Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Н. Шакиев: ЭлТР спутникке чыгуу алдында турат


Бүгүн Кыргызстанда телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү. Буга байланыштуу ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчиси Нурлан Шакиевди “Азаттыктын” таңкы түз обосунда сөзгө тарттык.

- Нурлан мырза, бүгүнкү майрамыңыздар менен!

- Рахмат.

- Сиз ЭлТР коомдук телеканалын жетектегениңизге көп деле убакыт боло элек. Теле тармагында кандай оош-кыйыштарга туш болдуңуз?

- Cиз айткандай, менин телетармагын жетектегениме көп убакыт болгон жок, так айтканда 9 айдан ашты. Бирок мен телерадио компаниянын иши менен, ал жердеги иштин процесстери менен мурдатан эле тааныш болгом. Ошондуктан өтө деле мага бей тааныш жагдайлар болгон жок. Албетте айрым бир спецификалык маселелер эле болбосо, ушул 9 ай аралыгында ЭлТР телекомпаниясында өтө чоң иштер жасалды. Анын биринчиси, мурда ЭлТРди Кыргызстандын 68-69 пайыз эли гана көрө алса, биз жай айларында атайын тендердин негизинде Украинадан толук таратуучу жабдык алып келдик. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө бизди республикабыздын 88 пайыз эли көрүүсүнө мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул биз үчүн өтө чоң жетишкендик.

Ошону менен катар эле жакында социологдордун изилдөөсү боюнча түштүк аймагындан биринчи орунга чыксак, андан кийин Ысык-Көл облусунда дагы телекөрүүчүлөрдүн арасында биринчи орунда турганыбыз аябай кубандырат. Ошону менен катар Нарын, Талас, Бишкекте дагы Улуттук каналдын катарында эле эл бизди көрүп атат десем жаңылышпайм. Андан тышкары биз кыска аралыкта эл аралык байланыштарды да кеңейттик.

Азыр Түркия мамлекеттик телерадио компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде биз спутникке чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп атабыз. Бүгүнкү күндө гранттык негизде Түркиядан бизге 150 миң долларлык жабдык келип атат. Буюрса биз ушул жабдык аркылуу спутникке чыгабыз. Ал бүгүн, эртең биздин аэробекетибизге келип, ошол жерден бажы документтери бүтсө буюрса декабрь ичи анын бардыгын орнотуп, жайгаштырып алсак, жаңы жылдан тарта спутникке чыгып калабыз. Ошондо бизди бүтүндөй Европа континенти менен Орусия, Азия дагы көрсө болот. Бул жерде биздин утушубуз - Орусияда жүргөн миллионго жакын эмгек мигранттарыбыз, жана башка чет өлкөлөрдөгү улутташтарыбыз ЭлТРди көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышкандыгында...

- Нурлан мырза,азыр коомчулукта өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Ошол эле учурда Кыргызстанда чыныгы эркин телеканал жок деген да пикирлер бар. Буга кандай карайсыз?

- ЭлТР - коомдук телеканал болгондуктан бизге бийлик тарабынан сөз эркиндигин чектеген эч кандай көрсөтмөлөрдү көрө элекмин, сезе да элекмин. Мен өзүм, биздин чыгармачылык жамаат кандай маалыматты элге жеткирүүнү белгилеп алсак, ошол боюнча эле иштеп атабыз, бизге эч кандай кысым болгон жок. Демек мен айтат элем, ЭлТР телеканалынын мисалында бизде сөз эркиндиги жетишерлик деп.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG