Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Анжиян окуясына төрт жыл болду


Анжияндагы кыргындан кийин беш жүзгө жакын өзбек качкындары Кыргызстанга келип баш паанектешкен
Анжияндагы кыргындан кийин беш жүзгө жакын өзбек качкындары Кыргызстанга келип баш паанектешкен

Анжиян шаарында жүздөгөн адамдын каны төгүлгөн трагедиялуу окуяга бүгүн 4 жыл болду. Бул күндү укук коргоочулар Кыргызстанда да эскергени жатышканы жөнүндө “Ганди” коомунун башчысы Диана Макенбаева “Азаттыкка” айтып берди.

- Бүгүнкү иш чараны мазмуну кандай, максаты эмнеде?

- Бүгүн Анжиян окуясына 4 жыл болду. 13-майда 2005-жылы Өзбекстан тарабынан тынч митингге чыккан адамдар, анын ичинде аялдар, жаш балдар, кары-картаңдар аесуз атылган болчу. Бул окуя биздин оюбузча ар бир адамдын жүрөгүнө чоң кара так калтырды.


Ушул себептен бүгүн саат 13-00дө Өзбекстан элчилигинин астында ушул окуяга кайдыгер эмес жаштар, активисттер, укук коргоочулар келип эскерүү акциясына катышат. Катышуучулар Өзбекстандын элчилигинин астында гүлчамбар коюп, кара боо байлашат.

Өткөрүлгөн акциянын максаты ушундай кандуу окуялар дүйнөдө кайталанбашын каалоо. Бул эскерүү акциясынан кийин “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун офисине келип, “Атылган адамдар” деген фильмди көрүп, катышуучулар менен талкуулайбыз.

- Канча киши болжол менен катышат деп күтүлүп жатат?

- Биз чакырган боюнча 20дан ашык киши келет деп ойлойбуз. Анын ичинде укук коргоочулар да өздөрү катышабыз дешти. Эскерип турган абдан жакшы, бул биздин милдетибиз, келебиз деп ойлорун айтып кетишти.

- Диана айтсаңыз, Анжиян окуясы, албетте, бул Өзбекстанда болгон окуя. Бул Кыргызстан үчүн кандай сабак болушу мүмкүн?

- Анжиянда болсо да бизге катуу сабак болду. Анткени өкмөт тарабынан аесуз өзүнүн жарандарын атып, кыруу бул туура эмес. Бул эл аралык мыйзам чегинде да туура эмес.

Биздин өкмөт тарабында иштеген адамдар ушуну көрүп, тынч митинг же акцияга чыккан өзүнүн элин атып салуу, камоо же сабоо туура эмес экенин түшүнөт деп ойлойм. Ошондуктан биз эң биринчиден бул окуядан сабак алышыбыз керек.

- Эл аралык укук коргоо уюмдары, анын ичинде Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары, анын ичинде сиздер өнөктөш эсептелген “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо уюму иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата сиздердин иликтөөлөрдүн жыйынтыгы барбы ушул төрт жыл боюнча?

- Бул 2005-жылы болуп өткөн окуя да. Ошондон кийин эле биздин уюм мен айтып кеткендей эле, Ош жакка барып фильм тартышкан, качкындардын абалы кандай деп. Ошол фильмге карата биздин өкмөт өзүнчө кадамдарды жасаган. Азыр болсо жыл сайын укук коргоочулар жана башка бей өкмөт уюмдар тарабынан эскерүүлөрдү өткөрүп жатабыз.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG