Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Талас жаштары нуралыктарга жардам берет


Зилзаладан жапа чеккен нуралыктар

Талас шаарындагы окуучулар Нура айлындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук концерт өткөргөнү жатышат. Буга чейин шаардагы мектептердин баарында дал ушундай максатта акциялар өткөн.

Концертти даярдоого Талас шаарындагы тогуз мектептин тең окуучулары жабыла катышууда. Уюштуруучу топтун мүчүсү Бегайым Бегасыл кызынын билдиришинче, анда жашоодогу кыйынчылыктар, мектеп турмушунан алынган көрүнүштөр боюнча чакан оюндар көрсөтүлмөкчү. Заманбап бийлер да болот. «Ушунча даярдыктардан соң биздин номерлер көрүүчүлөргө жагат деген үмүттөбүз», - дейт Бегайым.

Анын айтымында, Нура айлындагы каргашалуу жер титирөө тууралуу кабарды көпчүлүк окуучулар жүрөгүнө жакын кабыл алышты. Көп өтпөй, шаардык мектептердин лидерлери чогулуп, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнүн жолдорун издешти.

Алгач ар бир мектепте өзүнчө кайрымдуулук акциялар өттү. №7-мектептин премьер-министри Рустам Исабековдун айтымында, алардын мектебинде эле үч миңден ашык сом чогулду.

Албетте, концертке даярдап жаткан балдарды мугалимдер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоп жатат. Талас шаарындагы жалгыз кинотеатр балдарга залды бекер бермей болду. Атүгүл «Түндүкэлектро» ишканасы 15-ноябрда электр жарыгын өчүрбөөгө убада берди. Билеттерди таркатууга окуучулардан сырткары, мектептердин жамааттары да тартылууда. Анткен менен негизги жүктү өспүрүмдөр өзүнө алышкан.

- Биз акцияда анча көп каражат чогулта албасак да, оор минуталарда нуралыктарды, өзгөчө биздин курдаштарды Кыргызстандын баардык жаштары колдоп жатканын көрсөткүбүз келет. Жаштар түндүк-түштүк деп бөлүнбөйт. Ош же Ысык-Көл болобу, биз аларга дайыма жардам көрсөтүүгө даярбыз. Кыйын учурларда биз да алардын жардам күтөбүз. Кайрымдуулук акциянын негизги идеясы ошондой - дейт, №2-мектептин он биринчи классынын окуучусу Бегайым Бегасыл кызы.

Балдардын айтымында, алардын мындай иш чараларды өткөрүүдө тажрыйбасы жок болгондуктан, концерт кичине кечирээк уюштурулуп жатат. Бул кайрымдуулук концерттен соң өспүрүмдөр аймактагы жалгыз балдар үйүнө жардам көрсөтүүгө камданышмакчы.

XS
SM
MD
LG