Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Т.Бакир уулу: Террор коркунучу түштүктөн келет


Малайзиядагы кыргыз элчиси Турсунбай Бакир уулу террордук коркунуч тооруган түштүк чек араларын бекемдөө үчүн өкмөттү бүтүндөй түштүккө көчүрүү зарыл дейт.

Малайзиядагы элчи Турсунбай Бакир уулу Баткен окуясы боюнча орус тилинде жаңы жазылган «Иду к ИДУ» деген аталыштагы китебин мындан он жыл мурда Баткен окуясында каза болгондордун элесине арнап, бул кандуу окуяны тарых бетинде калтыруу жана террорчулук менен күрөшүү багытында көрсөтмө курал катары пайдаланылсын деген максатта жазганын билдирди.

Анын айтымында, ошол кездеги бийликтин шалаакылыгынан улам жазыксыз жоокерлер Өзбекстан Ислам кыймылынын куралчан согушкерлеринин огунан каза болгон.

«Баткендеги кандуу окуядан кийин он жыл өтсө дагы түштүк аймагында чек ара маселеси дагы эле кооптуу бойдон калууда», дейт Турсунбай Бакир уулу.

- Себеби биздин чек ара бекем деп айткандан алысмын. Көрүп атабыз. Экинчиден, чек ара маселеси Кыргызстанда толук чечиле элек. Мына мен Кара-Суу шаарынан болом. Үйүм Кыргызстандын аймагында болсо, огородум Өзбекстандын аймагында. Бул бир эле Кара-Сууда эмес, Баткенде, Лейлекте, Кадамжайда, Кыргызстандын түштүк аймагынын бүт бардык жеринде чек ара маселелери бар. Анан ошондуктан баш аламандык болуп атпайбы.

Турсунбай Бакир уулу белгилегендей, кыргыз өкмөтүн толугу менен Ош шаарына көчүрүп, ал жердеги көйгөйлөрдү жана коңшу мамлекеттер менен чек ара маселесин жеринде тез арада чечүү зарыл.

-Бүгүн түштүктө эл калбай баратат. Бардыгы Казакстан, Орусия, Кытай, Арабстанга кетип калды. Чек ара бош калып атат. Алардын ордуна башка элдер келип жатат. Экинчиден, башка оюндар баш көтөрүп жатат түштүктө. Баары кетип жатса, аларга каршы тура турган эч ким жок болуп жатат. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын өкмөтү түштүккө көчүшү керек. Мейли Жогорку Кеңеш менен президент кийин көчсүн. А өкмөт биринчи кезекте Ошто болушу керек. Анын ичинде Дин комитети, алардын жетекчилери дайыма бул жерде отургулары келишет. Ички иштер министрлиги бул жерде буйрук бербей, Ошко которулушу керек. Чек ара кызматы, Улуттук коопсуздук комитети түштүккө которулушу зарыл. Мына ушул маселелер чечилген жок.Тероррчулук коркунучу түндүктөн эмес, түштүктөн келет. Ким кол салса түштүктөн кол салат бизге.

Турсунбай Бакир уулунун айтымында, «Манас» аба майданындагы АКШнын Транзиттик борборун дагы Ошко көчүрсө, өлкөнүн коопсуздугуна салымы тиймек.

Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков өз кезегинде мындан он жыл мурдагыга салыштырмалуу чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасы жана жоокерлердин даярдыктары бир кыйла өскөнүн, өлкөнүн түштүк тарабында коопсуздукту камсыз кылуу багытында бир катар милдеттер тургандыгын «Азаттыкка» билдирген.

-Эң негизгиси чек аранын коопсуздугу, чек араны бекем кайтаруу. Чек арадагы кырдаалдар боюнча өз убагында ыкчам кийлигишип чечмей, биздин коңшу мамлекеттердин чек ара кызматтары менен тыгыз байланышта иштөө,түштүк аймагындагы чек ара бөлүктөрүнүн ишин жакшыртуу маселелери турат.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстан Чек ара кызматын түштүк аймакка көчүрүү тууралуу чечим кабыл алып, ал 2010-жылдын май айына чейин ишке ашырылышы керек.

Баткен облусундагы журналист Айгүл Бабаева облустун аймагындагы чек ара бөлүктөрүнүн кызматы бир кыйла жакшырганын, бирок муну менен эле чек ара маселеси чечилди деп айтууга болбостугун билдирди:

-Алыскы тоолуу аймактарга азыркы заманбап техникаларды жиберип, ошо чек араларды мындан дагы бекемдесе анан толук коопсуз жашап жатабыз деп айтса болот.

Айгүл Бабаева белгилегендей, Баткен облусунда күнүмдүк жашоодо коңшу мамлекеттер менен чек ара бекеттери аркылуу каттаган адамдардын укугу басмырланган учурлар көп кездешет.

Бул маселе эл аралык стандартта жүргүзүлүп, чек ара такталса бир катар орчундуу көйгөйлөр өзүнөн-өзү чечилет эле.

XS
SM
MD
LG