Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Кыргыз-өзбек чегиндеги абал курчушуна эмне себеп?


Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын өткөн айдын этегинде жапкан бойдон ача элек.
Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын өткөн айдын этегинде жапкан бойдон ача элек.

Кыргыз-өзбек чегиндеги кырдаал жана бул эки өлкөнүн мамилеси тууралуу суроолорго көз карандысыз эксперт Кубан Өмүралиев жооп берди.

- Кубан мырза, Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскер базасын жайгаштырууга Өзбекстан тарап каршы пикирин билдирип чыкпадыбы. Сиздин оюңузча, алардын мындай тынчсыздануусуна эмне себеп болууда?

- Биринчиден, өзүңүздөргө маалым болгондой, августтун аягында Өзбекстан мамлекети расмий түрдө тышкы иштер министри аркылуу нота жиберип, өзүнүн каршылыгын билдирди. Мен анын себебин бир нерседен көрөм, ар кандай саясат таануучу, эксперттер айтып жүрбөйбү, америкалыктардын тиешеси бар, же болбосо Өзбекстан келечекте базадан өзүнө кандайдыр бир коркунуч көрөт деп. Бирок 1999-жылдагы Баткен окуясын, же болбосо акыркы мезгилдеги эле Фергана өрөөнүндөгү терроризм, экстремизмдин тегерегинде болуп аткан окуяларды эстесек менимче, Өзбекстан мындан чочулабаш керек эле. Ошол себептен алардын өзүнүн билгени бар болуш керек бул базанын максаты тууралуу.

Экинчиден, Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирет эмеспи. Менимче, ушул уюмдун алкагында сүйлөшүү болгондо мындай нерсе болбойт эле. Эки тараптуу сүйлөшүүдө ошолорду бир аз маалымдап койгондо мындай болбойт эле. Себеби андан бир аз өтпөй эле ЖККУнун баш катчысы Николай Бардюжа ушул боюнча өзүнүн комментарийин бербедиби, ЖККУнун алкагында боло турган база тууралуу өзүнчө сүйлөшүү, макулдашуулар болот деп.

- Ошол эле учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы маселе күн өткөн сайын татаалдашып бараткандай. Коңшу өлкө менен жалпы мамилеге кандай баа бересиз?

- Биринчиден, чек ара аймагында жашаган жөнөкөй элибиз күндө эле ушул маселе менен бетме-бет кагылышып атпайбы. Мына сиздердин “Азаттык” үналгысы, же башка ММКлар аркылуу деле аны көрүп, угуп жатабыз. Менимче, маселенин эң биринчи себеби - эмдигиче чек ара маселесинин чечилбеши. Бир канча жыл болсо да бул маселеге мамлекеттик деңгээлде жакшы көңүл бурулбагандыктан деп ойлойм.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG