Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Кыргыз жарандары Өзбекстанда эмне себептен кармалууда?


Оштогу кыргыз-өзбек чек ара тилкеси
Оштогу кыргыз-өзбек чек ара тилкеси

Канабад жана Анжиан шаарларында май айынын соңундагы окуялардан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасына көзөмөлдү күчөтүп, а түгүл жаап койгонго чейин барган эле. Бул арада бир канча кыргыз жараны “чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн” деген себеп менен Өзбекстанда кармалып калганы айтылууда. Бирок алар тууралуу азырга чейин так маалымат жок. Болжол менен акыркы бир жарым ай ичинде мындай себеп менен 10 чакты кыргыз жараны кармалган.

Өзбекстанда кармалып турган кыргыз жарандары негизинен түштүк аймактарынын, тактап айтканда Өзгөн, Араван, Кара-Суу жана Базар-Коргон райондорунун тургундары. Маалыматтарга караганда, алар Өзбекстандын Коргон-Төбө, Пахта-Абад, Анжиан аймактарындагы тергөө абактарында кармалып турат.
Мындай маалыматты кыргыз коомчулугунда биринчилерден болуп “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдырасулова айтып чыкты.

-Бизге 10го жакын кыргыз жарандарынын жакындары кат жүзүндө жана оозеки түрдө кайрылышты. Өзбекстанда канча кыргыз жараны кармалып турганы боюнча так маалыматты эч ким билбейт. Себеби Өзбекстанда эч себепсиз кармалгандардын тууган-уруктарына кабар бергендери бар, бербей дайынсыз жүргөндөрү бар. Канабаддагы окуядан кийин эки өлкөнүн ортосунда ушундай түшүнүксүз окуялар болууда.

Укук коргоочу ошол эле учурда Өзбекстанда кармалып турган беш кыргыз жараны боюнча так маалымат бар экенин кошумчалады.

Алардын бири - Өзгөндүн Ана-Кызыл айылынын тургуну, 31 жаштагы Убайдылла Миталипов. Аны 2-июнда кыргыз-өзбек чегинде жылкы издеп жүргөн жеринен өзбек чек арачылары кармап кеткен. Көргөнгөндөрдүн айтымында, "Ауди" үлгүсүндөгү автоунаа минген Убайдылла Миталипов чек арадагы кыштакка малдын дайынын сураштыруу үчүн барганда өзбек чек арачылары кармап, автоунаасыны менен кошо өздөрү тарапка алып кирип кетишкен.

Убайдылланын атасы Абдылда Миталипов уулу азыр Өзбекстандын Көргөн-Төбө районунда кармалып турганын, ошондон бери уулу менен бир жолу гана жолуктурганын, уулунун артынан эми күн сайын Өзбекстанга каттап калганын айтып зарлады:
Убайдылланын апасы Мукадам Пайизова

- Күндө барып келип атам Өзбекстанга. Барсам тергөөчү тездетебиз деген эле сөздү айтат, бирок ушуга чейин иштин дайыны жок. Мына бир жарым ай болуп кетти, мен биякта түтөп-түтөп кетип атпаймбы. Уулумду эч күнөөсүз эле кармап кеткен да, чек араны бузган эмес ал.

Абдылда Миталипов ошондой эле кошуна өлкөдөн уулун бошотуп берүүгө жардам сурап, айыл өкмөттөн тарта президент Бакиевге чейин кайрылганын, бирок андан эч натыйжа болбой жатканын айтат:

- Документтерди ырастап, тиешелүү жерлердин баарына, өзүбүздүн айыл өкмөт башчыдан баштап президентибизге чейин кайрылдым. Эч бир кабар жок. Эмне кылышымды да билбей калдым эми...

Буга чейин Убайдылла Миталиповдун ишин өзбек соту 2-июлда караары кабарланган эле. Бирок белгисиз себептен улам ишти кароо дагы кийинкиге жылдырылды.

Өзбекстанда кармалган кыргыз жарандары боюнча алардын жакындары тарабынан Кыргызстандын тиешелүү кызматтарына жана өлкө жетекчилигине да кайрылуулар болгон. Мындай кайрылууну “Кылым шамы” уюму да жолдоду.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов кармалган жарандарга байланыштуу маселелер 26-июнда Кыргызстан менен Өзбекстандын күч структураларынын жетекчилеринин Оштогу жыйынында да талкууланганын жана маселени чечүүгө жол ачылганын буга чейин “Азаттыкка” билдирген эле. Бирок андан бери да бул маселеде жылыш болгону байкалбайт.

Кыргыз тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айым Кулукеева болсо Өзбекстанда кармалып турган кыргыз жарандары боюнча маалыматтар иликтенип жатканын билдирди.

- Бул маселенин үстүндө биздин өкүлдөр, элчиликтер дипломатиялык каналдар аркылуу иштеп жатышат.

ТИМдин өкүлүнүн айтымында, бирок азырынча кошуна өлкөдө канча кыргыз жараны кармалып турганы жана алар эмне себептен кармалганы тууралуу так маалымат жок.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова болсо өзбек абактарында кармалып турган кыргыз жарандары ар кандай кыйноолорго кабылышы мүмкүндүгүн, аларды бошотуп алуу боюнча мамлекеттик деңгээлде чукул чаралар көрүлүшү зарылдыгын белгилейт.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG