Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Чочко тумоосу он жети кишиге жукту


Коркунучтуу илдетке байланышкан Кыргызстандагы соңку жагдай боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов айтып берет.

- Зуридин мырза, алгач чочко тумоосунун жайылып кетпөөсү үчүн Кыргызстанда кандай иш-чаралар болуп жаткандыгын айта кетсеңиз?

- Азыркы күндө бул ооруга каршы туруу үчүн бир эле Салматтык сактоо министрлигинин жасаган иштери жетишсиз. Ошондуктан баардык министрликтердин адистери менен чогуу отуруп иш планы түзүлгөн, өкмөттүн токтому даярдалган. Бирок азырынча ага кол коюла элек, бүгүн кол коюлуп калса керек, ошол жерде баардык иш чаралар толугу менен такталып жазылып чыккан, ким эмнени кандай иштерди жасаш керек дегендей.

Андан тышкары азыркы күндө өзүңүздөр ММКдан угуп жатасыздар, азыркы саатка Кыргызстан боюнча бул илдекте чалдыккан 17 учур катталып калды, алардын баары лабораториялык жол менен тастыкталды. Мунун үчөөсү августтун аягында, бирөөсү октябрдын башында болду, андан кийин ушул айдын экисинде Москва-Бишкек багытындагы поезд менен келген жүргүнчүлөрдүн арасында башында жетөө болду эле, андан кийин үчөө болуп, азыр 10 киши алардын арасында болуп калды. Анан дагы Алматыда базарда иштеп келген аял киши да бул илдетке чалдыкканы кечээ күнү аныкталды.

- Кечээ түнү менен Орусиядан келүүчү поюздарды күтүп алганыңыздарды билебиз. Дагы канча киши чочко тумоосуна шектелип жатат?

- Ооба, ошол дагы азырынча проблема болуп атат, кечээ Новсибирский, Новокузнецкиден аралашма поезд менен келгендердин арасынан дагы 2 ооруну температурасы менен республикалык клиникалык ооруканага жөнөттүк. Калгандарын да бул жерден баардык медиктер карашты, алардын ичинде жок. Ооруп калган дагы бирөө Кайыңды бекетинен түшүрүлүптүр, дагы 3 киши температура болуп атат, экөөсү ооруканага жаткырылды.

- Мына ушул ооруну аныктоо үчүн “Манас” аэропортунда дагы кандайдыр бир иш чаралар жүрүп атабы?

- “Манас” аэропортунда, Ош аэропортунда биз тепловизор деген жабдык сатып алып койгонбуз, чет өлкөдөн келгендердин баары ошол жерден кароодон өтөт. Ал жерден өтүп жатканда эле кимдин температурасы бар болсо ошол жабдык аныктайт, анан медикдер алар менен сүйлөшүп, диагнозун тактап, жаткырыш керек болсо жаткырышат, болбосо башка адамдарга таркатпаш үчүн иш чараларды жүргүзүшөт.

- Сасык тумоолоп калган киши өзүнүн чочко тумоосуна кабылган-кабылбаганын кантип билсе болот? Бизде атайын бир түйүндөр барбы бул ооруга тест өткөрүүчү?

- Бар, бизде азыр Бишкек шаарында сан-эпид көзөмөл департаментинде персологиялык лаборатория бар, бул жерде болот. Ошондой эле Ошто, Кара-Суу сан-эпид көзөмөлдөө борборунун лабораториясы бар, ушул эки жерде мындай оору бар же жок экенин аныктаганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Калган региондордо болсо ага мүмкүнчүлүк жок. Эгер ошол оору бар болуп калышы деп божомолдонгон болсо, ал оорудан анализдерин алып туруп түштүк жактагылар Ошко жеткиришет, түндүк жактагылар Бишкектин лабораториясына жеткиришет. Бул жерден тактап аныктап алышат.

- Кыргызстан менен Казакстандын, Кыргызстан менен Өзбекстандын, Тажикстандын чек арасында кандайдыр бир иш чаралар барбы?

- Ал жерлердин баардыгында санитардык көзөмөл бекеттер бар. Медициналык кызматкерлер чек арадан өткөн адамдарды карап, температурасы барбы, жокпу деп текешрип турушат. Эгерде оорулуу адам боло турган болсо ошол жерден эле эмне себептен температура болуп атканын далилдеп, иш жүргүзүшөт.

- Зуридин мырза, сизге чоң рахмат!

Өлкөдө чочко тумоосу менен он адам катталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG