Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Т.Акеров: Орусия менен Казакстан чечүүчү ролду ойноодо


Бул күндөрү Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева алгачкы иш сапары менен Казакстанда жүрөт. Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна саясат таануучу Табылды Акеров жооп берди.

- Учурда өлкө башчысы Роза Отунбаева Казакстанда иш сапары менен жүрөт. Бул Отунбаеванын чет мамлекетке жасаган алгачкы сапары. Ал кечээ казак президенти Нурсултан Назарбаев менен да жолугушту. Мына ушул жолугушууларда буга чейин Казакстан менен чечилбеген маселелерди чече алар бекен?

Табылды Акеров: Роза Отунбаева биринчи жолу легитимдүү президент катары барып жатат. Ошондуктан ал Кыргызстандын легитимдүү бийлигин көрсөтүп атат. Ал жерде, менимче, бир топ маселелер чечилиши мүмкүн.

- Ал эми бүгүн Роза Отунбаева орус президенти Дмитрий Медведев менен да жолугушуусу күтүлүүдө. Бул жолугушуу кандай натыйжа берет деп ойлойсуз?

Табылды Акеров: Негизги маселе – Кыргызстанга техникалык жардам боюнча сүйлөшүшү мүмкүн. Себеби буга Орусия да кызыктар болуп, ЖККУнун линиясы боюнча жаңжалдарды токтотууга Кыргызстанга сөзсүз жардам берели деген эле.

Мындан башка буга чейин да экономиканы стабилдештирүүгө жардам беребиз деп айткан болчу. Кудай буйруса, эки өлкөнүн башчылары натыйжалуу жыйынтыктарга келип, чечкиндүү кадамдарга барышы мүмкүн десек болот.

- Роза Отунбаева Астанада ЕврАзЭСтин саммитине катышканы атат. Ушул ЕврАзЭС уюмунун канчалык келечеги бар?

Табылды Акеров: ЕврАзЭС уюмунда маселе көп. Себеби бардык мамлекеттер өз кызыкчылыгынын негизинде аракеттенип жатат. Бирок мында негизинен Орусия менен Казакстан чечүүчү ролду ойноп турат. Эгерде булар бир борбор түзүп, ошол борбордун тегерегине чогултабыз деп аракет кылса анда бир натыйжа чыкчудай. Азыр Орусиянын мурдагыдай СССРди калыбына келтирем деген аракеттери көбүрөк болуп атат. Ошондон кээ бир мамлекеттер чочуркап, ошонун негизинде көп маселелер токтоп калууда.

- Буга чейин да Кыргызстанда болгон окуяларга КМШ, ШКУ, ЖККУ да өздөрүнүн бир тикелей жардамын көрсөткөндөй болгон жок. Деги ушундай уюмдардын Кыргызстанга канчалык пайдасы бар?

Табылды Акеров: Бизде көп уюмдар СССР кулагандан бери түзүлгөн. Ошолор турукташа элек. Ошондуктан Кыргызстанда болгон окуялар боюнча да тикелей жардам берип же болбосо кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарды жасап, жаңжалды токтотуп жибергенге түз жардам болгон жок. Мунун өзү бул уюмдар али турукташа электигин, Батыш мамлекеттериндеги уюмдардай, НАТОдой болуп туруктуу мүнөзгө ээ боло электигин көрсөтүп турат. Ошондуктан булардын туруктуу болуп кетишине дагы 10-20 жыл болуш керек.

Дагы бир маселеси: мурдагы СССР чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн да өздөрүнүн саясий абалы же болбосо саясий системалары турукташа элек. Ушул уюмдар кадимки уюм катары бири-бири менен мамлекеттер аралык алакаларды түзүүдө чоң роль ойной албай атат.

XS
SM
MD
LG