Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Т.Сариев: Каза болгондордун жакындарына 1 миллион сом берилет


Жаңы убактылуу өкмөт М. Бакиевге түздөн түз бай ийген жана башка банктарга тышкы башкаруучу коюп, капиталдын чыгып кетишине бөгөт коюуда. Ал эми кандуу демонстрацияда каза болгондордун үй-бүлөсүнө мамлекет эсебинен бир миллион сомдон жардам берилет. Бул жөнүндө Убактылуу өкмөттүн башчысынын каржы жана кредиттер боюнча орун басары Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди.

- Финансы маселеси кандай жүгүртүлүп, жер-жерлерди каржылоо кандай жүргүзүлөт?

Темир Сариев: Биз 8-апрель эртең мененден баштап бардык аймактарды толук көзөмөлгө алдык. Каржы министрлигинин атайын буйругу менен айлыктардан башка төлөмдөрдүн баарын убактылуу токтоттук. Анткени бюджеттен көп уурдоолор болуп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн баарын токтоттук да, бүгүндөн баштап биз эң зарыл болгон каржыларды бере баштайбыз. Экинчиден, кечээ беш банкты жаптык эле. Тышкы башкаруучу киргизгенбиз, “Азия универсал банк” дейт, ошонун тегерегиндеги банктар болчу. Анткени көп акчалар болуп, булар Максим Бакиевге түздөн түз баш ийчү. Алардын баарына тең Улуттук банктын атайын башкаруучу адамын коюп, толук көзөмөлгө алдык.

Бүгүн эртең менен Улуттук банктын башчысынын милдетин аткаруучу телефон чалып, башка да банктарга тышкы башкаруучуну койдук. Анткени алар башка банктар менен да акчаны чыгарып кетиши мүмкүн. Мындан башка бажы жана салык комитеттеринин башчылары кечээ толук алмашып, убактылуу милдетин аткаруучулар коюлду. Алар сырттан келген жок, иштеп аткан адамдардын орунбасарларынын милдетин аткаруучуларды коюп атабыз. Анткени азыр көзөмөл катуу. Бирок бажы кызматы да, салык кызматы да толук иштеп, алардын баары тең бүгүндөн баштап төлөмдөрдү жыйнап, бардыгы тартип менен кетет.

Мен айтып коюшум керек, финансалык банк системасындагы иш аракеттердин баары тең толук көзөмөлгө алынды. Тиги банкта жакшы которуптур, тияктан сыртка чыгарып атыптыр деп элде ар түрдүү сөздөр чыгып атат.

Кечээ күнү аэропорттон 4 жарым млн. доллар алып бараткан, бирок декларациясы бар бардык кагаздарды толтурган адамдарды кармагандан кийин Улуттук банктан мен суранып, анткени алар көз каранды эмес да, алар убактылуу акчаларды чыгарууну да токтотуп турат.

Тартипке салып иликтеп алганга чейин кээ бир ыңгайсыздыктар болот. Мен кыргызстандыктарга, ишкер адамдардан суранып кетет элем, бул 2-3-4 күндүк иш чаралар. Кудай буюрса, шаардагы турмуш калыптанып, банк системасындагы иштердин баары тең көзөмөлгө алынып калгандан кийин бул чектер алынып салынат.

- Социалдык фонддун акчалары кандай болот?

Темир Сариев: Улуттук банктын буйругу менен Соцфонддун бардык банктарда турган эсептери токтотулуп турат, баары көзөмөлдө. Эч кандай кыжалат боло турган иштер жок. Мен өкмөт башчысынын орун басары болуп, Финансы министрлигин башкарып атам, бардыгы тең көзөмөлдө.

- Айлык, пенсия ала албай калуу коркунучу бардыгын айтышууда?

Темир Сариев: Соцфонддо, бюджетте акча бар, эсибинде 2 миллиардга жакын акча, бул күнүгө түшүп тура турган акча. Бул акча бизде жакынкы арада бардык айлыктарды, пособиелерди бергенге жетишет. Соцфонддун да акчасы бар. Ар түрдүү ушакты жүргүзүп атышат. Андай болбосун.

Эң негизгиси биз азыр Кыргызстан боюнча тартипти жөнгө салып, бардык мамлекеттик органдардын иштешине шарт түзүп берип, анан кийин бизнесмендерге кайрылып, бардыгы тең өздөрүнүн ишин баштаса төлөмдөр келе баштайт. Калганын баары тең ирети менен кетет.

Дагы бир айтып кое турган нерсе, азыр биз бюджеттин чыгаша жагын карап атабыз. Анткени президенттин администрациясы, президенттин өзү жоюлуп атат. Жогорку Кеңеш жоюлуп атат. Бир топ үнөм болот, акчанын чыгаша жагын тейлөөгө кандайдыр бир жеңилдиктерди алабыз.

Анын үстүнө ар түрдүү финансалык эл аралык уюмдарга да кайрылып атабыз, бул жактан да жардам келет. Ошентип кыска мөөнөттүн ичинде бардык эрежелерди сактап алып, тартипке салып алсак, убактылуу өкмөт өзүнүн бийлигин, жоопкерчилигин сезип, экономикалык, финансылык тармакты толук колго алып, көзөмөл менен ачык-айкын саясат жүргүзөт.

- Ал эми каза болгондордун жакындарына, жаракат алгандарга кандай жардам көрсөтүлөт?

Темир Сариев: Кечээ күнү кечинде убактылуу өкмөттүн жыйыны болуп, 1 млн. сомдон төлөп бермек болдук. Саат кечки тогузда 75 адам кайтыш болгон. Ар бирөөнө үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү катары өкмөттүн, мамлекеттин атынан 1 млн. сомдон берилет. Оор жарадар алып ооруканада жаткандарга 100 миңден, ал эми жеңил жарат алгандарга 20-30 миңден берилет.

XS
SM
MD
LG