Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын жапты


Оштогу "Достук" чек ара бекети. 29-август, 2009-жыл.
Оштогу "Достук" чек ара бекети. 29-август, 2009-жыл.

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын 27-августтан 10-сентябрга дейре жапканын оозеки эскертип, себебин эмдигиче расмий түрдө түшүндүрө элек.

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын он үч күнгө бир тараптуу жапкандыгын кыргыз тарапка оозеки гана эскертти.

- Өзбек чек арачыларынын оозеки айткандарына караганда, алар чек арасын 27-августтан 10-сентябрга дейре жабабыз деп кыйытышкан. Өзү жылда мынчалык мөөнөткө катташуу токточу эмес. Быйыл эмне үчүн минтишкендигинин себебин ачыкташпады. Телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө, коңшулар жазуу түрүндө кабар таратабыз дешкен. Тилекке каршы, ушул убакка чейин алакандай кат ала элекпиз, - деп билдирди түштүк чек ара көзөмөл отрядынын зардалы Анарбай Келдибаев.

Ал аралыкта айрым массалык маалымат каражаттары Кыргыз чек ара кызматына шилтеме жасап, мындай чечим Өзбекстандын эгемендүүлүк майрамын жана Ташкен шааарынын 2200 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу кабыл алынгандыгын жарыя кылышты. Ошого улай өлкөнүн күнкорсуздугу күнүнө ылайык Кыргыз чек арачылары да 28-августтан 2-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүлдү.

Буга байланыштуу полковник Анарбай Келдибаев төмөнкүлөрдү кошумчалады:

- Себеби террористтик уюмдар, ошондой эле башка кылмыштуу топтор дал ушул майрам күндөрү элдин бейпилдигин бузууга далалат кылышат.

Өзбекстандын чек араны бир тараптуу жана узак мөөнөткө жапкандыгы өзүнүн жарандарына бир топ ыңгайсыздыкты жаратты. Маселен өздөрүнүн дыйкандары жыйналган түшүмүн сапатын жогото электе коңшу өлкөлөрдүн базарларында сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Ал эми Кыргызстанда тиричилик кылган жүздөгөн өзбекстандык майда ишкерлер киргизилген режимдин шартына ылайык мекенине кайтууга аргасыз болушту.

Ушундай пикирди кармангандардын бири - Өзбекстан жараны Дүрдана кепке мындайча аралашты:

- Жер-жемиш, жашылчалар бүт Өзбекстандан ташылат. Учурда жолдор жабык. Товарларыбызды өткөрө албай өтө кыйналып жаткан чагыбыз. Мурдагыдай айланма жолго салгандарды суроо-сопкутсуз атып ташташууда. Ошон үчүн эч ким андай жолдорго баспай калды. Ошентип, Кыргызстанда, анын ичинде Ошто кымбатчылык өкүм сүрүүдө.

Дүрдана жанынан корккон мекендештери мурдагыдай ууру жолдор менен да каттабай калгандыгын айтып, Ташкен бийлиги коңшулар менен мамилени ашкере катаалдатпай, тескерисинче, маселени чукул арада жөнгө салбаса, карапайым калк өтө кыйналып калгандыгын эскертти.

Мындай ойго Кыргызстанга караштуу Кара-Суу районунун тургуну Жахангир да кошулду:

- Чек ара тилкесинде зордук-зомбулук коштогон окуялар көп кайталанууда. Жакында Кыргызстандын Сүрөө-Таш кыштагына Өзбекстандын төрт аскери кирип, бир жердешибизди себепсиз өлөөрчө сабап ташташты. Тууган-уруктары, айылдаштары жалдыраганына карабастан, жаралуу жигитти жүктөп барып, Анжиян ооруканасына жаткырып коюшту. Мекендешибиздин кийинки тагдыры туурасында Өзбекстан эч нерсе дей элек.

Карасуулук Жахангир чек аранын он үч күнгө жабылышы Өзбекстанга каттаган айрым кыргыз соодагерлерин да түйшүккө салгандыгын ачыктады.

Ошол эле учурда жергиликтүү серепчилер чек ара көйгөйүнөн эки өлкөнүн жергиликтүү калкы гана зыян тартып, а түгүл базарларда кымбатчылык өкүм сүрөөрүн болжолдошууда.

Мындай чочулоого негиз бардыгын Кыргыз чек ара кызматынын өкүлү да ырастады.

- Чындыгында, элди кыйнабай, эки тараптуу өткөрүүгө Өзбекстан тараптан уруксат жок. Мунун айынан көбүнчө Өзбекстандан Кыргызстанга өтүп тиричилик кылгандарга кыйынчылык туулууда. Чочулаганабыз: коңшу өлкөнүн Анжиян жана Фергана облустарынан биз тарапка мөмө-жемиштер жана жашылчалар керектүү өлчөмдө ташылбай калса, анда эле Оштун базарларында ар түрдүү азыктар дароо кымбатташы күтүлөт, - деп коңгуроо какты түштүк чек ара көзөмөл отрядынын зардалы Анарбай Келдибаев «Азаттыкка» курган маегинде.

Адистердин туюмунда, Өзбекстан май айында болгон Ханабаддагы жана Анжияндагы жардыруулардан кийин катуу чочулап, коңшуларына да ишенбей калгандай. Ошондон улам улуттук майрам учурунда террористтик жана экстремисттик аракеттерди алдын алуу максатында Кыргызстан менен чек арасын убактылуу жапкан сыяктанат. Бирок талдоочулардын пикиринче, президент Ислам Каримовдун көздөгөнү башкада болушу мүмкүн. Анткени, быйыл 31-июлда Чолпон-Ата шаарында орус-кыргыз президенттеринин макулдашууусуна ылайык, Кыргызстандын түштүгүнө Орусиянын аскер күчтөрүн жайгаштыруу келишимин расмий Ташкен колдогон эмес. Өзбек тышкы иштер министрлиги мындай база Борбор Азиядагы үч мамлекет жайланышкан Фергана өрөөнүндө улуттар аралык каршылашууга, болочокто аймактагы кырдаалды ырбаткан радикалдык-экстремисттик күчтөрдүн баш көтөрүшүнө алып келет деп билдирүү тараткан.

XS
SM
MD
LG