Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

БУУ: Кыргызстандын түштүгүндө камакка алынгандар кыйноолорго кабылган


Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пиллай.
Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пиллай.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пиллай 20-июлда Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаң тууралуу сүйлөп, июндагы кандуу кагылышуудан соң бул аймакта иргеп камакка алуулар жана абакта кыйноо ыкмалары кеңири колдонулганы жөнүндө тынчсыздандырган маалыматтар бар экенин айтты.

Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пиллай мындай аракеттер аймактагы ансыз да коогалаңдуу болуп турган акыбалды ого бетер курчутуп, тартип жана мыйзамдуулуктун орношуна тоскоол боло тургандыгын билдирди.

Эл аралык коомчулук кыргыз улутунун жана өзбек азчылыгынын ортосундагы кагылышууда бери дегенде 316 киши набыт болгонун санааркоо менен белгилейт. Бейрасмий булактарга караганда, набыт болгондордун саны мындан алда канча көп.

Нави Пиллай буларды белгиледи:

- Кыргызстанда иштеген биздин кызматкерлерибиз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз иргеп камоо, кармалгандарды кыйноо жана сурак болгондо аларга зомбулук көрсөтүп, ырайымсыз мамиле жасоо фактыларын демейде дээрлик тоотпой жүргөндөрү жөнүндө маалымат алды. Ош менен Жалал-Абад аймактарын алганда коогалаңдан бери миңдей адам камакка алынды. Алардын ичинен көпчүлүгү жаштар, дээрлик бардыгы өзбек тегиндеги жарандар десек болот. Кармалгандар абакта кыйноого дуушар болду. Бул үрөй учуруучу улутчул мамиле гана эмес, кыргызстандык жана эл аралык мыйзамдын негиздерин жокко чыгарган аракеттер.

Пиллайдын басма сөз катчысы Руперт Колвил (Rupert Colville) БУУнун өзүнүн булактарына, Оштогу кызматкерлеринин маалыматына жана түздөн-түз күбөлөрдүн тастыктоосуна шилтеме берип, кармалгандарга ур-токмоктон башка дагы мыйзамсыз кыйноо ыкмалары колдонулганы жөнүндө сөз кылды.

Баяндамаларга караганда, айрым кармалгандардын тырмактарын сууруп чыгаруу, курч нерселерди тырмак менен эттин ортосуна саюу, сууга тумчуктуруу, денесин чылымдын чогу менен күйгүзүү, желим таяктар менен токмоктоо сыяктуу ыкмалар кеңири колдонулган. Руперт Колвил буларды айтат:

- Мындан тышкары өзбек тегиндеги атуулдарды сабап, тепкилеп, Кыргызстандын мамлекеттик гимнин же болбосо айрым кыргызча сүйлөмдөрдү өзбек тилине таандык акценти жок айтууну же ырдоону талап кылып, кордошкондугу жөнүндө далилдерибиз бар. Ал эми жазыксыз абакка түшкөндөрдүн айрымдары пара берип абактан бошотулса, башкаларынын адвокаттарына жана туугандарына карата үркүтүү, кемсинтүү аракеттери колдонулуп жатат.

Нави Пиллай айым «көпчүлүк жабыр тарткандар өздөрүнө, алардын жакындарына, укук коргоочу активисттерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан көрсөтүлгөн кысымды ачык айта албай жүргөндүгүн» да баса белгиледи.

«Чек арасыз дарыгерлер» (Medecins sans Frontieres) уюмунун Кыргызстандагы долбоорунун менежери Андрей Славуцкийдин айтымында, алар катуу кыйноолордон жапа тарткан бейтаптарды дээрлик күн сайын кабыл алышат.

Руперт Колвил “Кыргыз бийлиги БУУнун мындай тынчсыздануулары менен кабардар жана зомбулук-кыйноолор болбош керек эле деген пикирин билдирүүдө. Мындай баарлашуубуз күн сайын жүзөгө ашырылууда” деди.

Оштун расмий өкүлдөрү болсо кыйноо жана ырайымсыз мамиле боюнча аз эле арыз түшкөнүн билдиришүүдө.

БУУнун жогорку комиссарынын басма сөз өкүлү Руперт Колвил “бирок биздин оюбузча, жабыр тарткан атуулдар өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугунан, өч алуу аракетинен корккон үчүн, мындай мыйзамсыз фактыларды ачыктан-ачык кабарлоодон жазганып жатышат” дейт.

Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Пиллай айым азыркы кырдаал Кыргызстандын түштүгүндөгү аймактарында «адам укуктары боюнча мониторинг өткөрүү жана тез арада көз карандысыз эл аралык иликтөө аракеттерин баштоо зарыл экендигин айрыкча айгинелейт» деп баса белгиледи.

"Азаттыктан:" Буга чейин Кыргызстандын ички иштер министрлигинин жетекчилери, Акыйкатчынын Оштогу өкүлү айрым эл аралык уюмдардын өлкө түштүгүндө өзбек тектүү жарандар кыйноолорго кабылып жатканы тууралуу билдирүүлөрүнө макул эместигин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG