Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:29

Жалал-Абад: чектиктер айылын таштап кетүүдө


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чек айылында жашаган кыргыз жарандары үйлөрүн бузуп, айылдан чыгып кетишүүдө.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чек айылында жашаган кыргыз жарандары үйлөрүн бузуп, айылдан чыгып кетишүүдө.

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы Чек айылында жашаган элдин көчүп кетүүсүн талап кылып, убакыт чектеди. Айыл коңшу мамлекетке кандайча өтүп кеткенинен кабарсыз кыргыз жарандары үй-жайын бузуп кетүүгө мажбур болушууда.

Ноокен районундагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Чек айылындагы үй-жайларды бузуп, курулуш жабдыктарын кыштактын кыргыз тарабына көчүрүү иши уланууда. Кыргыз жарандары бузулган үйлөрүнүн курулушка жарактуу эмеректерин туугандарыныкына, башкалары райондун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу аймактан турак-жай үчүн бөлүнгөн 8 сотых жайдак жерлерине ташып жатышат. Анткени өткөн айдын соңунда Өзбекстандын Анжиян облусунун Пахта-Абад районунун акими келип, айылдагыларды 6 күндүн ичинде каалаган жагына көчүүнү, болбосо кыргыз жана өзбек тарапка караган айылды туташтырган көпүрө биротоло бузулуп, бийиктиги 6 метр дубал тосмо курулаарын эскерткен.
Чек айылындагы кыргыз жарандары үйүн бузуп жатат.

156 кыргыз жараны жана 40 кожолуктан турган өзбек жарандары жашаган айылды чек араларды аныктоочу өкмөттөр аралык эки тараптуу комиссия делимитациядан өткөргөнү айтылып жүрөт. Бирок келишим расмий түрдө ратификация боло элек.

Айыл тургуну Манап Бөжөев үчүн эки өлкө жетекчилери кол коё электе, тагыраагы демаркация боло электе кыштактагыларды көчүүгө мажбурлаган өзбек тараптын мындай шашылыш аракеттери түшүнүксүз:

- Эми эскертүү берип, убакыт чектеп кеткен соң бул жерден чыгып кетпегенден башка айла калбады. Үйлөрүбүз бузулса талаада калабыз. Анын үстүнө эки ортодо чыр-чатак чыгып кетеби деген коркунучтар да жок эмес. Ошондуктан эми тынч эле чыгып кетели деген чечимге келдик.

Манап Бөжөевдин кошунасы Айымса Мурзакулова өзбек бийликтери тезирээк көчкүлө деп кысымга алганына нааразы. Аны уул-кыздары менен бузулган үйдүн чопо кыштарын терип, автоунаага жүктөөгө даярдап турганда кепке тарттык:
Чектиктер бузулган там-ташын ташууда.

- Өзбек бийликтери кысымга алганы ушу да, “алты күн ичинде үйүңөрдү бузуп чыгып кеткиле” деп зордогонунан үйүбүздү минтип бузуп койдук. Эми кайра үй тургузганга каражат жок, баш паанасыз көчөдө калып отурабыз. Ээн талаага көчүп атабыз азыр, жок дегенде чатыр беришсин бизге...

Айылдын дагы бир тургуну Мансурбек Асанов кыргыз бийликтерине өктөөсүн жашырган жок:

- Кышка да аз эле убакыт калды, үй-жайыбыз жок эми каякка барабыз. Кыргыз бийлиги жардам береби бизге эми?..

Ошол эле учурда өзбек тарап кыштакта турган өз жарандарынын көчүүсү жана турак-жай куруусу үчүн акча жана зарыл курулуш материалдары менен камсыз болоорун угузган.
Чек айылын бөлгөн көпүрө.

Бүгүнкү күнгө дейре кыштакта жашаган 24 үй-бүло (156 адамдын) кыргыз жарандарынын 21и үйлөрүн бузуп, курулушка жарактуу жабдыктарын Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагына ташып өтүүгө үлгүрдү. Кол күчү жетишпеген калган үй-бүлө там-ташын бузууга чамасы жетпей жатат.

Чектиктер көчүп чыккан талаада жашоого шарт жок. Эски шыйпырлардан жасалган кепеде олтурган Турсунхан Мамадалиева электр жарыгы, таза суу, дарыгерлер жоктугун айтат. Үй-жайларын толук буза электер үчүн мөөнөт узартууга Өзбекстандын Пахта-Абад районунун акими менен сүйлөшүү жүрөөрү күтүлүүдө.

Ноокен районунун акими Нурбек Мурашев чектиктердин талабын өлкө президенти менен облус губернаторуна билдирген. Ал турак- жайга муктаж адамдардын курулуш жабдыктарына насыя акча бөлдүрүү жагын өкмөткө коюу жагын ойлоп турганын айтты:
Көчүп чыккан чектиктер жайгашкан жер.

- 1955-жылкы картада бул жер негедир Өзбекстанга кирип калган экен. Азыр эми бул айылдан чыккан жарандарыбызга 8 сотыхтан жер бердик. Облус жетекчиси менен сүйлөштүм, ал азырынча цементтен жардам берип туралы деп атат. Президентибиз Роза Отунбаевага да кат аркылуу кайрылдык.


Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Чек айылынын тургундары өткөн жылдын апрель айынан тарта өзбек тараптын ар кандай кысымына кабыла баштаган. Мындай кысмактоолордун акыры минтип тургундарды көчүрүү талабы менен аяктоодо. Ошол эле учурда Өзбекстан чек арадагы бул айылдан өзүнүн жарандарын да көчүрүп кетүүдө.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG