Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Н.Медведева С.Мелникоффду сотко берүү ниетинде


Наталья Медведеванын сүрөтү: Чеченстан, Грозный шаары, 2001-жылы.
Наталья Медведеванын сүрөтү: Чеченстан, Грозный шаары, 2001-жылы.

АКШнын Маями шаарында жашаган фотосүрөтчү Н.Медведева анын Чеченстандагы согуш учурунда тарткан сүрөттөрүн өзүнүн сүрөтү катары көргөзмөлөрдө пайдаланып, бирок калем акысын төлөбөй койгон деп америкалык сүрөтчү С.Мелникоффду айыптоодо.

- Наталья айым, кесиптешиңиз фото-сүрөтчү Сергей Мельникофф Чечен согушу жөнүндө сизден сүрөттөрдү качан алды эле?

Наталья Медведева
-2006-жылы журналист Анна Политковскаянын өлүмүнөн кийин «Коммерсант» басылмасы менин автордук укугумду бузуп, бул боюнча абдан узакка созулган соттук териштирүүлөр болду. Себеби “Коммерсанттын” директору америкалык болчу, ал менин сүрөттөрүмдү сатып, акчага өзү ээлик кылып мага бир тыйын дагы төлөгөн эмес.

Ошондуктан мен абдан ачуум келип, сүрөт архивимдин жарымын соттошуп жүрүп алып калгам. Архивдин бир бөлүгүн ошол редакция өрттөп жиберген. Мага Орусияда калуу коркунучтуу болуп калгандыктан, мен Америкага кетип калгам. Ал жерден кимдир бирөөнү таап, саргайып жаткан архивимди жарыкка алып чыгайын дедим. Себеби мен фото пленкаларга, адвокаттарга көп каражат жумшадым. Менин Чечен согушу жөнүндө тарткан
сүрөттөрүмдөн башкалар пайда көрүшүп, мага бир тыйын да беришкен жок да.

Ошентип мен Америкадан Сергей Мелникофф менен таанышып, чечен согушу тууралуу сүрөттөрүмдүн пленкалары жөнүндө айттым. Ал мага көптөгөн кызыктуу сунуштарды убада кылды. Менин менеджерим болуп, көргөзмө уюштуруп, сүрөттөрүмдү сатаарын айтты. Мен аны сатып берет экен деп тарткан иштеримди, пленкаларымды бердим. Ал алары менен эле мени менен байланышпай калды.

- Бул боюнча документтештирип, эки тараптуу келишим түздүңөр беле?

- Түзүлгөн. Эгерде адам жеке менчикке ээлик кылганды начар билсе, укукка ээ болууну начар түшүнсө, мен негизинен мындай ээлик кылуу укугунан ажыратып коюуга кудуретим жетет. Муну менен тек гана алектениш керек. Анан ал адам берилген менчикке туура эмес ээлик кылып жатат деп далилдеш керек.

Бул жакта Америкада бул өңүттө такыр башкача экен. Ошондуктан мен буга байланыштуу далилдерди тапсам, аны полиция келет да алып кетет. Мен азыр ал каякка барып жатканы тууралуу жана менин сүрөттөрүмдөн пайда таап жатабы же жокпу маалыматым жок болуп турат. Мага Грузиядан телефон чалышып менин сүрөттөрүмдү көргөзмөгө коюшканын айтканда, чачым тик турду. Мына азыр Бишкектен чалып жатасыңар. Мага телефон чалып айтып жатышат, ал менин сүрөттөрүмдү жөн эле өзүнүн иши катары көрсөтүп жатыптыр.

- Сиз Чеченстанда кайсы жылдары болдуңуз жана ал сүрөттөрдү качан тарттыңыз эле?

-Мен ал жакта 1995-жылдан баштап 2004-жылга чейин дайыма барып, чечен тарапты да, Орусиянын аскер күчтөрү тууралуу да эки тарапты тең сүрөткө тарткам. Мен Хоттаб, Басаев, Масхадовду да сүрөткө тарткам. Буденовкадагы барымтага алган учурда да болгом.

- Кийинчирээк Сергей Мелникофф менен сүрөттөрүңүз тууралуу сүйлөштүңөрбү?

- Мен ага күзүндө телефон чалып Маями шаарына, ага жакын көчүп келип, жашап жатканымды билдирдим. Ал чочуп кетти. Ал бул жерде Форд Лудурдайвде жашап жаткан.

- Бул иш боюнча Сергей Мелникоффту сотко берүү ниетиңиз жокбу?

-Мен, биринчиден, далилдерди чогултушум керек. Бул иш боюнча ызы-чуу кылбай эле, акырын барып бул боюнча документтерди берип коюш керек. Эгерде адам менчикке карата кишиликтик мамиле кылбаса моралдык жана саясий зыян алып келиши мүмкүн. Мисалы, Сергей мындай мамилеси менен менин жашоомо зыян келтирди деп эсептейм.

P.S. Ал эми Сергей Мелникофф Наталья Медведеванын койгон дооматтарында негиз жоктугун, ал уюштурган көргөзмө аркылуу
Н.Медведева АКШда саясий качкын макамын алгандыгын, түзүлгөн келишимдерге ылайык, анын сүрөттөрү өзүнүн атында эле көргөзмөгө коюлуп жүргөнүн “Азаттыкка” билдирди.

- Наталья Медведеванын дооматына карата кандай сөз айта аласыз?

- Менин юридикалык компанияларымдын бири Наталья Медведева менен келишим түзүп, көргөзмө уюштуруп бүт дүйнөгө көргөзүү милдетин алганбыз. Мен баса белгилеп коеюн, бул коммерциялык эмес максатта болгон. Ачык асман алдындагы көргөзмө коммерциялык мүнөздө болбойт.

Бирок биз акча жумшайбыз, бир топ эле кабелтең каражат жумшайбыз. Сайттан сиз көргөн болушуңуз керек. Мисалы Грузияда Тбилисинин чок ортосунда көрсөтүлгөн, киши бою менен тең келген 140 эмгекти чыгарууга эле миңдеген каражат кетет. Аларды ташып келип, орнотуп көрсөтүүгө да өзүнчө каражат керек. Биз бул көргөзмөлөргө билет сатпайбыз.

Бул Наташа Медведеванын имиджин көтөргөн эмгектерди «Мельникофф галари» көрсөтүп жатат. Бардык жерде, сайттарда дагы ушундай көрсөтүлгөн. Анын иштери бар жердин баарында бул ага таандык эмгектер деп жазылган. Аларды келишимдин негизинде «Мельникофф галари» көрсөтүп жатат деп жазылган. Ошондуктан коммерциялык эмес ишкананы акча таппай жатат деп айыптоону жоопсуз калтырса деле болот.

- Сиз анын эмгектерине акча төлөп бергенсизби деги? Майамидеги үйүн ал кайсы акчага сатып алды?

- Мен Майамидеги үйүн кайсыл акчага сатып алды деген суроого жооп бере албайм, бирок биз анын эмгектерин дүйнөгө көрсөтүп жаткан үчүн ал АКШнын өкмөтүнөн баш паанек алды деп так айта алам.

- Демек, сиздин оюңузча анын дооматынын негизи жок экен да?

- Таптакыр. Биздин ортобузда контракт бар. Эгерде бирөө анын эмгектерин сат деп суранса, ушундай иш кылууга бизге контракт жол берет. Мисалы анын эмгектеринин коллекциясын же айрым иштерин сатуу үчүн биз анын атынан коммерциялык иш жасай алабыз. Мындай учурда, албетте, Наташага да кабар берилет, себеби автор катары эмгектери канча турарын ал өзү билет, өзү чечет. Бирок ушу күнгө чейин мындай сунуштар боло элек.

XS
SM
MD
LG