Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Өзбекстан Сохтон аскердик оор техникаларын чыгара баштады


Убактылуу өкмөт төрайымынын түштүк аймагы боюнча өкүлү, генерал Исмаил Исаков (ортодо) жана Чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов (оң жактан биринчи) чек арадагы чыр чыккан жерде. Баткен, 2-июнь.
Убактылуу өкмөт төрайымынын түштүк аймагы боюнча өкүлү, генерал Исмаил Исаков (ортодо) жана Чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов (оң жактан биринчи) чек арадагы чыр чыккан жерде. Баткен, 2-июнь.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында чыңалган кырдаал кыйла жеңилдеп, татаалдашкан маселелер четинен чечиле баштады. Кыргыз тарап бүгүн жолду ачып, Өзбекстан Сох анклавынан аскердик оор техникаларын, киргизилген кошумча күчтөрүн чыгарып кете баштады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнүн кечээки жолугушуусунан кийин бир жумага созулган чек арадагы тирешүүлөр бир аз басаңдай баштады. 1-июнда түн жарымга чейин созулган эки өлкө өкүлдөрүнүн жолугушуусунда аймактагы чек ара көйгөйлөрү каралып, тараптар анда Сох анклавындагы өзбек тараптын бир топ жылдан бери турган согуштук оор техникаларын алып чыгып кетүүгө жана кошумча орноткон чек арадагы көзөмөл бекеттерин алууга, Сох анклавынан өтүүдө жарандар үчүн жеңилдетилген текшерүүнү калыптандырууга макулдашкан.

Бүгүн Баткенге келген Убактылуу өкмөт төрайымынын түштүк аймагы боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Баткендин чек арадагы Согмент жана Чарбак айылдарында болуп, жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн укту.

Анда Согмент айылынын тургуну Жолдош аксакал бул жерге чек ара бөлүкчөсүн ачып берүүнү суранды:

- Ушул жерге бизге күчтүүрөк чек ара бөлүгүн ачып берсеңиз. Жигиттерди алып келип койсоңуз, булар бизди коргобосо бизди эч ким коргой албайт. Бул азыр биздин негизги маселебиз. Ушул жерде канча адамдарыбыз кошуна тараптан токмок жеди. Аларга кыр көрсөтүп, уруп-сабагандар эми мыйзам чегинде жазасын алыш керек. Эгер соттолбой жүрө берсе, эртең чыр-чатак кайра боло берет.

Генерал Исмаил Исаков мындай өтүнүчкө аймакка чек ара бөлүкчөсүн ачып берүүнү жана Сох анклавын айланып өтүүчү Айгүл-Таш - Согмент жолун оңдоп-түзөө үчүн Убактылуу өкмөттөн каражат бөлдүрүүнү колго алаарын жооп кылды:

- Эл менен жолуктук, элдин маанайы аябай жакшы биз келип кабар алып жатканыбызга. Көпчүлүк бул жерде чек ара бекетин ачыш керек дешти, аны биз көрүп келдик, Кудай кааласа аны чечебиз. Андан башка жол маселеси да чечилет. Азыр биз келген жолду дагы кеңейткенге, өзүбүздүн жарандар кыйналбай Кыргызстандын аймагынан өткөнгө шарт түзүп беришибиз керек. Анча-мынча каражат бар, аны өкмөт толук колдоп берет деген менде ишеним бар. Аны да чечебиз. Ошентип бүгүнкү келген максат толугу менен ишке ашты.

Ал эми облус губернатору Султан Айжигитов өзбек тарап менен жетишилген келишимдердин толук аткарылышы үчүн 1-2 күн убакыт керектигин, ал эми бүгүн болсо келишимдин алды аткарыла баштаганын айтты:

- Биринчиден, Өзбекстан Сохтон куралдуу күчтөрүн чыгарып атат. Экинчиден, суу түтүктөрүн оңдой баштайт, анан кийин биз сууну беребиз. Булар эркин транзит жолдорун ачат. Мындайча айтканда баары бирдей башталып атат. Бүгүн башталышы бар, 2-3 күндө калыбына келип калат деп ойлойм.

Ошол эле учурда мындай эки тараптуу келишимдин толук аткарылышына күмөн санагандар да жок эмес. Маселен, баткендик серепчи Базарбай Масейитов акыркы кыргыз-өзбек келишим эки тарапка тең, айрыкча калк үчүн өтө пайдалуу болгонун менен анын аткарылуусуна элдин көпчүлүгү анча ишенбей турганын айтат:

- Буга чейин да Өзбекстан менен Кыргызстан көптөгөн келишимдерге кол койгон. Ошолордун көбү аткарылган эмес. Ошондуктан элдер бул келишимге да анча ишенбей атат. Бирок биз ойлойбуз, кечээки кабыл алынган келишимдер ишке ашып, бүгүндөн баштап өзүнүн жемишин берет деп. Эгерде ушул келишим аткарылып, ишке кирсе Кыргызстандын да, Өзбекстандын да эли үчүн чоң пайда алып келмек деп ойлойм.

Баткендин Согмент айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын элинин ортосунда 26-майда чыр чыгып, ага жайыт талаш себеп болгону айтылган. Ошентип чатак ырбап кетип, Баткен облусунун тургундары Сох анклавы аркылуу каттай алышпай калган. Облус калкынын ары-бери каттоосу негизинен Сохту кесип өткөн Баткен - Ош жолу аркылуу болгондуктан эл бир топ эле кыйынчылыкка тушугуп, начар абалдагы айланма жолдор аркылуу каттоого аргасыз болушту. Баткендин Чарбак айылы болсо өзбек айылдарынын курчоосунда калды.

Акыры кыргыз тарап анклавды Өзбекстан менен байланыштырган жолду жапкан соң гана кошуналар сүйлөшүүгө келген.

Баткен: чек арада курчуган кырдаал жеңилдеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

XS
SM
MD
LG