Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:34

Талас: Окуучулар менин өлкөм Советтер союзу деп окушат


Талас облусунун дээрлик баардык мектептеринде китеп тартыш. Окуучулар айрым учурда совет доорунда басылган китептерди окушат, эки-үчтөп бир китепти окугандар да бар.

Талас шаарындагы № 3-мектеп аймактагы үлгүлүү мектептерден саналат. Мугалимдеринин бир бөлүгү билимин чет өлкөлөрдө жогорулатып турат. Окуучулар да райондук жана областтык олимпиадаларда жеңип келишет. Антсе да бул мектептин коп жылдан бери чечилбей келаткан китеп тартыштыгы боюнча көйгөйү бар.

Наталья Банько № 3-мектепте башталгыч класстардын мугалими. Ал аталган мектепте иштегенине жыйырма жылдан ашты. Бул убакыт аралыгында китептер жаңыртылбаганына нааразы:

- Орус тили боюнча бул китепти караңызчы. 1987-жылы чыгарылыптыр. Эскилиги жеткендендиктен барактары айрылып, мукабасынан ажырап кеткен. Ал эми маазмуну бул өзүнчө кеп. Советтер союзу, революция, октябряттар, пионерлер жөнүндө айтылат. Учурда бул сөздөр дээрлик колдонулбайт. Андыктан балдарга бул сөздөрдүн маанисин өзүнчө түшүндүрүүгө туура келет.

Бир учурда жаңы китептерди сатып алууга ата-энелерди милдеттендирүү да каралган. Айрым үй-бүлөлөрдүн сегиз-тогуздан балдары бар. Ал эми жаңы китеп бери дегенде эле 350-400 сом турат. Башталгыч класстын окуучусуна эле мындай китептен төртөө керек. Ата-энелер үчүн бул өтө эле оор жүк болуп калмак, дейт мугалим.

Эски китептерди башталгыч гана эмес, жогорку класстын окуучулары да колдонууга мажбур. 11-класстын окуучусу Калыбектин айтымында, бул китептерден азыркы заманга ылайыктуу билим алуу мүмкүн эмес:

- Мына азыр жанымда биология, орус тили жана адабияты боюнча китептер бар. Алар 1989-, 90-жылдары чыгарылыптыр. Бул китептер толук билим бере албайт. Кээде аларды окуп, кызыктай да болуп кетесиң, себеби аларда “менин өлкөм – Советтер Союузу” деп айтылат.

Мектептин тарбия иштери боюнча бөлүм башчысы Жамиля Маатказиева саналуу жаңы китептер да чет өлкөлүк долбоорлор боюнча келген, деп билдирди. Ал эми жаңы китептер менен бардык класстарды камсыз кылуу үчүн мамлекеттин жардамы керек. Бирок мектептин суроо-талабы көптөн бери канаатандырылбай келет:

- Мен бул мектепте он жылдан бери иштейм. Жыл сайын жаңы китептерди сурап билим берүү министрлигине кайрылабыз. Жыл сайын министрликтен эч кандай жооп келбейт.

Талас шаарынын № 1-мектебинде эски китептердин үлүшү жыйырма пайызды түзөт. Башталгыч класстардын баардыгы жаңы китептер менен камсыздандырылган. Ал эми жогорку класстар колдонгон геометрия, физика, алгебра жана англис тили боюнча китептер акыркы жыйырма жылдан бери алмаша элек.

Ал эми мугалимдердин айтуусунда, жаңы китептердин да сапатын жакшы деп айтуу оор. 2005-жылга чейин китептер ар түрдүү авторлор тарабынан туш келди басмаканаларда чыгарылгандыктанбы, алардын мукабасы жаңы болбосо, көпчүлүгүнүн мазмуну “советтик” эле бойдон калган, дейт адеп сабагы боюнча мугалим Зина Кочорбаева:

- Жаны китептердеги материалдар, темалар, сөздөр – баары тээ советтик доордон калгандай. Бул китептер азыркы окуучуларды өзүнө тарта албайт.

Талас шаарындагы №1 мектептин китепканачысы Гүлнара Өзүбекованын айтымында, ар бир мектеп Билим министрлигин карай бербей, китеп таңсыктыгын жоюу үчүн өз алдынча аракеттениши керек. Маселен, алардын мектеби “Айылдык билим берүү” долбоору аркылуу токсон миң сомго жаңы китептерди алды.

Облустук усулдук борбордун маалыматына таянсак, “Айылдык билим берүү” долбоору боюнча, аймактын мектептерин жаңы китептер менен камсыздоого жети жарым миллион сом каражат каралган. Бирок азырынча бул долбоор Таластагы жүз он сегиз мектептин айрымдарын гана камсыз кылууда. Билим берүү министрлиги учурда жетимиш алты аталыштагы китеп чыгарууда. Усулдук борбордун жетекчиси Табылды Тилекматовдун ишендиришинче, келерки окуу жылда бул китептер акыры Таластын мектептерине да жетет.

XS
SM
MD
LG