Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Таласта болду


Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 5-июнда Таласта иш сапары менен болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Сапары маалында ал Талас шаарынын жолдоруна жана мектептердин курулушуна өкмөттөн акча бөлүнөөрүн айтты.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева иш сапарын «Өзөн Ата» сыр заводунан баштады. Заводдун башчысы Бакыт Турганбаев өндүрүлгөн продукцияны экспортко чыгаруу, Казакстанга сатуу боюнча айрым учурда чек арага байланыштуу проблема болоорун билдирип, бир күндүн ичинде элден 20 тоннадай сүт кабыл алышаарын айтты:

- Бизде Талас облусунда 6 завод бар, ошонун бешөө сыр завод, бирөө кургак сүт чыгарат.

Роза Отунбаева жалпысынан жер-жерлердеги ишкерлерге мындан ары өзгөчө көңүл бурулаарын билдирди.

Андан кийин Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин жыйындар залында жергиликтүү акивисттер, дыйкандар менен жолугушуу өтүп, анда 7-апрелде окко учкандар эскерилди.

Алгачкы сөз Юстиция министринин милдетин аткаруучу Аида Саляновага берилип, ал Конституциянын жаңы долбоору тууралуу кеп кылды. Калктын көпчүлүгү сынга алып жаткан Жогорку Кеңештин курамы 120 депутаттан турганы туура деп, ага төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

- Канчалык депутаттар көп болсо, ошончо элде өз өкүлдөрүн парламентке киргизүүгө мүмкүнчүлүк болот. Мындай парламентте жаштардын, аялдардын саны да көбүрөөк болот.

Андан кийин сөз кезеги жергиликтүү тургундарга берилип, айыл чарба тармагы боюнча төө бурчак, картошканын бааларын жогорулатуу, жолдордун начардыгы, банктарда насыялар жогорку пайыз менен берилип, аны 12 пайызга түшүрүп берүүнү суранышып, кыргыз-казак чек арасы боюнча суроо узатышты. Айрым аксакалдар өткөөл мезгилдин бийлик өкүлдөрүнүн бири-бири менен келишпей жаткандарын сынга алышып, өз кеңештери менен да кайрылышты. Бакай-Ата районунун тургуну Масалбек Шабданов буларды айтты:

- Өлкөнү элибиз башкарсын дегенбиз. Акыры сокурларды сакчы кылып албаңыз, дүлөй, дудуктарды таяныч кылып албаңыз.

6-7- апрелдеги ыңкылапка активдүү катышкан Курал Усубалиев өткөөл мезгилдин бийлик өкүлдөрүнө ыр менен кайрылды:

- Акыл бербей акча бердик ким элге?
Ала-Тоодо тешик барбы кирерге?
Жан кеччилер сатып кетип баратат
Жадакалса жер калтырбай сийерге.
Ачкан курсак акырындап тоюнар,
Акыл жетсе баары ордуна коюлар…

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева жакында убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү Туркияга барып, төө буурчакты ортомчулар жок түз экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирип, мурдагы бийликтин кара, көк схемаларын жок кылуу аракети болууда дейт:

- Мурда күнү эле Алмаз Атамбаев Түркия барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын негизинде силерден алып, ортомчуларсыз Түркияга жибергенге аракет жасап атабыз. Ортомчулар жок болсо баасы силер үчүн өйдө болот.

Мындан тышкары Отунбаева Талас шаарынын ичиндеги жолдорду жана эмдиги жылдан баштап мектептердин курулушуна акча каражаттар бөлүнөөрүн айтып, Конституциянын жаңы долбоору тууралуу кеп кылды. Ал жаңы Баш мыйзам боюнча президенттин укуктары кыскарганын айтып, Жогорку Кеңештин жаңы курамы тууралуу кеп кылды:

- «Ата мекен» 80 орунга ээ болсо да, биз «Ата мекенди» чектеп коебуз, парламентте 65 гана орунга ээ болушат. 65 орун менен өкмөттү түзгөн бул азчылык болот. 120дан - 55, болбосо башка партиялардын колунда болот. Демек абдан туруктуу өкмөттү түзгөнгө азырак болот. Ошон үчүн, мисалы, «Ата мекен» келсе, башка партиялар менен ошол жерде коалицияга кириш керек.

Роза Отунбаева сапарын 6-7-апрелде талкаланган облустук акимчиликтин жана ички иштер башкармалыгынын имараттарын көрүү менен улантты. Отунбаева тартип коргоо кызматкерлеринин айлыктары дагы 80 пайызга көбөйтүлүп жатканын айтып, мындан ары бийликке же бир адамдын кызыкчылыгына эмес, карапайым элге кызмат кылуусун өтүндү. Андан соң Роза Отунбаева Талас мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту. Студенттер жатакана болбогонун айтышып, окууга төлөнгөн акчаны азайтып берүүнү өтүнүштү.

Роза Отунбаева менен бирге Таласка Юстиция министринин милдетин аткаруучу Аида Салянова, Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Эркин Исаков да келип, иш сапар «Манас ордо» улуттук комплекске зыярат кылуу менен аяктады.

XS
SM
MD
LG