Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Кыргыз-өзбек чегиндеги Кара-Суу чек ара бекети жабылды


Кара-Суу чек ара бекети, 3-март, 2010-жыл
Кара-Суу чек ара бекети, 3-март, 2010-жыл

1-марттан тарта кыргыз-өзбек чегиндеги Кара-Суу чек ара бекети толук жабылды. Кыргыз чек ара кызматы муну Өзбекстан аталган бекет аркылуу элдин аз өтүп жаткандыгына байланыштыргандыгын билдирди.

Кара-Суу районунун аймагында жайланышкан Кара-Суу чек ара бекети толук жабылганын «Азаттыкка» кабарлаган Кыргыз чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков мындай чечим Өзбекстан тарап менен макулдашылып кабыл алынгандыгын кошумчалады. Анын ырасташынча, Өзбек чек ара кызматы он беш күн мурда расмий кайрылуу жөнөтүп, бекеттин жабылышын ал аркылуу элдин абдан аз өтүп жаткандыгы менен түшүндүргөн

"Достук" чек ара бекетин айланып өтүп азапка кабылдык, Билбейм, минтип отурсак каякка барабыз?
Анткени менен жергиликтүү тургундар мындай бүтүмгө макул эмес. Алардын оюнча, Кара-Суу бекетин жабууда чек ара кызматтары аймакта жашаган калктын суроо-талабын эске албагандыгы өкүнүчтүү.

- Бажы кызматкерлеринин эсебинде күн сайын беш-он миң киши өтүп турчу Кара-Суу бекети бир ай мурда эле жабылган. Ошондон бери тээтигил «Достук» чек ара бекетин айланып өтүп, азапка кабылдык. «Достукта» да күндөп-түндөп кезекте турасың. Ансыз деле ары-бери каттаганда өзбек чек арачылары паспортторубузга мөөр баса берип, толтуруп бүтүштү. Билишимче, эки мамлекеттин жарандары үч айга дейре бири-биринин аймагында ээн-эркин жүрүүгө акылуу экен. Бирок ал макулдашууну да аткарбай жатышпайбы. Билбейм, ушинтип олтуруп, биз эми каякка барабыз? - деп тызылдады Кара-Суу районунун тургуну Исраилжан Худайбердиев.
Кара-Суу шардык кеңешинин депутаты Зиядин Юсупов

Жердештеринин нааразычылыгын Кара-Суу шардык Кеңешинин депутаты Зиядин Юсупов мындайча туюндурду:

- Илгертен бири-бирибизге карындаш-урук элбиз. Кыз алышып, уул үйлөгөнбүз. Мындан тышкары Фергана өрөөнүндөгү эң чоң Кара-Суу базарында эки мамлекеттин жүздөгөн кишилери тиричилик кылат. Аталган бекет жабылгандан бери катташуубуз кыйындады. Соода-сатык солгундады. Ошондуктан, Бакиевден баштап бүтүндөй Өкмөттөн суранабыз, Өзбекстан менен сүйлөшүп, алардын тилин таап, бекетти калыбына келтирүү абзел!

Зиядин Юсупов ошондой эле Өзбекстан менен акылдашып, чек ара бекеттеринин саны дагы көбөйтүлсө, элдин түйшүгү жеңилдей тургандыгын, эки тараптуу чыр-чатактар азаярын белгиледи.

Ал эми Өзбекстандын жараны Гүлмира аттуу келиндин айтымында, ал шартка жараша аргасыздан Кыргызстанда калып, Кара-Суу базарында эмгектенүүдө. Аталган бекеттин жабылышы өзбекстандык, ошондой эле кыргызстандык ишкерлерге катуу сокку уруп жаткан чагы.

- Товарларды алып өтө албай өтө кыйналып атабыз. Жол жабык. Аны айланып мыйзамсыз өткөн адамдарды атып ташташууда. Ошондуктан, ач курсактан – тынч кулак деп каттабай калышты. Анын айынан товарлар баасы көтөрүлүп, Ошто кымбатчылык.

Гүлмира айткандай, Кара-Суу базарында тиричилик кылгандардын басымдуулугу маселени чукул арада чечүүнү эки мамлекеттин башчысынан талап кылышууда.
Өзбекстан менен Кыргызстанды бөлүп турган Шааркан-Сай дарыясы
Азыр жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Үч-төрт бекет кайра ачылып калышы мүмкүн...

Ошол эле учурда Кара-Суу районунун акими Байыш Юсупов маалымдашынча, Кара-Суу чек ара бекетин калыбына келтирүү маселеси мамлекеттер аралык деңгээлде сүйлөшүлүүдө.

- Жашырганда не, бир айдан бери «Достуктан» башка чегара бекеттери жабылды. Эл тынбай бизге жана губернаторго кайрылып жатат. Чындыгында, жергиликтүү калк абдан кыйналды. Азыр жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Кудай буюрса, сөз болуп атат үч-төрт бекет кайрадан ачылат. Албетте, аны ачпаса болбой калды.

Ошентип, кыргыз чек ара кызматы бышыктагандай, жергиликтүү тургундар Өзбекстанга жана Кыргызстанга Ош шаарына жакын жайланышкан «Достук» чек ара бекети аркылуу гана катташууда. Араван районундагы чек ара бекети да Өзбекстан тараптын демилгеси менен кыйла жыл мурда жабылган.

XS
SM
MD
LG