Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Э.Каниметов: Иран президентинин Тажикстанга келишинин мааниси зор


Иран президенти М. Ахмадинежад Тажикстандын президенти Э. Рахмон менен. Дүйшөмбү, 9-июнь.
Иран президенти М. Ахмадинежад Тажикстандын президенти Э. Рахмон менен. Дүйшөмбү, 9-июнь.

И. Арабаев атындагы университеттин илим жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы, саясат таануучу Э.Каниметов Иран президенти М.Ахмадинежаддын Тажикстанга жасаган иш сапарына көз карашын билдирди.

- 9-июнда Иран Ислам Республикасынын президенти Махмуд Ахмадинежад Тажикстанга келди. Ахмадинежаддын бул расмий сапары учурдагы Орусия менен Тажик мамлекетинин ортосундагы мамилерге кандайдыр бир денгээлде өзүнүн таасирин тийгизбейби?

- Бул сапар Кыргызстандагы апрель айында болуп өткөн окуялардан соң түзүлгөн кырдаалда өзгөчө мааниге ээ болушу мүмкүн. Себеби биздин өлкөдө К. Бакиевдин режими жана анын баласынын артында турган жана ал аркылуу мамлекетти башкарууну колго алганга аракет кылган сырткы күчтөрдүн таасири жокко чыгарылды. Мындай абал Борбордук Азия чөлкөмүндө кызыкчылыгы бар дүйнөлүк ири мамлекеттердин жана кубаттуу күчтөрдүн көңүлүн буруп турат.

Менин оюмча, орус саясатчыларынын жана саясат таануучуларынын арасындагы В.Жириновскийге, анын жардамчысы В.Хлюпинге окшоп: кыргыздар, тажиктер жапайы, өзүн башкарып, жанын багып кете албайт, ошондуктан Орусияга кошулуп алышы керек деп жарыя салып жатышы менен катар ЖККУнун атынан Бордюжанын Кыргызстанга аскер киргизүү керек деген ниетинин артында бул мамлекеттер колдон чыгып кетеби, өз үнүн чыгаргысы бар деген чочулоо бар.

Тажиктердин өкмөтү Жириновскийлердин айткандарын терс кабыл алуу менен өздөрүнүн тышкы иштер кызматтары аркылуу орус бийлигине расмий билдирүү жөнөтүштү. Мына ушундай шартта Тажикстандын борборуна Иран жетекчисинин расмий түрдө келишинин мааниси зор. Ушул эки фарсы тилдүү мамлекеттер менен элдердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө сөзсүз түрдө региондогу геосаясий абалга бара-бара өз таасирин тийгизет. Экономикалык жана маданий жактан Орусияга байланбай, башка мамлекеттер, кызматташа турган күчтөр бар экен деп, аларга карай багыт алуу - учурдун талабы.

Билишибизче, жакында эле Иран Ооганстанга жарым миллиард долларга жакын көмөк көрсөттү. Тажикстанга болсо финансылык жактан колдоо болуп келген жана Орусия бере албай турган акча-каражатын бериши күтүлүүдө. Экинчи, Сангтудин ГЭСин чогуу бүтүрүп башкаларын да салабыз, Пакистан менен бирдиктүү энергетикалык система түзөбүз деп турушат.

Мындай кызматташтык, Ирандын биздин чөлкөмдөгү таасиринин күчөшү биздин өкмөт тарабынан да Кыргызстанга карай жасалган Кытай, Орусия жана казактардын азыркы бийлигинин саясий-экономикалык басымын азайтуу үчүн пайдаланылышы зарыл.

- Иран мамлекети Тажикстанды өзөктүк куралдарды жасоо үчүн пайдаланышы мүмкүнбү? Булардын кызматташтыгы ШКУга таасир этпейби?

- Тажикстанда деле кыргыз жериндегидей эле уран кен байлыктары арбын. Бирок аны ирандыктар пайдаланат же тажик мамлекетин өзөктүк курал-жаракты чыгаруу үчүн пайдаланып жиберет деген көз караш, менимче, чоң негизге ээ эмес. Иран азыр дүйнөнүн дөө-шаа күчтөрү менен тирешип жатат. Ачык-айкын саясат жүргүзүп, дүйнөлүк коомчулукту өз тарабына тартып алуу аракетинде. Бул сапар жана эки-үч күндөн кийин боло турган Шанхай Кызматташтык уюмунун Ташкендеги чогулушу да Иран тарабынан изоляцияда калбай, өзүнүн башкалар менен саясий жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн пайдалануу максатында десек туурадай.

Орусия гана эмес, коңшу казак өкмөтү да эгер кыргыздар жана тажиктер экономикалык жактан алардын көзүн карабай Иран сыяктуу өлкөлөр менен кызматташып, бутуна туруп алышына кызыкдар эмес экендигин чек ара маселесинен эле ачык көрүп жатабыз. Казакстандын ММКлары жазып жатпайбы "Дордой" биздин экономикага коркунуч жаратып жатат деп.

Ошондуктан Иран Ислам Республикасынын биздин аймакта кызматташтыкты өркүндөтүүгө кылып жаткан аракети биз үчүн да ачылып жаткан бир мүмкүнчүлүк. Мындай мүмкүнчүлүк кыргыз жана тажик мамлекеттеринде далай нерсени менчиктештирип алган орус жана казакстандык жарандар үчүн кооптоонуу жаратат. Албетте эгер бийлике келген адамдар эл үчүн иштесе.

Ошентсе да, сиздин бул үч фарсы тилдүү мамлекеттердин - Ооганстан, Тажикистан жана Ирандын жакындашы эл аралык деңгээлде кооптонуу жаратышы мүмкүнбү деген оюңуздун жөнү бар. Иран өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн региондогу таасирин күчөтүүгө мажбур. Эгер бул кызматташтык аскердик-согуштук кызматташтыктын деңгээлине өсүп жетсе эл аралык абал курчуй берери алдыда турган иш. ШКУга мүчө катары кирейин деген Ирандын аракеттери да ушул себептен токтоп тургандай. Себеби Иран ШКУга мүчө болсо, анда ал бул уюм тарабынан экономикалык ж.б. кызматташтыкты гана эмес, согуш болуп болуп кетсе колдоо алышы күтүлөт.

Биз ШКУдагы ушундай мүмкүнчүлүктөрүбүздү сөзсүз пайдалануубуз керек. Азыркы өкмөт башчылар эртең-бүрсүгүнү боло турган Ташкендеги саммитте азыркы абалды айтып, аларды экономикалык терең кызматташууга жана Казакстан тарабынан болуп жаткан экономикалык блокада чек коюга чакырсын. Улам бир өлкөдөн акча сурабай, болгон мүмкүнчүлүгүбүздү пайдаланып, мамлекеттин пайдубалын бекемдөөгө бардык шарт бар.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG