Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Ардагерлер дары-дармек акысыз болушун каалашат


Согуштун ардагерлери алган пенсияларынын басымдуу бөлүгүн дары-дармектерге жумшашат. Анткени карылыктын туткунунда калган ардагерлер ден соолук үчүн күрөшүүгө аргасыз. Бүгүнкү күндө орточо 1600 сом пенсия жана мамлекет тарабынан каралган айрым жеңилдиктер алардын керектөөсүн толугу менен жаба албайт. Ошондуктан алар өкмөттөн бекер дары-дармек менен камсыздоо жардамын күтүп келишет.


Согуштун ардагери Солтонбек ата быйыл 64-жолку Жеңиш майрамынын күбөсү болгону турат. Ал 1941-жылдан 1946-жылга чейин согуш майданында душман менен күрөшүп, тууган жерине жеңиш менен кайткан. Андан соң эмгек жолун улап, филармонияда эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Азыр ал 3 миң сомдун тегерегинде пенсия жана мамлекеттик жеңилдиктерди алып турат.

Солтонбек ата азыркы оор турмушта мамлекеттин мындай камордугуна да тобо кылаарын айтат:

- Мамлекетте болсо кантип эле бизден аясын. Мындай жеңилдиктер да болбой калса кантээр элек. Эми акырындап болоор.

Жакында Солтонбек ата инсульт болуп, ооруканага жатып чыгыптыр. Анын айтымында, кары адамдар акчаны ашыкча деле корото беришпейт. Бирок ден соолукка келгенде эле мамлекет берген акчанын аз экендиги көзго көрүнө калат экен:

- Бизге мамлекет дары-дармектерге деп 800 сом компенсация берет. Бирок мен ооруп жатканда 1 эле кичинекей дарыны 800 сомго алып жаттык. Анан карылык деген ушундай экен. Кайра-кайра эле бирдемеси чыгып, ооруй берет экенсин. Бизге көптүн деле кереги жок. Алган акчабыз ошол дары-дармегибизге жетсе эле болмок. Жок дегенде алган пенсиябыз 5 миң сом болсо жакшы болоор эле.

Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Эсенаман Жолоновдун айтымында, пенсиялар жыл сайын жогорулатылгандай болгону менен ага жараша жашоо да кымбаттап жатат. Жок дегенде дары-дармектер акысыз болсо, ардагерлерге бул чоң жардам болмок:

- Согуштун, тылдын ардагерлерине акчалай компенсациясы жок эле, дарыларды бекер эле кылып койсо деген тилек бар. Ошол маселени көтөрүп жатабыз. Аны президент, парламент карап көрөт го. Маселе чечилеби, чечилбейби билбейбиз. Бирок үмүт бар.

Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, ардагерлерге каралган жеңилдиктер бүгүнкү күндө жетишээрлик. Жогоруда аталган жеңилдиктерден тышкары, ардагерлердин эс алуусу үчүн жолдомолор берилет. Эгер ардагерлер эс алууга бара албаса 11 миң сом өлчөмүндө жолдомонун акчасы убагында берилип турат. Анан аларга каралган жеңилдиктерди акчага айландырса, ал болжол менен 5 миң сомго жетет. Бул минималдык керектөө бюджетинен ашыгыраак болуп калат.

Ал эми социалдык жаткан коргоо министри Назгүл Ташбаева дары-дармек маселесин келечекте карап көрүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилейт:

- Биз бул меселени саламаттыкты сактоо министрлиги менен карап көрсөк болот. Бирок бизде азыр мыйзам боюнча акысыз медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Алар ооруканадан акысыз дарылана алышат. Ага кошумча медикаменттерге компенсация бар. Ал эми акысыз дары-дармек менен камсыз кылуу меселеси бюджеттин каржылык мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу.

Быйыл Кыргызстанда 4 миң согуштун ардагери, 12 миң тылдын ардагерлери Улуу Жеңиш күнүн тосуп жатышат. Былтыр согуш ардагерлеринин саны 5 жарым миң болчу.

Быйыл ардагерлерге майрамдын алкагында жөлөк пул берүү үчүн 25,1 миллион сом каражат бөлүндү.

Тасмада: 80 жаштагы Алимахан Айтбаева Улуу Ата Мекендик согушта Бишкек шаарында тылда болгон. Алимахан апа кийим-кечени, тамак-ашты согуштагы аскерлерге жөнөтүп турган. MiT.

1941-1945-ж.ж. Эскерүү...
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG