптыр. Балдарга тепкилетип коюшу мүмкүн дегендей кылып коркутуптур. Андан кийин мага жашырылган номер менен бирөөлөр чалып, “ректорго каршы митингдерди уюштурсаң өмүрүңөн айрыласың, жаш экенсиң” деп бир нече жолу коркутушту.

Бирок ОшМУнун проректору Ашыраалы Борбоев Нурматов коюп жаткан дооматтарды четке кагаарын билдирди. “Мен студенттин ата-энесин коркуткан эмесмин” дейт Борбоев:

- Андай жаман жорукту ким айтты? Өзү кайда жүрөт ошол бала? Мени мынчалык аралаштырышты го бул ишке. Мен анын атасы менен тааныш катары эле телефондон сүйлөшкөм, абалын сурагам. Ректор да азыр ооруканада.

ОшМУнун ректору Муктар Орозбеков бир нече күндөн бери жумушка келбей жатканына байланыштуу аны менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Эки ректор – кош бийлик

Ыңкылаптан кийин Бишкекте жер басып алуу сыяктуу баш аламандыктар, кандуу кагылышта каза болгондорду акыркы сапарга узатуу иш-чаралары өтүп жаткан кезде, Оштогу оппозиция өкүлдөрү өз адамдарын кызматка дайындоо менен алек болушкан.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Социал-демократтар партиясынын Оштогу координатору Алымбай Кадыров партиялашы Асамидин Аттокуровду ОшМУнун ректору деп жарыялап жиберген. Бирок учурда экс-президент Бакиевдин жакын адамы делген Муктар Орозбеков да, Атамбаевдин тарапкери Асамидин Аттокуров да ректорлук кызматты аткарышкан жок.

Ал ортодо “бизге студенттердин камын ойлогон таза ректор керек” деген демилге менен чыккан студенттер минтип үрөй учурган коркутууларга дуушар болууда. “Эгерде ОшМУга кайрадан эле Муктар Орозбеков же анын орун басары Турдумамат Кадыров ректор болчу болсо, студенттер мөөнөтсүз митингдерди баштоону көздөп жатабыз” дейт аталган окуу жайдын студенти Чынарбек Алипбеков:

- Эрнис Нурматовго коркутуу болуп жатканын студенттер абдан кыжырдануу менен кабыл алдык. Бул ишти биз түздөн түз Муктар Орозбеков жасашы мүмкүн деп болжоп жатабыз. Эгерде ректорубуз мындай кылмыштуу аракеттерин токтотпосо жалпы студенттер көтөрүлөбүз! Азыр абдан кыжырданып турабыз.

Кысымга кабылган студент Эрнис Нурматов жашырылган номер аркылуу коңгуроо чалып коркуткандар тууралуу 20-апрелде Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылды. Аталган бөлүмдүн басма сөз катчысы Замир Сыдыков Нурматовдун арызы боюнча тергөө иштери жакынкы күндөрү башталаарын билдирди.

ОшМУнун студенттеринин өтүнүчү, студенттик лидерге кысым тууралуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсаловго кайрылганыбызда, кырдаал жөнгө салынгандан кийин бул маселе сөзсүз каралаарын айтты.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG