Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

У.Барыктабасов: “Менден башка президент болом дегендер көп”


Урмат Барыктабасов “Мекен Туу” партиясынын лидери.
Урмат Барыктабасов “Мекен Туу” партиясынын лидери.

“Мекен Туу” партиясынын лидери, чет өлкөдө жашаган ишкер Урмат Барыктабасов “Азаттыкка” телефон аркылуу маек куруп, чагымчыл күчтөрдүн арасында эместигин билдирди.

Буга чейин Бишкектеги 12-майдагы митингдин артында Урмат Барыктабасов туурары тууралуу да сөздөр айтылган эле.

- Урмат мырза, азыр сиз кайдасыз?

- Чет элде.

- Кыргызстанда эмессизби?


- Жок, Кыргызстанда эмесмин.

- Кыргызстандын мыйзамдуу саясатына аралашууга сизге эмне тоскоол болууда?

- Азыркы учурда менден башкасы деле талашып-тартышып, “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей, мен бара электе эле бийликти кызганып, мени каралап жатышат. Анан мен четте тура турайын деп чечтим. Макул, бизден башкасы деле саясатты бүтүрсүнчү.

- Сизге Убактылуу өкмөттөн Кыргызстанга кел деген сунуш түштүбү?

- Жок. Андай сунуш болгон жок. Мени көрөйүн деген көздөрү жок болуп жатпайбы.

- Ал эми сиз Убактылуу өкмөт менен байланышууга аракет жасап көрдүңүзбү?

- Эми Убактылуу өкмөт адамдарын жиберип сүйлөшөлү деп өздөрү чыгып жатышат. Ал эми өздөрү [убактылуу өкмөт мүчөлөрү] менен сүйлөшөйүн десем, алардын сүйлөшкүлөрү жок. Мындайча айтканда, азыр биздин керегибиз жок болуп турат окшойт. Анан биз макул дедик, биздин керегибиз жок болсо, анда иштерди бизсиз эле бүтүрө беришсин.

- Эгер жаңы бийликтен сизге Кыргызстанга кел деген сунуш болсо кабыл аласызбы?

- Албетте кабыл алат элем. Бирок негизги маселе мында жаткан жок. Негизиги маселе - 2005-жылкы окуяга азыркы Убактылуу өкмөттө турган адамдардын түздөн түз тиешеси бар да. Анан ошол ачыкка чыгып калат деп булар коркуп жатат.

- Сиз 2005-жылдын 17-июнундагы окуяны айтып жатасызбы?

- Ооба, ушулардын тиешеси бар. Биринчи, ошолорду камашсын. Анан менин ишимди баштабайбы...

- Ага тиешелүү адамдар азыр Убактылуу өкмөттүн ичинде отурабы?

- Ооба, ошол Убактылуу өкмөттүн ичинде отурушпайбы. Баарын баштап, кылгылыкты кылып, мени мени четке кагып коюшту. Мен болсо беш жылдан бери баарын өз мойнума алып отурам. Бирок аны булар баалабай, тескерисинче, мени каралап отурушпайбы. Эми мейли, кудайым өзү калыстыгын көргөзөөр.

- Сиз азыр алардын аттарын атай аласызбы?

- Эми атасам, Убактылуу өкмөттө отургандардан Р.Отунбаева менен А.Бекназаровдон башка дээрлик бардыгы эле.

- Сиз атын атаган эки адамдан башка Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы окуяга тиешеси бар деп тастыктай аласызбы?

- Ооба, Ф.Кулов да бар. Бардыгы тең бар. "Мен эркектик кылайын, булардын баарын айтып отурганда эмне" деп чечкем. Бакиевдерден деле “кызмат берели, акча берели, болгонун болгондой айтып бер”, деген сунуш болгон. Мен болсо анын баарын өзүм жасадым деп, өз мойнума алып кете бердим.

2005-жылы биз К.Бакиевди шайлабагыла деп элге чыкканда, ушулардын баары мага каршы болгон. Алардын “пайгамбарлык” сөздөрүнүн жыйынтыгында сексен беш бала шейит, бир жарым миң адам жарадар болду, мамлекет тонолду, чачылды. Далай кыргыздар мекенине, жерине келе албай чет элде тентип жүрөт. Мына, жыйынтык ушул болду.

- Сиздин өз мекениңизге келүүгө ачылган кылмыш иштери тоскоол болуудабы?

- Жок, ал деле тоскоолдук эмес. Кыргыз элинин 7-апрелдеги төңкөрүшү бийликтегилер калыстыктан тайып, элдин энчисине кол салгандыгы үчүн болгон да. Кыргыз эли бийлик талашып, же так талашып төңкөрүш жасаган жок. Ал эми бийликке келгендердин жаман жоруктары кайра эле башталбадыбы. Талап-тоноолорду жөнөкөй эл жасаган жок, биринчи өздөрү баштап, анан калганы кошулуп кетти.

- Эгер алдыңызда эч кандай тоскоолдук болбосо анда эмне үчүн Кыргызстанга келбейсиз?

- Эми биринчиден, Гүлайым, өзүм уялып отурам. Интернет, гезиттердин бардыгында тең мына тигилердин [четтеги саясатчылар] бардыгы келатат, бийлик талашып жатат деп жазышты. Мен бийлик деле талашкан жокмун. 7-апрелден бери ушул жерде күтүп отурам, бийлик талашкандар барып өз “энчисин” алсын, анан өзүмчө элиме келейин деп отурам. Элимди сагындым, бийликтин деле кереги жок.

- 12-майдагы Бишкекте болгон митингдин артында сизди турат, сиздин каражат менен жактоочуларыңыз уюштуруп жатат деген маалымат айтылып жатат. Ушунун канчалык чындыгы бар?

- Мунун эч кандай чындыгы жок. Эгер биз чыксак чындыгында эле "мына, биз чыктык" деп айтат элек. 2005-жылы Бакиевдин бийлигине биз каршыбыз, биз чыктык деп эле айттык. Ошондо Р.Отунбаева, А.Бекназаров “К.Бакиев жакшы, бардыгыбыз жыргайбыз”, деп айтты эле. Бүгүнкү кырдаалга, элдин намысынын тебеленип-тепселишине К.Бакиевди алып келген адамдар күнөөлүү. Булардын көздөгөнү бийлик, ал эми элдин таламын талашууга эч кимдин оюу жок. Мунун баарын эл деле көрүп турат.

- Ош, Жалал-Абад аймагындагы окуяларды кандай баалайсыз?

- Негизинен туура, же туура эмес деп айта албайм. Өкмөттүкү да, тигилердики да туура эмес. Себеби бардыгында бир гана бийлик талашуу максаты бар. Элдин таламы адаттагыдай талаада калды.

- Сизди орусиялык Бахтияр Алиев деген аты бар, өзү көрүнбөгөн адам менен “тандем”, экөөнүн сүйлөгөн сөздөрү да окшош деген сөздөр бар. Мунун чындыгы барбы?

- Жок, мен ал баланы тааныбайт экемин. Өткөндө ал Н. Түлеевди колдоорун айтып, эл ынтымакка келе албай турганда, отко май куюп жиберди. Бүгүнкү күндөрдө Ош, Жалал-Абаддагы окуялар ошолордун колдоосу менен болуп жатат. Бул туура эмес. Саясатчы болом деген киши эл кооптуу абалда турганда мындай сөз айтпашы керек.

- Сиздин Н.Түлеев менен байланышыңыз барбы? Массалык башаламандыктардын артында Түлеев-Барыктабасов турат деген чынбы?

- Жок, ал балага деле тиешем жок. Мурун бир көргөм, андан кийин байланышым жок.

- Сиз жетектеген “Мекен Туу” партиясы алдыдагы парламенттик, президенттик шайлоого катышабы?

- Мен азыр катышабызбы-катышпайбызбы айта албайм. Эл менен кабарлашсам, алар катыш деп жатышат, өзүмдүн шайлоого катышкым келбей турат. Менден башка деле президент болом дегендер аябай көп болуп жатат. Анан мен элиме барып, өз колуман келген ишимди жасап, жардам көргөзсөм деген эле оюм бар.

Убактылуу өкмөт жетекчиси Р.Отунбаева 12-майда журналисттерге “Мекен Туу” партиясынын лидери, чет өлкөдө байырлаган ишкер Урмат Барыктабасов тууралуу мындай пикирин билдирген:

- Карап көрсөңүз, мына ошолордун [башаламандык уюштургандардын] арасында У.Барыктабасов жана анын кишилери бар дейт. Мен бул кишинин жасаганын, ойлорун жакшы түшүнбөй жатам. Аны К.Бакиевдин кишилери сотко тартты эле. Мына, азыр К.Бакиев жок, мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Биринчиден, ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ишти ачууга, соттон бошонууга аракет жасоо керек. Экинчиден, легитимдүү деген – эл кимге ишеним берсе, ошолор легитимдүү болуп саналат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG